Понедельник , 30-Март 2020
Башкы бет / Дайджест / Эсенбек Абдырашитов, ардагер: «Жээнбеков Атамбаевдин айтканы менен болуп, анын жолун уланта турган болсо, жөн эле убактысын коротот»

Эсенбек Абдырашитов, ардагер: «Жээнбеков Атамбаевдин айтканы менен болуп, анын жолун уланта турган болсо, жөн эле убактысын коротот»

Ак кеп

 

Сиз бизге жеткен маалыматтарга — караганда бир топ убакыттан бери оппозициянын катарында жүрсөңүз керек?..

Мен тээ Акаевдин доорунда эле — оппозициянын катарында жүрчүмүн. Учурда жашым 80ге келип калды. Чындыгында азыркы президентибизди анча деле билчү эмесмин. Ачыгын айтсам Бабановду колдоп жүрчүмүн. Ошон үчүн президенттик шайлоодо ага добуш бергенмин. Эми ал киши шайланбай калбадыбы. Эми кеп анда эмес. Азыркы президентибиз тууралуу маалыматтарды телевизордон угуп жатабыз. Эгер ушул бойдон өзүнүн жолу менен кете турган болсо, анда элдин ишенимине ээ болот. Бул менин аксакалдык сөзүм. Ал эми Атамбаевдин айтканы менен болуп, анын жолун уланта турган болсо жөн эле убактысын коротот. Бирок менин оюмча андай жолго барбайт. Анткени бийликти колго алгандан кийин бирөөнүн айтканын кылбай, өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүшү керек. Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда эртедир-кечтир сөзсүз нааразычылыктар болот. Жээнбеков кызматка өзүнүн адамдарын койбосо акыры өзүнө эле кыйын болуп калат. Андыктан Манастын осуяттарынын бириндегидей эл биригип, оппозициясыбы же позициясы болобу баардыгы азыркы президентке колдоо көрсөткөнү оң. Эгер Текебаев абактан бошоп келсе президентке жардам берет го деген үмүт бар. Баары эле “Текебаев келсе башкача болот” деп айтып жатышат. Текебаев анча-мынча кемчиликтерин эми сезди. Болбосо Текебаевди жаман адам деп ким айтчу эле? Анын элди өзүнө тарта турган ораторлугу бар.

Текебаевдин камакта жатканы боюнча — пикириңиз кандай?

Анын канчалык деңгээлде күнөөлүү — экендиги анча-мынча далилденсе керек. Бирок мен буга көп деле ишенбеймин. Эми ишенбей турган себебим, мен тууралуу деле шумдук ушактар бар. Аны жакында угасыңар. Ошол ушактын айынан бир бутум жерде, бир бутум көрдө болуп калды.

Сиз дагы бийликке ачуу сын айттыңыз — беле?

Бабановдун шайлоодо өтпөй калгандыгы — тууралуу ачуу чындыкты айткам. Эми бул жерде бир коркунуч бар. Мен сага ошону айтайын. Азыр айрым адамдар Сооронбай Шариповичтин колтугуна кирип алышып баардыгын былгыта турган болуп жатышат. Президент аларды жакшылап байкап туруп кызматка койбосо арасында кесепети тийе тургандар да бар. Биз алардын айрымдарынын тизмесин учурунда беребиз.

Сиз Бабановду колдогонуңузду ачык — айттыңыз. Дегеним, ал кишинин чет өлкөгө качып кеткени боюнча эмне демекчисиз?

Эми мындай да. Теледебатта — Сооронбай: “Коррупция менен күрөшкөндү биринчи сенден баштайм!” –деп ага ачык эле айтпады беле. Ошон үчүн Жээнбеков президент болгондо качып кетти да. Бабановдон мен азыр деле үмүтүмдү үзбөйм. Балким, андан деле кемчилик кеткендир. Аны өздөрүнчө чечишип алышсын. Ар ким өзүнүн кылган ишине жараша жооп берет.

Эми сиздин оюңузча өлкөдөгү саясий — кырдаал туруктуу эле болобу?

Туруктуу эле болот. Эми жогоруда — айткандай Текебаев түрмөдөн чыкса, саясатта өзгөрүү болот го деп ойлойм. Атамбаев болсо ага тоскоолдук кылышы мүмкүн. Бирок, Сооронбай Жээнбеков деле кимдин канчалык деңгээлде керектүү экендигин билсе керек. Эгерде ал Текебаевге көп ишенбесе, камактан чыгарбай деле коёт.

Маектешкен:

Нурсултан ШАЙДИНОВ

«Жаңы Ордо» гезити. №10 (583),  30-март, 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс