• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Матисаков: Маршруттук таксилердин айдоочулары ишке чыга баштады

Автор:ruh_admin

Апр 3, 2018

Бишкек шаары. 2-апрель, 2018-жыл.
Бишкек шаары. 2-апрель, 2018-жыл.

— Эртеден бери ар бирине барып, чыгарып атабыз. Азыр айдоочулардын 20-30 пайызы ишке чыкты. Дагы чыгып атышат. Биз таңкы саат 5тен бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрөбүз. №200 маршрутта иштегендердин алды Беш-Күңгөйдөн Кызыл-Аскерге жетип калды. №212 маршруттун айдоочулары да экинчи рейске өтүп калганын айтышты. Бири-бирин карап, чоочулап турган айдоочуларды да бирден отургузуп чыгарып атабыз. Буюрса, кыймыл башталды. Азыр бири-бирин карап аңдып турушат да. Алды кетти, эми калгандары да чыгат. Баары акча иштегиси келет, элди кыйнагысы келбейт.

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу, айып пулдун көлөмүн азайтуу жана тарифти көтөрүү талабы менен 2-апрелде иш таштаган. Башкалаада бирин-экин гана маршруттук таксилер жүрүп, автобус-троллейбустар гана иштегендиктен, аларга эл батпай, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөр көбөйдү. Көчөлөрдө узакка созулган тыгындар пайда болду.

Мэрия айдоочулардын талабы аткарылбай турганын, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иш таштоо токтотулаарын билдирген. Шаардыктар ушу тапта маршруттук таксилер кечээгидей таптакыр жок болбой, аз болсо да каттап жатканын кабарлап жатышат. (NT)

https://www.azattyk.org/a/29141294.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс