
А биздикилерчи?..
Биздикилер эмне кылмак эле, Ала-Арчага МИЛЛИОН ЕВРОлук жаңы үй салдырышты. Кой-Ташта болсо былтыр 3 гектардай жерге дагы бир үй курулган. Бизде кайдагы улуу ой, идея?! Болгон мораль миллион евролук үй, үч гектарча жердеги дагы бир үй, эли жакыр, тентип жүрсө да, өзү миллионер экендиги менен ченелип жатса!.. Кыргызстандын карызы 5 млрд. долларга жакын болуп, бийлик тушалып турган азыркы учурда, бир үй-бүлө үчүн мынча жер, үй көп эмеспи?..
Кой-Таштагы үйдү жетим балдарга, же балдарды реабилитациялоочу борбор катары берсе, кандай болоор эле? Сиз кандай ойлойсуз?
Аскер Сакыбаева.
(макала автордун ФБдагы барагынан алынды)