Среда , 3-Июнь 2020
Башкы бет / Дайджест / Насыркановичтин на-на-нейи бүтөбү?

Насыркановичтин на-на-нейи бүтөбү?

Аткаруучу Ильяздын нананейин ал тургай казак  акыны  да таймашта колдонуп  атып илгери 500 миң сомдук байгени жулуп кеткен.  Ушул ырды акырын мурдунан кыңылдап обонго салып жүргөн бир киши бар. Ошол депутаттын сурагы улам артка жылдырыла берип “авторун” санаага чөктүрүп, жүрөк оорулуу кылып койду. Көрсө ал адам өзүнүн тагдырына эмес мамлекеттин келечегине ичи ооруксунуп жүрүптүр,чиркин! Актанууга мажбур болгондо өзү  ушинтип сүйлөгөнүн укпадыкпы?

Сегиз жыл мурда кытайдын ботосун кийип жүргөн Насырканович апрель коогалаңынан кийин кулпуруп чыга келди. Анткени аны улам майлуу кызматтарга жеткирип  жүргөн Текебаевдин колунда “карылуу камчы” бар болчу ал мезгилде. Камчысы ызгыган сайын бир боорсок казанда бышып,”дасторконго” леп этип коюлар эле. Ошондо  Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Болот Шер, Наталья Никитенко,Асия Сасыкбаева, Жоомарт Сапарбевдердин демине лепешка кызарып турган.  Азыр булардын көбү крит болуп кеткен карталардын  өңүн берип турат. Ал эми Насыркановичтин болсо мандаты солкулдак көпүрөнүн үстүндө калгандай туюлат. Эгерде сугалактыгын убагында тыйуга кудурети жеткенде минтип бозала болмок  эмес. Ким билет,балким Ташполот Балтабаевге буйруп тургандыр,көз кызарткан мандаты.  Патронунун колунан мандаты ыргып  кетсе Бакуля, Гузелялар кантээр экен? Же башка жылуу колтукка шоп этип кирип кетишеби? Жашоо деген ошенттирерин  деле тана бербейличи, макулбу?

Булак: «Ачык сөз» гезити.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс