Категория: Фото — Published: 24/03 — 19:02
Бишкек, 24-март, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана КР Президентинин Аппаратынын кызматкерлери бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы Эмен багында ишембилик өткөрүштү. Ишембиликке Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты. Ишембиликте Эмен багынын ичи тазаланып, көчөттөр отургузулду.