Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / БУЛ ӨТӨ ЧОҢ КӨЙГӨЙ МЕКЕНДЕШИМ, КЕЛГИЛЕ БИРИМДИКТЕ, БИР ТУУРА ЖОЛУН ИЗДЕП ТАБАЙЛЫ?

БУЛ ӨТӨ ЧОҢ КӨЙГӨЙ МЕКЕНДЕШИМ, КЕЛГИЛЕ БИРИМДИКТЕ, БИР ТУУРА ЖОЛУН ИЗДЕП ТАБАЙЛЫ?

Түркияга жашы 45 — 55 тин ортосундагы апаларга жана эжелерге барууга тыйуу салынышын катуу талап кылат элем. Жаш кыздарга эмес ошол улуу муундарга тыйуу салынбаса, ошолор экен да биздин жаш кыз — келиндерди түрктөргө (күрттөр экен көбүнчө) акчага баалап сатып ийгендер. Жаш кыздарыбыздын тагдырын талкалаган ошол «жман катындар «экен бул жакта. Алардын басымдуу бөлүгү «ширкеттик «бизче ортомчулук кылып акча табышат экен. Өздөрү кара жумуштарда деле иштешпейт, олтуруп алышып кыргыздарга жумуш таап беришет, анан түрктөргө «кыз сатышат «экен. Түрктүн жумуш берген эркектери болсо кол алдында иштеген кыргыз балдардан «кыз барбы? «- деп эле тынбай сурай беришет дейт. Сен бизге кыз таап, биз менен тааныштырып койсоң айлык маянаңды жогорулатып беребиз деп жалдырашат экен арамдар. Өкүнүчтүүсү акча үчүн түрктүн сунушун четке какпай, көөдөнүндө мекенчилдик сезимдери түк калбаган биздин эжелер,кээ бир балдар дагы макул болушат.Жумуш издеп жүргөн жаш кыздарды алдап чакырып алышып, аларга жумуш тууралуу толук маалымдабай түрктөр менен жашыруун келишим түзүшүп, кыздарыбызды алардын колуна салып бергендер Түркиянын бардык аймагында бар.Ырчы айым Жамийла Муратовага кайрылат элем.Сиз Түркияга келип бир жыл жашап кетсеңиз анан жогорудагы көрүнүштөргө күбө болоор элеңиз. Кыздар айыптуу эмес экен көрсө, айыптын баары ошол улуу муундагы апаларда, эжелерде экен. Кыргыз кызынын аброюн түшүрүп, кыргыз кызын «жеңил ойлуу «көрсөткөн ошол аялдар.Ошолорго Түркияга келип иштөөгө тыйуу болбосо ушундай окуялар байма — бай каттала бергидей. Бейкүнөө,бейажал кыздарыбыздын өлүмүнө дал ушул аялдар күнөөлүү. Силер ушул жашка келгенде силерге Түркияга эмне бар? Эмне максат менен келип жатасыңар.?же адам сатуу менен шугулдануу үчүнбү? Андан көрө балаңардын,кызыңардын тапканын жеп үйүңөрдө эле олтурсаңар жакшы болмок го…..
Пейилден кетти биздин ЭЛ.
Кайран ЭЛ.
Жаза берсем түгөнбөс дастан болчудай. Керек болсо дагы жазам. Азырынча ушул. !!!

АВТОР АСЕН НУРАЛИЕВИЧ АГАМ.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс