• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Путин президент кандай болорун көрсөттү

Автор:ruh_admin

Мар 30, 2018

Өлкө башчысы эли кайгыга батып, аза күтүп жатканда, хансарайда жашынып олтурбай, калк менен бирге болорун Путин дагы бир жолу көрсөттү. Ал Кемерово шаарындагы соода борборунан өрт чыгып, жетимишке жакын жараны өрттүн курмандыгы болгондо Москвадан Кемерового учуп барып, каза болгондорго гүл коюп, жергиликтүү бийликтин отчётун жеринен угуп, эл менен чогуу экенин көрсөттү. Жакынын жоготкондорго көңүл айтып, мамлекет тарабынан жардамды аябай турганын билдирди. Кырсыкка күнөөлүү болгон төрт адамды камакка алды. Кыргыздын мурунку президенти А.Атамбаев болсо уктап жаткан айылга учак кулап, кыркка жакын жараныбыз уктаган бойдон чын дүйнөгө узап кеткенде дагы 20 чакырым жерге барып, ата-энесин жоготуп жетим калган балдардын башын сылап, көңүл айтканга жарабаган. Ушул күнгө чейин өлүм алып келген учактагы жүктүн чыныгы ээси ким экени ачыкка чыкпай келет. Эгер Атамбаев да Путин сыяктуу өз элине күйгөн адам болгондо, 10 мүнөттө кырсык болгон жерге жетип барып, жетим менен жесирге жакшы сөзүн айтып, кандуу жүктүн ээсин таап, абакка олтургузуп коймок да.

«Жаңы Ордо» гезити. №10 (583),  30-март, 2018-жыл

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс