Четверг , 2-Июль 2020
Башкы бет / Аналитика / ТАЗАЛАНУУ, ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА АЛГА УМТУЛУУ же СДПКнын кезектеги съезди алдындагы көп партиялуулук системасы тууралуу ойлор

ТАЗАЛАНУУ, ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА АЛГА УМТУЛУУ же СДПКнын кезектеги съезди алдындагы көп партиялуулук системасы тууралуу ойлор

Учур саясаты

 

Ошентип, көптөн бери күтүлүп келе жаткан СДПК партиясынын кезектеги сьездинин босогосунда турабыз. Кезектеги деп айтылганы менен, мааниси боюнча алганда, жана да коомдук-саясий турмуштун андан аркы агымына тийгизе турган таасиринин деңгээли боюнча кандайдыр бир мерчемдүү белгиленген сызык сыяктуу кабылданууда. Дал ошондуктан улам, “тойдун болгонунан да, “болот-болоту” кызык” демекчи, бул съезддин өтүшүнөн да, анын айланасындагы ар кандай деңгээлдеги (интернет айдыңынан тартып, массалык-маалымат каражаттары жана ушак-айың сымал көчө сөздөрүнө чейин) ажиотаж уламдан-улам күчөп баратканына күбө болуудабыз…

Чындыгын ачык айтканда, СДПК съезди коомчулуктагы катардагы эле саясий өңүттөгү окуялардын бири экендиги талашсыз. Катары 200дөн ашуун болгон баягы эле көп партиялардын биринин ич-ара “разборкалары” жана келечекке карай түзүлө турган (албетте, жакынкы убактарга гана — ​анткени, бул партиянын алысты мерчемдөөгө жана узак убактыны камтыган терең программалар менен иш алып барууга азыркы чама-чаркы да, потенциалдык мүмкүнчүлүгү да жол бербейт!) пландары тууралуу сөз болору айкын.

Анда эмне чын эле жалпы коомчулук бул саясий кампанияга ушунчалык дитин коюп, кандайдыр бир өзгөрүү алып келе турган жаңылык катары күтүп жатат? — ​деген суроо жаралышы табигый нерсе. Маселенин баары, СДПКнын — ​азыркы башкаруучу партия экендигинде турат. Ал парламентте гана башкаруучу коалицияны түзгөн негизги күч болуп калбастан, өкмөттө да, бийликтин башка бардык бутактарында да басымдуу орунду ээлеп келе жатканы талашсыз чындык. Ар кайсыл деңгээлдеги чечүүчү жетекчилер дал ушул партиянын мүчөлөрүнөн тандалып алынып, ал тургай, партиялуулууктан алыс болушу керек деп эсептелгендер да (күч органдарынын жетекчилери ж. б. дал ушул талап каралгандар), дал ушул партияга тымызын жан тарткандардын ичинен тандалып алынып жаткандыгы шексиз.

Башкача айтканда, мамлекеттик-административдик, коомдук-саясий деңгээлдеги бардык маанилүү тепкичтер бул партиянын креатуралары менен толтурулуп келе жатат. Конституция боюнча көп партиялуулук камсыздалганы менен, иш жүзүндө калган 200 партиянын реалдуу таасири турмак, караандары да сезилбейт.

Демек, партиялык тизмени тастыктоо, партияны ичтен тазалоо, алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү (президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов дал ушундай себептер менен кызматтан кеткендигин жарыялап жибергени маалым) сыяктуу маселелер “майлуу тамак, чоң казанды” бөлүшкүсү келип, эңсегендерди эч качан кайдыгер калтыра албайт. Анан калса, ал тамак эбак эле жалпы эл тарабынан, өлкө тарабынан “бышырылып”, даяр бойдон “дасторконго жайылып” турган болсо!.. Башка бир алсыз партияга мүчө болуп, ага күч-кубатыңды жумшап, болор-болбосу али такыр дайынсыз ташпиштен көрөкчө, ушундай даяр “акырга” кире калуу алда канча артык эмеспи?! СДПК партиясынын жана анын съездинин айланасындагы азыркы интригалар дал ушундай обывателдик, жеке эгоисттик кызыкчылыктар менен гана коштолууда!

Чыныгы саясий партиялык критерийлерге ылайык келбеген, “Көкөтөйдүн ашын” эске салган кызуу даярдыктардан мурда да, ал даярдыктар тууралуу ичкериден “жарылып”, сыртка чыгып кетип жаткан “жарым расмий маалыматтарга” караганда, эртеңки боло турган съезд чынында эле соңку кездердеги өлкө турмушундагы орчундуу окуялардын бири болуп калат окшойт. Дагы бир жолу айтканда, — ​маанимаңызы жана өлкө тагдырына алып келе турган өзгөрүүлөрү менен эмес, дал эле жогоруда саналган “ички-партиялык интригаларынын” ачыкка чыгышы менен!..

Асыресе, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий аренага кайтып келиши бул саясий интригалардын эң башкысы болуп калары эч талашсыз факт. Анын алдын ала болжолдоп айтууга болбой турган психологиялык жүзү, стили жана манерасы бул интриганы ого бетер күчөтүп жатканы да түшүнүктүү…

Кандай болгон күндө да, буга чейинки саясий лидердин үзүк-үзүк болсо да, айрым чыгып кеткен билдирүүлөрүнө байкоо сала турган болсок, партияны ичтен тазалап алууга, болочок парламенттик тизмени кылдаттык менен түзүүгө көп машакаттуу убакыт кеткен сыяктанат. Эми ошол максат жетишилдиби, же жокпу, биз буга дал съезд учурунда гана жооп ала алабыз. Чын-чынына келгенде, азыркы көп партиялуулук системасы жана партиялык дисциплина, устав, программа деген сыяктуу түшүнүктөр тек гана формалдуу бир кагаз жүзүндөгү нерселерге айланып калган соң, “армиялык дисциплинадагыдай”, катаал тартипти камсыз кыла ала турган партиянын түзүлүшү дегеле мүмкүн эмес.

Дал ошондуктан улам, башка бирөөнүн акчасына (түпкүлүгүндө, “жаштарды” да кошуу керек деген квотадан улам гана!) парламентке келип алышкан “балашкалар” деле дароо өздөрүн “мен эми чоң саясатчы болуп калдым” деп ойлоп алышып, башкарууга жогортон баш ийбей, өзү каалагандай, оозуна келгенин “оттой” башташары партиялык лидерлерди “соолуктуруп” гана тим болбостон, алардын болочок тизмелерди лупа менен кароого түртүп жатканы белгилүү. Эми “чөнтөгү бош балашкалар” ушундай кадамдарга барып жатышкан соң, өз акчасы жана электораттык ресурстары менен кошулуп келген формалдуу мүчөлөрдүн канчалык деңгээлде чыныгы берилгендигин элестете берсе болот. Сыягы, парламенттеги айрым бир мурдагы СДПКнын авангарддык күчтөрү катары саналган Рыскелди Момбеков сыяктуу депутаттардын бийлиги колунан тайган Атамбаевдик командадан “кылт” этип өтө качышып, жаңы президенттин командасына өтө башташты деген сыяктуу сөздөр да тегин жерден жарала баштабаса керек?..

Чынын айтканда, азыркы көп партиялардын мүчөлөрү ага партиялык тизме үчүн гана мүчө болуп калышканы жашыруун деле эмес. Эгерде эртең башкаруучу партия алмашып кетип, парламенттик коалицияга башка партиялар келип кала турган болсо (алардын программаларында принципиалдуу айырмалар бар экендигине карабастан!), азыркы партиялаштарын дал ошол катардан деле көрө берүүгө болот.

Биздеги саясий партиялардын жетилбегендиги, формалдуулугу жана жасалма түзүмдөр экендиги дал ушунда турат. Маселен, азыркы парламентте “Өнүгүү-прогресс” фракциясында өзүн Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидеримин деп санаган Исхак Масалиев депутат болуп олтурат. Дал ушул парадоксалдуу, комикалуу абал азыркы кыргыз саясий партияларынын чыныгы абалын, аянычтуу-трагедиялуу, фарс сымал кебетелерин күзгү сымал көрсөтүп турат десек да болот. Демейде, асыресе кыргыз этнографиялык салттарында да, эзелтен берки түшүнүктөрүндө “күч күйөө” деген түшүнүк бар. Ал өз алдынча жашай албай калган, кайын журтунун каралашуусуна, колдоосуна муктаж болуп, ошолордун кызматын кылып, ошол чөйрөдө жашап калган күйөө балага карата айтылары маалым. Бүгүнкү кыргыз коммунисттеринин лидеринин абалы андан эмнеси менен айырмаланат? Же ал Төрөбаевдик аталган партия менен коалицияда турбаса?..

Дегеле, көп партиялуулук жана анын Кыргызстанда жаралуу тарыхына кыскача сереп салып, караган адам кызыктуу, карама-каршылыктуу сезимдерди баштан кечирери айкын. Бир жагынан алып караганда, бардык цивилизациялуу коомдор бара жаткан жолго биздин да түшүшүбүз зарыл экендиги талашсыз чындык, ошол эле учурда, мындай аракеттер адеп баштаганда эле улуттук менталитеттин элементтери менен коштолуп, уруучулдук, жердешчилдик жана региондук факторлорго өтүп кетип жаткандыгы көңүлдү кайт кылбай койбойт. Буга айдан ачык мисал иретинде, кайрадан ошол эле Кыргызстан коммунисттер партиясын алалык. Болгону, анын мындан он беш-жыйырма жылча мурдагы абалын чагылдырып турган жагдайга кайрылабыз.

Демократиялык жана жалпы элдик шайлоолор биринин артынан бири (же эл казынасын ыксыз чачкан, кереги бар да, жок да ар кандай референдумдар!) өтүп жаткан Акаевдик доор учурунда, кезектеги президенттик шайлоолордун биринде, айрым чолок ойлошкон “демократтар” “эми ал биротоло нокаут болду, мындан ары өзүнө келе албайт” деп ойлошкон ыраматылык коммунисттер лидери Абсамат Масалиев күтүүсүздөн эле альтернативалуу шайлоодо фаворит болуп чыга келиши ушунчалык катуу сестендирип койгон экен, дароо эле коммунисттерди экиге бөлүп-жаруу аракети башталган. Чынында, Клара Ажыбекова баштаган коммунисттердин мурдагы коммунисттик уюмдан эмнеси менен айырмаланары деле ачыкталган эмес. Тек гана “биз өзүбүзчө болобуз!” дешип, бөлүнүп кетишкендей туюлган… Азыркы РФда Геннадий Зюганов баштаган коммунисттер менен (солчулдар) Сурайкиндин коммунисттеринин бир аз да болсо айырмасын (капиталисттик өнүгүү багытына ыкташкан коммунисттер) электорат сезип турат. Дал ошон үчүн, аларга ан-сезимдүү түрдө добуш беришет. Ал эми жогоруда аталган Кыргызстандагы экиге ажырап кеткен партияларга (алардын тарапкерлери ар кандай региондордо бар экендигине карабастан!), негизинен “түндүкчүл- жана да түштүкчүл” деген эки гана критерий менен добуштар бериле баштаганын билебиз.

Ошол эле учурда, көп партиялуулук системасы өзүн ар кандай алкактарда, коомдун ар кандай тармактарында да “сындан” өткөрүүгө мажбур да болуп, далалат да жасала баштагандыгы да маалым. Ар кандай “Дыйкандар партиясы”, “Агрардык партия”, “Өндүрүшчүлөр партиясы”, “Курулушчулар партиясы”, “Жаштар партиясы, “Аялдар партиясы” деген сымак саясий түзүмдөр адегенде эл арасында абдан активдүү иш жүргүзүп жатышкансыганы менен, ошол аталган тармактарды да толук камтууга жетише алышкан жок. Бул деле түшүнүктүү.

Себеби, ошол эле дыйкандардын башын бириктирип, аларды өз артыңдан ээрчитип кетиш үчүн, бери эле болгондо — ​алардын кызыкчылыктары менен чогуу жашап, ысык-суугуна кошо күйүп-тоңуп, узак мөөнөттүү багыттагы, өз жемишин бир кыйла кеч бере турган иштер жүргүзүлүшү ылаазым. А биздеги партия лидерлерине алар шайлоо учурунда жана добуш саноого келгенде гана керек болуп жатышса, аларды кимдер чын дилинен колдошмок эле?!

Аялдар партиясы жана да аялдар үчүн киргизилген парламенттик квота дагы кыргыз саясий айдыңында абдан “колориттүү”, өтө “оригиналдуу” жорук-жосундары менен элдин эсинен эч качан чыкпай турган “фигуралардын” жаралышын шарттады.

Мисалы, Токон Шайлиеванын саясий аренадан кеткенине канча көп убакыт болду? А бирок, аны азырга чейин эл али да унута элек. Кайсыл бир жакшы иштери үчүнбү, же парламентте эстен кеткис иштерди жасаган беле? Асыресе, бул ишкер-айымдын жеке бизнесиндеги чоң ийгиликтеринен башка, парламент мүчөсү катары жасаган бараандуу иши деле эсте калбаптыр. Эсте калганы эле, — ​анын депутат Ишенбай Кадырбеков менен болгон конфликттен соң, чыпалагын таңып алып, “мээм чайкалды” деп жүргөнү калыптыр. Ошондо эркин басма сөздүн тапан журналисттери, “сыягы, Шайлиеванын мээси чыпалагында болсо керек” деп жазышканы маалым…

Арийне, аял депутаттардын жана “квота аркылуу” парламентке келген аялдардын арасынан, эң “колориттүү” фигура Камила Талиева болуп калды окшойт. Кезегинде ал жөнүндө негативдүү пикирлер массалык-маалымат каражаттарында жайнап кеткендиги маалым.

Мындай фактылар көп партиялуулук системасынын жана квота сыяктуу талаптардын акырындап биротоло деградацияланып баратышын да, күзгү сымал, ачык чагылдырып турабы деп болжолдоого болот.

Көп партиялуулук системасында, кокусунан эле келип калышкан, өз кызматтык абалына дал келбеген талапкерлер эл аралык мамилелер зарыл болуп калган учурларда, өлкөлөр аралык байланыштарда жалпы эле Кыргызстанды уятка калтырышы да мүмкүн. Ошондуктан, квота (аялдар, жаштар, регион, улуттар ж. б.) деген сыяктуу талаптардын муктаждыгынан улам гана, андай талапка жооп бере алышпаган адамдарды алып келишке мажбур болуп калышкан учурда деле, аларды “ички муктаждыктар үчүн гана”, алардын өз дараметине жараша пайдаланып, эл аралык деңгээлде “көрсөтпөй” жүрүшсө жалпы эле Кыргызстандын аброю үчүн жакшы болмок!..

Кыскасы, партиялык тизме түзүү, партия катарын жаңылоо, тазалоо деген сыяктуу маселелер бир гана СДПК партиясынын алдында турган маселе эмес экендиги түшүнүктүү. Өсүүгө муктаж болгон жана келечек пландарында ушуга умтулган ар бир партия кез-кезде өз катарларына сын көз караш менен карап, ревизиялап турса, жалпы эле өлкөбүздө коомдук-саясий тазалануулар жүрөт.

Ал эми СДПКнын бул ички далалат-аракеттери канчалык деңгээлде ишке ашат, буга эртеңден баштап эле күбө боло баштайбыз!..

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

«Жаңы Ордо» гезити. №10 (583),  30-март, 2018-жыл

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс