Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / КӨК-ТАШТЫК ОЙЛОП ТАБУУЧУ

КӨК-ТАШТЫК ОЙЛОП ТАБУУЧУ

“Эл ичи — өнөр кенчи” демекчи, калк арасында канчалаган таланттар аламанга таанылбай жүрөт десек жаңылбайбыз. Табиятынан таланттуу, техникага жакын инсандардын бири – Лейлек жергесинин Көк-Таш айылынын тургуну Турдубаев Абдуманнан ава өзүнүн ойлоп табуучулук жөндөм-шыгы менен айылдаштарынын арасында көп жылдардан бери таанымал.
Сиздер сүрөттөн көрүп турган мини-тракторду Абдуманнан ава өзү ойлоп таап, ар кандай техникалардын тетиктеринен чогулткан. Күйүүчү майды аз жеген, чакан айыл-чарба техникасы менен өзүнүн чарба жумуштарын эле бүткөрбөстөн, айылдаштарына да жакындан жардам берип, ажатын ачып келет.
Бул мини-трактордун аткарган жумуштары: тележка тартат, жер айдайт, культивация жасайт, жөөк салат, чөп орот, орулган чөптү жыйнайт, кыскасы – кожолукка керектүү жумуштардын баарын тыпылдап жасайт.
Мындан сырткары аксакалдын алтын колунан чыккан дан тазалагыч, бардык функцияларды аткарган мотоблок, кыш чыгаруучу станок, бетон аралаштыргыч, иштетилген машине майы менен жануучу меш (печка) да айылдыктарга кызматк ылып келет. Булардан сырткары атасынан табериктеп калган жыгач жана темир устачылык менен да узанып, ээр чабат, эшик-терезе жасайт. Ал эми Абдуманнан аванын таш тегирмени азыр да иштеп, көк-таштыктардын буудай унун, жемин тартып берет.
Айылдык ойлоп табуучу аксакалдын алдына койгон максаттары али арбын. Үй жана айыл-чарба жумуштарына керектелүүчү тетиктер менен механизмдердин башка түрлөрүн да жасасам, ошону менен күндөлүк жердештеринин турмушун жеңилдетсем деген изги ой, илгери үмүттөрү көп. Ийгилик каалайбыз.

Абдиллабек АВАЗОВ.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс