Четверг , 2-Июль 2020
Башкы бет / Дайджест / Рысбек Токтасын, казак активисти: «Кытай жигит казак кызына үйлөнсө, кыздын ата-энесине 10 миң юань берип, пенсияга чыгарат, жубайларга үй берип, кызды жакшы жумушка орноштурат»

Рысбек Токтасын, казак активисти: «Кытай жигит казак кызына үйлөнсө, кыздын ата-энесине 10 миң юань берип, пенсияга чыгарат, жубайларга үй берип, кызды жакшы жумушка орноштурат»

Көздү аччу маселе

 

Өзү Кытай Эл Республикасында төрөлгөн, азыр Казакстандын жараны болгон Рысбек Токтасын деген боордошубуз биздеги БУУнун үйүнө Кытайдагы аз улуттун өкүлдөрүнө карата жүргүзүлүп жаткан саясатты айтайын деп келген экен. Рысбектин айтканы, бизде дагы негизги көйгөйгө айланып бараткан Кытай жарандарынын көбөйүп жатканына дал келип калды. Боордошту түйшөлтүп жаткан маселе бизди дагы ойлондура турган көйгөй экен.

-Рысбек мырза, Бишкектеги Бириккен — Улуттур Уюмунун кеңсесине келиптирсиз. Бул уюмга дүйнө элинин көңүлүн бурдура турган көйгөй менен кайрылат эле. Сиз дагы дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдура турган көйгөйдү айтканы келдиңизби?

-Кытай өкмөтү 2017-жылдын башынан — бери Синьцзян-Уйгур автономдук районунда (СУАР) жашаган аз улуттарга саясий кысым көрсөтүп жатат. Айрыкча казак, кыргыз, уйгур, өзбек, дунган улутундагы мусулмандарга. Кытай бийлиги ал жердеги үй-бүлө мүчөлөрү намаз окубасын деп буйрук кылды. Ким намаз окуйт, ким орозо кармайт, ал түрмөгө камалат деди. Ошентип намаз окуганга, орозо кармаганга тыюу салды. Айылды кыдырып, бир үйбүлөдөн “намаз окуйсуңбу?” деп сурайт. Намаз окуйм десе, аны кармап алып кетишет. Коркконунан “Намаз окубайм” деп жооп беришет. Экинчи үйгө кирип да ошону сурайт. Ал дагы “Жок, окубайм” дейт. Ошентип айылдын баарын аралап чыгышат. Айылдагылардын баары коркконунан окубайбыз деп айтат. “Намаз окубасаңар мечиттин кереги жок турбайбы” деп мечитти бузуп таштайт. Үйдө турган жайнамаз, теспе, Куран, Исламга тийиштүү сүрөттөрдүн баарын жыйнап алып, өрттөп жиберип, “Кимдин үйүнөн ушулар табыла турган болсо түрмөгө кетесиң” деп айтышты. Бир айылга бир имам болот. Ошол имамдан башка адам өлгөн кишиге жаназа окуганга болбойт. Имам болгон кишиге атайын лицензия берилет. Бирок, Кытай бийлиги бир шылтоо таап, имамды да уштап кетет. Айылда киши өлгөн болсо жаназа окулбай көмүп жатышат. Экинчи айылдын имамы келип жаназа окуганга болбойт. Азыр ал жердеги казак, уйгур мектептердин баарын жаап салды. Балдар кытай тилинде гана окушат. Улуттук багытта сабак окулбайт. Кытайдын кызын алгандарга же болбосо кытайга кызын бергендерге акча берет. Ошол адамды жакшы жумушка алат. Казак же уйгурдун үйүнө бирден кытайды тууган кылышат.

-Кыз берип, кыз алышып тууган — болушабы же башка ыкма менен тууган кылып коёбу?

-Үй-бүлөдөгү 25 жаштан 45 жашка — чейинки эркектерди саясий кысым менен кармап, түрмөгө алып кетип жатат да. Бир айылдан 200 адамды кармоо милдет, ошондой тапшырма коюлган. Кармалган адамдар 3 же 6 айга, болбосо жылдап түрмөгө олтургузулат. Үйүндө күйөөсү жок аял, баласы калат да. Ошол үйгө кытайдын эркегин алып келип “Ушул үйдө бир апта жатып, жумушуна жардамдашасың” дейт. Күйөөсү жок аял менен бойдок эркек бир жума бирге жатып, бирге жашайт. Бир жума өткөн соң күйөөсү камалган аял кытайдын үйүнө барып жатат. Алардын максаты кытайдын баласы менен мусулмандын баласы бири-бирине жакын болуп, кийин үйлөнө турган болушу керек.

-Айылды аскерлер кайтарууга алып жатабы?

-Айылдагы жолдун үстүнө кемпирлерди — олтургузуп коёт. Алар айылга ким келди, ким кеткенин байкап олтурат. Ар аптанын дүйшөмбү күнүндө айылдын баардык жашоочуларын жыйнап, Кытай мамлекетинин туусу көтөрүлүп, гимн ойнолот. Ага барбасаң уштап кетет. Айылдагы эркектердин баарына аялдарынын бутун жуудуруп, тырмагын алдырган.

-Казактын кызын алганы үчүн кытайга  акча береби же кыздын ата-энесине акча төлөйбү?

-Ошол жерде жашаган казак кызына  кытайдын жигити үйлөнө турган болсо, кыздын ата-энесине акча берет. Ошон үчүн ата-энеси каршы чыкпайт. Кызын жакшы жумушка орноштурат.

-Казакстандын же Кыргызстандын жараны — болгон кыздарга үйлөнүп жаткан кытайларга мамлекети акча береби?

-Эгер Кытай жараны болгон жигит  Казакстандык кызга үйлөнө турган болсо, кытай жигитине өлкөсү акча берет.

-Сиз өзүңүз СУАРга барып ушунун  баарын көрүп келдиңизби?

-Мен өзүм Кытайда туулгам. Ал жакка — өткөн жылы апрель айында барып келдим. Андан кийин барганым жок. Анткени, ал жакка барган адамдарды кармап жатат. Казакстанга көчүп келе берген казактар бар да. Алар азырынча Казакстандын жараны боло элек, Кытайдын жараны. Кытайда үйү, малы калган. Ошону сатып келем деп барган эркектерди кармап алып, түрмөгө камап салган. Аялы, бала-чакасы Казакстанда. 40–50 жыл Кытайга иштеп берип, ошол жактан пенсияга чыккан, акыркы жылдары Казакстанга көчүп баса берген адамдарды да “Сен бизден пенсия алам десең кайтып кел” деп кайрадан чакырып, баргандарды уштап алып, паспортторун алып койгон учурлар көп. Мусулман аялдар жоолук салынганга, узун көйнөк кийгенге болбойт. Кыска юбка кийиши керек. Эркектерине сөзсүз арак ичирет. Арак ичпейм деп айтсаң, кылмышкер болосуң. Имамдарды жыйнап алып, чочко этинен чүчвара түйүп берген. Имамдар чүчвараны жебейм десе, түрмөгө алып кетет. Азыр Кытайда 100 миң адам ушундай саясий кысым менен түрмөдө жатат. Менин эки жакыным да эки жылдан бери түрмөдө. Ата-энеси, туугандары “Менин балам кайда?” деп сурап бара албайт. Сураган адамдын өзүн дагы камайт. Түрмөдөгү адам тирүүбү же өлгөнбү эч ким билбейт.

-Сиз азыр Казакстандын жараны  экенсиз. Ушул маалыматты казактын маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка тараттыңызбы?

-Ооба, казак маалыматтары да чыгарды. — Алматы шаарында Кытайда жаназа окулбай кеткен адамдарга аш бердик. Ошол иш чараны КТК, 31-канал, Евразия баштаган бир топ телеканалдар чагылдырды. Телевидениеге Кытайда соттолгон адамдардын туугандарын чакырып тегерек үстөл да өткөрдүк. Бул маселе казак президенти Нурсултан Назарбаевге чейин жетти. Тышкы иштер министрлиги Кытайга нота жиберди. Бирок, Кытай аны уккан деле жок.

-Кытайда динге эркиндик берилгенби? 

-Ооба, адам кайсыл динге ишенсе — эркиндик бар. Ар улут өзүнүн тилинде сүйлөгөнгө уруксат. Бул маселе бир гана СУАРда жүрүп жатат. Башка жерде андай саясат жок. Тибет автономдуу округду башкарып, тибеттиктерди эзген, Далай Ламаны өлкөдөн кууп чыгарган адамды СУАРга алып келген. Ошол адам аз улутту кысып жатат. Кытай эли өз жерине сыйбай баратат. Ал жакта таза азык-түлүк жок, энергия, мунай заты калбай баратат. Кытайдын көздөгөнү Орто Азияга өтүү керек. Себеби, энергиянын, байлыктын баары ушул жерде. Орто Азия менен Кытайдын ортосунда турган аз улуттарды жоюш керек болуп жатат. Казакты Казакстанга, кыргызды Кыргызстанга көчүрүп жиберсе, өздөрүнө кыйын болуп каларын сезип жатышат.

-Сиз казактын эркегин түрмөгө камап, — аялына кытай жигитин алып барып жашатып жатат деп жатасыз. Кытайдын көздөгөнү ошол жигиттен төрөгөн казак келиндин баласын агент катары пайдалануу максаты эмеспи? Туулган баланын улуту кытай болобу же казак деп жазышабы?

-Бул эми Кытайдын максаты да. Казак — кызы менен кытай жигити үйлөнүп, балалуу болсо, баланын улутун казак деп жазып берет экен. Ал бала чоңоюп казак болуп Казакстанга келет да Кытайдын агенти болот. Азыр жаш балдарыбызды Кытайга бекер окууга чакырып жатышат. Аларды өздөрүнүн менталитети, идеологиясы менен окутат. Ошол балдар Казакстандын же Кыргызстандын жогорку бийлигине чыгып калышса, Кытай менен жакшы мамиледе болушат. Ошол жактагы 40 миңден ашык казак кызы кытайларга тийди деген маалымат бар. Мени менен бирге окуган кыз кытайга тийди.

-Казак кыздын ата-энесине канча акча  берет?

-Кытайдын акчасы менен бир жолку — жардам катары 10 миң юань берет экен. Бул казактын акчасы менен 500 миң теңге. Мындан сырткары өлгөнчө пенсияга чыгарат. Муну башка ата-энелер көрөт да “Мен дагы кызымды кытайга берсем, мени да пенсияга чыгарат экен” деп ойлойт.

-Жаңы үйлөнгөндөргө үй-жай береби? 

-Үй-жайды сөзсүз берет. Казак кызына  үйлөнгөн кытай жигитинин тоюн телевидение аркылуу көрсөтүп, үй берип жатабыз деп жарыя кылат.

Маектешкен

Темирлан Токтоболотов

«Жаңы Ордо» гезити. №10 (583),  30-март, 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс