• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Коррупциянын сасык жыты «бур» деп тургансыйт

Автор:ruh_admin

Апр 2, 2018

Мен 13 жылдан бери маршруттук такси айдаган киши менен чын дилден сүйлөштүм.

Маселенин баары коррупцияда экен. Жүргүнчүлөр токтоого мүмкүн эмес жерден токтот деп кыйкырышат дейт. Токтотпосоң жаңжал салат. Токтотсоң ГАИ кармап, 1000 сом штраф салат. Албай кетип калсаң, атаандашың салып кетет.

Мурун ГАИлер 100 сом алып, койо берчү экен, азыр 100 сом берсең, ошол 100 сом менен бетиңе чабат дейт. Ставка 200 сом болуп калыптыр.

Страховка делген акча мамлекетке эмес, бир ОсООго чогулат экен. Шаарда 4 000 маршрутка бар. Ошондо бир айда 600 000 сом страховкадан чогулат. Ал жүргүнчүнүн страховасы экен. Маршрутканын ичинде баратып жүргүнчү кокустаса, ошого ОсОО страховка төлөп бериш керек болот экен. Бирок аны алуу мүмкүн эмес дейт. Медзаключение, ага-буга чуркап отуруп чарчаган жүргүнчү страховкаңа ыраазымын дейт экен.

Бирдиктүү формасы 1 жуулганда макоосу чыгып калчу кийим экен. Арзан синтетикадан тигилген форманы кийип алып, машине айдадаганды элестеткиле.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс