Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Каргышка калгандардын тизмеси……

Каргышка калгандардын тизмеси……

“Эл сөзү” деген гезит чыгып турду.Ошондо акүйдүн жанындагы 7- апрель окуясында курман болгондорго эстелик тургузулуп бүттү. Ак таш-кара таш, ортосунда кыпчылган эл.Карасын кулата албай турушат.Же анысы кыйшайып койсочу.Ак ташка ыр чегилиптир.ыр мыкты. Мукар Чолпонбаев баштаган “Кыргызстанды сактоо” кыймылы азыркы бийликке ошондо эле каршы турган.Аты аталган гезитти чыгарчубуз.Ошондо кара ташты кулатып сыныктарына кыргын үчүн күнөөлүүлөрдүн аттарын жазабыз деп тилек кылганбыз.Гезиттеги эстеликтин сүрөтүнө редакторубуз маркум Ашырбек Болотов Отунбаева, Атамбаевдин аттарын жаза баштаган………………….

Эркиндик деп, эл деп башын сайгандар,
Эч жалтанбай ажалга түз баргандар.
Өлбөс кылды келечегин кыргыздын,
Өлкө үчүн өмүр берген кайрандар.
(Эстелик бетиндеги жазуу)

Ыйлап жазган, сыйлап жазган саптарга,
Ыйламсырайт ыр чегилген таштар да.
Арбактарын салды бийлик соодага,
Азаматтар көр түбүндө жатканда.

Эркиндик деп, эл деп эрлер өлүштү,
Эл кучактап кала берди бейитти.
Тебелешип өлүүсүн да, тирүүсүн,
Текебайлар ээлеп алды жеңишти.

Арыла элек башка түшкөн азабыз,
Жазыла элек жанды жеген капабыз.
Каргышка анык калгандардын аттарын,
Кара таштын бетин оюп жазабыз.

Соо бүткөн жок соттор чечкен иш деле,
Сооп үчүн иш кылалы биз деле.
“Кандидаттар” толо Ак үй, Көк үйдө,
Кара ташка жазылуучу тизмеге.

Kadyrbek Kerimbaev
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс