Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Балдарга жөлөкпул бере албай жатканда, мамлекеттик казынадан миллиондорду уурдагандар качан жазаланат?

Балдарга жөлөкпул бере албай жатканда, мамлекеттик казынадан миллиондорду уурдагандар качан жазаланат?

Урматтуу Сооронбай Шарипович, коррупцияны  Ө. Бабановдон баштайм дединиз эле, тилеке каршы коррупция Ө. Бабановдон эмес, бийлик бутактарынан чыгып жатканы жана ага карата эч кандай чара көрүлбөй жатканы өкүндүрүп келет. Мисалга алсак, ЖЭБдеги 386 миллион доллар акчанын санын болоор болбос шаймандарга кетиргендиктери! Кыргызстан балдарга жөлөкпул үчүн  500 сом бере албай жатып 600$га кычкач алганы чон уят. Экинчиден, Ала — Тоо конушундагы Нурсултан Назарбаев атындагы 82-мектеп иштегенине эки жылдын жүзү болбой жатып чөгө баштады. Ал мектепте эки миңден ашуун окуучунун өмүрү коркунучта турат.

Пезидент кыргыз элинин ар бир башын коргоо үчүн, керек болсо жерибиздин ар бир ташын коргоо үчүн шайланат!! Эмнегедир бир миллион доллар үчүн Ө. Текебаев соттолгон. Кыргыз элимди ошол эле коррупцияга малынган Кумтор кенин коргоо үчүн ууланып жаткан жаратылышын айтам деп Садыр Жапаров 14 жылга соттолгону, болоор — болбос коррупция деп Алмамбет Шыкмаматов беш миллион сомго айыпка кесилишти!!

Бирок канчалаган Кыргыз элим кычыраган кышта суукта тоңуп, мектептеги окуучулардын өмүрү коркунучта турса да үн катпай отурганыныз баарыбызды түйшүккө салды! Мен ишенем, “Айтылган сөз атылган ок”,- дейт. Сиз президент катары талдап, баарын тиешелүү жазага тартат деп! Жаза десе кызматтан алуу эмес, ар бир коррупционер сот жообуна тартылышы керек! Себеби элге деп жериңди кепилдикке коюп алган кредиттерди эл пайдалануусу керек. Болбосо алгандын бергени бар эмеспи! Министирлер баш болуп, өкмөт башчылары, жада калса көзөмөлгө албаган экс президент да керт башы менен жооп берууго тийиш!

Урматтуу Сооронбай Шарипович, пенденин оозунда болсо, Алланын кулагында дейт сиз коррупция менен күрөшөм дединиз, оозуңуздан чыккан сөзгө Алла Таалам өзү колдоп, коррупуциянын бетин ачып берүүдө. Сиз болгону чара колдонушунуз керек! Кыргыз эли чоң үмүт менен ишиңизге ийгилик гана каалайт!!!

Бахридин Мамырали Уулу

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс