Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / «ЭКИ КОЧКОРДУН БАШЫ БИР КАЗАНДА КАЙНАБАЙТ»

«ЭКИ КОЧКОРДУН БАШЫ БИР КАЗАНДА КАЙНАБАЙТ»

Эмне болгондо да А.Атамбаев алты жылдык ажолук мөөнөтүн аягына чейин буйрукка жараша аткарды.Айрым Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ажолоруна окшоп өлөр өлгүчө ат үсүнөн түшпөстун аракетин кылбастан досу С.Жээнбековго шайлоо аркылуу Преизиденттик кызматты өткөрүп берди. Калыстык үчүн айта кетиш керек сырткы күчтөрдүн таасири менен батышчыл жолдо бараткан процессти аз да болсо ондоого аракет жасап, улуттук-мекенчил нукка бурууга аракет жасады. Анын далили «Көчмөндөр оюну», «Алтай цивилизациясы» ж.б иштер. Ашкере диний фонатизмге каршы үн катып, «кайран элим кайда баратасын» -дегенге жараганы да жакшы жөрөлгө болгон. Датка-Кеминди аягына чыгарганы, Балыкчы-Ош экинчи кара жолду баштаганы эл ичинде жылуу пикир жарата алды.Коррупцияга каршы күрөш, эски элитаны жаңылоо ишинде да саясий опоненттерин «жыга чабууга» окшогон кемчилдиктерин эске албаганда элдин азын оолак колдоосуна жетишти. Дагы бир топ биз байкап байкабаган дурус жактары албетте, болду.

Ал эми буруш жактары жөнүндө айтсак, таразанын ташы ооп барып түшөбу деп ойлом. Элдин жашоо-турмуш деңгээли начарлады, жер-суу байлыктары таланып-тонолду,жумушсуздук, кооррупция, кылмыштуулук азайган жок. Тышкы карыз тынымсыз өсүүдө, билим-тарбия идеологиялык иштер начарлап кетти,Элдин эртенкиге болгон ишеними бүдөмүк боло баштады. Өткөөл мезгил өтө эле узарып, эл кыйналып, чайналып улуттук деградацияга кетип калуу коркунучуна кептелди.
Башкача кантип айтууга болот. Качан кыргыз жаш наристелерди зордуктачы эле? Качан кыргыз өз канынан жаралган баласын сатчы эле? Качан кыргыз баткакка оонап мас болуп жатчы эле? Качан кыргыз ата-энесин бакпай таштап салчы эле? Калаймандуу жоокердик замандарда да азыркыдай селсаяк, кайырчылар болгон эмес кыргызда?! Бирар жарым чыгып калса «бул кайсыл элден, кайсыл уруудан»- деген кеп кеткен,намыс тез эле оңтойсуз ишти ордуна алып келген.
***
Азыркыдай коомдук турмушубузда тез өзгөрүү жүрүп жаткан мезгилде, чапчаң бурулушту, өнүгүп-өсүштү камсыз кыла албаган эл туңгуюуктан чыга албайт. Жер аянты боюнча Израилден 9, Ливандан 17 эсе чоң, дүйнөнүн орто шаарынын элиндей 6 миллион эли бар, климаты жакшы, жер-суу байлыктары жетиштүү Кыргызстанды бир эле жакшы жетекчи командасы, программасы менен келгенде гүлдөтүп жиберүүгө толук шарттар бар эле.

Бирок, биз эгемендик жылдарын дээрлик текке кетирдик. Батыш үлгүсүндөгү азыркы колдонуудагы Баш мыйзам өнүгүүгө өбөлгө болбой эле көптөгөн тоскоолдуктарды жаратты. Бүгүнкү күндө өлкөдө жамааттык жоопкерсиздик азыр да уланууда. Бийлик бутактарынын ортосунда баланс жок, авторитардык, партиялык-кландык бийлик өкүм сүрүүдө. Партиялык принцип менен жашоо түптүү нарктарга негизделген кыргыз коомун бузуп, бөлүп жарып, «пулуң болсо кулуңмун» саясатынын калыптанышына шарт түздү. Адам укугун көкөлөтүп, улут укугун тебелеп салдык. Жеке адамдын укугу, жеке менчик культка айланып, илгертен элди, мамлекетти сактап келген жамааттык кызыкчылык атайлап артка сүрүлүүдө. Элдик Курултай институту Баш мыйзамдын 52-беренесинде тургандыгына карабастан мыйзамы кабыл алынбай келет. Эки жүз жылдай орусташтыруу саясаты, (анын жакшы-жаман жактары өзүнчө кеп) андан кийинки эгемендик жылдарындагы батышташтыруу саясаты бизди жолубуздан бир топ эле адаштырды.

Эки жолку элдик революциядан кийин бийлик башындагы адамдар гана алмашканы менен коомдук-саясий система, чарба жүргүзүү, идеология, кадрдык саясат өзгөргөн жок. Азаттыкка жетишкенибизден бери чейрээк кылымга аяк басып баратканына карабастан эмдигиче «кыргыз ким болгон», «ким болуп калды», «ким болушубуз керек» – деген тагдыр чечээр суроолорго ондуу жооп бере элекбиз. Кыргыз Азиядагы эң байыркы калк катары мамлекет куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары, тажрыйбалары болгон. Демек, жаңы тарыхый шартта социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, түпкүрүбүздү аңдап, өзүбүздүн руханий байлыгыбызга, байтүп башатыбызга кайрылууга мезгил жетти.

Акыркы жылдары адам укугу, сөз эркиндиги, дин эркиндиги, демократия, көп партиялуулук, гендердик саясат, жеке-менчик, рынок деген сыяктуу Батыштан ооп келген жашоо эрежелери кыргыз кыртышына өнүп кеткен жок. Анткени, андан алда канча жогору асыл баа дөөлөттөрүбүз каныбызда жашап турганда сырттан жасалма таңууланган кеңештер тамыр жайып көпкө жашабашы белгилүү. Көп кылымдардан кийин Жараткандын амири, тарыхтын нугу, тагдырдын буйругу менен жетишкен эгемендүү Кыргызстанды түп-тамырынан бери жаңыча куруу маселеси стратегиялык терең жана зарыл озуйпага айланды. Мамлекетибиздин турпаты, башкаруу системасы, идеологиясы, өнүгүү жолу, тарыхый орду сыяктуу уңгулуу маселелерди күн тартибине коюп, жалпы калайык калктын талкуусунан өткөрүп, туура жолду тандабасак келечек муун бизди кечирбейт .

Ошондуктан, айкөл кыргыз эли адилеттикти, аруулукту, калыстыкты, чындыкты туу туткан; эркиндикти, теңдикти сүйгөн; бийлик жана байлык элдин кызыкчылыгына иштеген; жараткандын мыйзамдарына ылайык жашаган; салттуулукту жана мыйзамдуулукту бирдей сактаган; тегиз жыргалчылыкка жетишкен, дөөлөттүү өлкө куруу –деген ыйык милдет- максатты ишке ашырууга кечикпестен белсенип киришүүбүз зарыл. Алдыбызга ушундай улуу жана асыл максат коюп, адам факторун, элдик акыл-эсти, күч-кубатты кыймылга келтирип, кыргыздын руханий дөөлөттөрүн, манасчыл духун, билим, илимдин, техника, технологиянын жаңы жетишкендиктерин эриш-аркак жандуу ураанга салып, баардык материалдык жер-суу, өндүрүштүк-чарбалык ресурстарды ургаал ишмердүүлүктүн майданына айлантуу зарыл.

Алдыдагы ушундай опол тоодой иштерди турмушка ашырууда жалпы улуттук биримдиктин мааниси зор. Айрыкча эл менен бийликтин ортосунда ишеним, колдоо маселеси өзгөчө мааниге ээ. А бизде кандай болуп жатат? Кеткен Президент кайра жаңысына сес көрсөтмөккө жүрүшкө чыкмакчы болуп жатканы жаш баланын оюнуна окшоп кетүүдө. Жакшы акыл кеңештери болсо көчөгө чыгып олтурбай эле досуна айтууга мүмкүнчүлүгү бар да…А. Атамбаев тархый миссиясын аткарып бүткөн адам.Керегин алды Эл баатырына чейин, ошолорду аш кылып тынч эле жатканы оң. Кыргызстандын мындан аркы тагдырына С.Жээнбеков жооптуу. Эгер Атамбаев элге күйсө, досуна ишенсе анда жаңы Президентке жолтоо болбой жол бериши керек. «Бирөнүн колу менен чок кармоо»-эки тарабына тең азап гана алып келет. Анткени, «эки кочкордун башы эч качан бир казанда кайнабайт!» Эгер ушундай учкашмай саясат улана берсе эл кыйналат, командалардын ортосундагы тирештен улам эл чайналат, иш жүрбөйт, дагы бир төнкөрүшкө жол ачабыз. Анын Кыргызстанга кереги жок!

Кадыр Кошалиев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс