Бишкек.22.03.2018.Govori.TV

Эл тишинин кирин соруп жатканда, өкмөт башчы Сапар Исаков Индира Жолдубаева башкарган Башкы Прокуратурага 250 миллион сомду эмнеге берди?

Өкмөт башчы Сапар Исаков кызматка киришкен алгачкы эле күндөрү жеке буйругу менен Башкы Прокуратурага 250 миллион сом бөлүп берген. Бул буйрук менен бөлүнгөн 250 миллион сом Башкы Прокуратуранын 2017-жылга бекиген бюджетинен тышкары болгон.

Кыргызстандын бюджетинин дефицити кызыл чектен ашып, рекорддук суммага чыгып турган маалда Сапар Исаков эмнеге прокуратурага көңүл бөлдү? Эмнеге калктын аялуу катмарына эмес, эмнеге медицинага эмес, эмнеге билим берүүгө эмес? Прокуратура үчүн үйлөр курулууда, кызматкерлеринин айлыгы жогорулаган, акыркы өзгөртүүлөргө ылайык прокурор бюджетке кайтарып келген акчанын 30 пайызын алса болот. А эмне үчүн Сапар Исаков кызматка киришип-киришпей жатып 2017-жылдын 21-сентябрындагы №415-р буйругу менен прокурорлорго өтө чоң суммадагы каражатты бөлүп берген? Бул жерде эмне сыр бар? Эмнеге Лигласс, Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш иштер козголбойт ыя?

Сапар Исаковдун Башкы Прокуратурага 250 миллион сом бөлүп берүү боюнча буйругу

2017-жылдын бекиген бюджетинен тышкары мындай ири суммадагы каражатты бөлүүгө эмне себеп болгону боюнча өкмөттүн жана каржы министрлигинин маалымат кызматына кайрылганыбызда жооп бере алышкан жок.

2016-жылы Башкы Прокуратуранын бюджети 428 миллион сомду түзсө, Жогорку Кеңеш 2016-жылы декабарда Башкы Прокуратуранын 2017-жылдагы бюджетин 577 миллион сом деп бекитип берген. Бул тарыхтагы рекорддук сумма болуп, Башкы Прокуратуранын бюджети дээрлик 35%га көбөйгөн. Ал эми Сапар Исаковдун белегинен кийин прокуратура бюджети эки эсе өскөн. Эгерде прокуратура системасында болжолдуу 800 прокурор жана тергөөчү иштерин эске алсак, анда Кыргызстан бюджети ар бирине бир миллиондон бөлүп жатканын билүүгө болот.

Коопсуздук Кеңешинде президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарына адилеттүү сын айтып, укук коргоо органдарынын акыркы жылдардагы ишин жокко чыгарып, анын ичинде прокуратураны да кескин сынга алды.

Эми логикалык суроо? Президенттин кескин сынынан кийин, прокурорлор иштебей, мамлекеттин бюджетине кол салган ууру-кескилерди кармабай майда чабактар менен күрөшүп жатканын айткандан кийин Башкы Прокуратура кайсы кылган иши үчүн бюджетин эки эсе көбөйткөн? Прокуратуранын кайсы кылган кызматы үчүн премьер-министр Сапар Исаков бекиген бюджеттен тышкары 250 миллион сомду бөлүп берген? Сапар Исаков менен Индира Жолдубаева эл тишинин кирин соруп турган маалда эмнеге бюджеттен тышкары эл казынасынан ири суммадагы акча алышканын түшүндүрүп бериш керекпи?

Сапар Исаков Индира Жолдубаевага 250 миллион сомду эмнеге берген?