Вторник , 13-Апрель 2021
Башкы бет / Дайджест / УЧАКТА ЖАЛГЫЗ ӨЗҮ ОБОЛОГОН ОРОЗБАЕВ же учуп келген ажонун капилет көрсөткөн көмөгү жөнүндө

УЧАКТА ЖАЛГЫЗ ӨЗҮ ОБОЛОГОН ОРОЗБАЕВ же учуп келген ажонун капилет көрсөткөн көмөгү жөнүндө

Эгемендиктин алгачкы жылдарынын «эпкиндеринен»

 

Мамат Орозбаев агабыз республикабыздын соода тармагында узак жылдар бою иштеп, элине эмгеги сиңген ардагер инсандарыбыздын бири катары таанымал. Отуз жашка чыга элегинде Ош облустук керек-жарак союзунун Кара-Суудагы райондор аралык базасын башкарып, андан соң Жалал-Абаддагы соода базасын жетектеген. Кол алдындагыларды кууруп жиберчү катуу каары менен ысымы дүңгүрөп турган төрага Гуров Александр Петровичке биринчи орун басар болуп, 1984-жылы Ош облустук керек-жарак союзуна келген. Төраганын аша чаап пайдаланган тизгинин тайманбай туруп каккан, курч маселелерди кабыргасынан чечкиндүү койгон биринчи орун басарды кожоюндук креслосунан кызганган Александр Петрович борбордогу ишенген адамдарына улам-улам «шыбырап» жатып Жалал-Абад шаардык соода башкармалыгына жетекчилик кызматка жылдырткан.

Ал канткени менен кийин эгемендиктин эпкининен чоочулап, Орусияга жылт койгон ошол төраганын ордуна — ​Ош облустук керек-жарак союзунун төрагалык кызматына келген. Андан соң Кыргыз керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы болуп иштеген.

М. Орозбаев КР ЖКнын эки чакырылышынын депутаты болгон. «Советтик сооданын жана СССРдин кооперациясынын мыктысы» төш белгисин тагынган.

Мамат агабыз депутат болуп турган жылдары элдин өкүлү катары бир катар социалдык маселелерди чечүүдө натыйжалуу иштердин ээси болду. Дагы деле болсо анын ушул жааттагы шык-жөндөмүнө, уюштуруучулук аракетине бекем ишенишкен жердештери ар кандай түйүндүү маселелер менен кайрылышып, кез-кезде анын бир аз сыркоолой калгандыгына карабастан ошол маселелерди оң жагына чечип берүүүнү өтүнүп турушат.

Жаш курагы 72ге караган агабыз менен маектешип олтурган адамга убакыттын зыпылдап өтүп кеткени баамга илинбей калат. Ташкындуу таланты таасын обончу Рысбай Абдыкадыров менен көп жылды камтыган ага-инилик алакасын айтып олтурса, маңыздуу баянынын этеги көрүнчү эместей сезилет. Бирткелеп акча чогултуп, бирок мугалимдин жарытылуу кайсыл акчасы болмок, эсебин арбыта албай койгон обончунун акчасынын үстүнө жанынан акча берип, эр ортону — ​элүүгө келип калган обончуга «Жигули» жеңил автомашинасын алышып бергени, бир кезде Ошко Москвадан алынып келген, ар ким көз арткан жападан-жалгыз фортепианону да Рысбай агасынын кадыры деп ал кездеги Ош пединститутунун музыка факультетине алып бергени өзүнчө орчундуу таржымал.

Кийин обончунун көзү өткөн соң анын ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясынын имаратынын жанына катарлаш коюлуучу эстелигине керектелүүчү жезди таап, алып келүүгө да жардам берген. Оош-кыйыш замандын тушунда коюлуп жаткан айкелге деген түстүү металлдын бир бөлүгү ошол эле жерде иштеп жатышкан колу туткактар тарабынан уурдалып кетип, Мамат агабыз өз каражатынын эсебинен кошумча жез алдырып, эстеликтин ачылышы эртең болот деген күнү алар түнү менен бүтпөгөн ишти бүтүрүшкөнү бул да өзүнчө «санжыра».

Сөздөр сөзгө уланып, ойлор менен ойлор жалгашып жаткан маалда ага ыңгайын келтире собол жылдырып калдым:

Сизди партиялык, чарбалык кызматтардын белгилүү ардагери — Матен Сыдыковдун маарекесине катышам деп, өзү жалгыз бир учакты Бишкектен Ошко минип келген дешет го?-деп кулагым чалган окуянын жөн-жайын өзүнөн билмек болдум, кабагы ачык, чечекейи чеч кезин сая кетирбейин дедим.

Ооба, ошондой ойго келбеген окуя болгон!-Мамат агабыз капилет — берилген суроого жылмайды.

Анда эмесе, ошол окуянын жөн-жайы туурасында өз оозуңуздан — уксак болобу?

Анын чоочулап жашыраар деле эч нерсеси жок, айтса айтып — берейин, — ​деди ал оңдонуп олтуруп жатып, —1992-жылдын декабрь айынын этеги болчу. Ал кезде мен Кыргыз керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы кызматында иштеп жатканмын.

Матен аке менен көптөн ага-инидей жакшы алакам бар эле, айрым маселелер боюнча андан тажрыйбасы мол инсан катары акылын сурап, кеңештерин алып турчумун. Ошол декабрь айынын башында өзү мага коңгуроо чалып, ал-жайымды кенен сурап, Ош шаарында 70 жылдык маарекесин белгилегени жатканын айтты, улуу башын кичүү кылып мени да ызааттап тоюна чакырды.

Анан мен айткан күнүнө учакка билет алып, аздыр-көптүр белегимди камдап койдум. «Какаганга муштаган» болуп дал ошол мен уча турган күнгө Өкмөт башчысы чоң жыйын белгилеп коюптур. Жыйын да өчөшкөнсүп узакка созулуп кетти. Мен Өкмөтүбүздүн ошол кездеги башчысы Турсунбек Чынгышевге жөн-жайымды айтып, уруксат берүүсүн өтүнүп, залдан бир барак кагаз бердирттим. Ал киши менен мамилебиз анчалык жакшы эмес эле, кагазды ачып окуган соң мен жакты карап, башын тескери чайкап койду. Ошентип, жыйындын соңуна чейин жыла албай олтуруп калдым.

Жыйын бүткөнчө караңгы да кирди, сыртка шашылып чыгаарым менен айдоочума мени «Манас» аэропортуна ылдамыраак жеткиргин деп сурандым. Аэропортко келсек мен учуучу учактын Ошко учуп кеткенине жарым сааттай болуп калыптыр. Ал бүгүнкү каттамдардын эң соңкусу экендигин, эртеңге дейре Ош тарапка башка каттамдар болбой тургандыгын нөөмөттө тургандар айтышты. Ошол жерден Матен акенин уулу, жакын санаган иним Шераалыга телефон чалып, акыбалды түшүндүрүп, кечирим сурап, маареке ээсинин тоюн жакшылап өткөргүлө деген тилегимди айттым.

Мамлекеттик зарыл иштер менен Бишкек-Ош каттамы аркылуу көп учканымдан улам ал жерде иштеген авиация кызматкерлеринин бир тобу менен мурдатан тааныш элем, алардын эки-үчөөсү мүмкүн болсо менин бир азга аялдай туруумду, жакын арада жумуштары бүтөөрү менен шаарга ала кетүүмдү суранып калышты. Алдыма ысык кофе, булоолонгон чай алып келишти. Өзүмдү-өзүм жооткотуп, ары-бери басып алаксымыш болгон соң алар чакырган чакан үстөлгө келип олтурдум.

Бир аздан кийин эле аэропорттун кызматкерлери чымын-куюн болуп чуркап калышты. Көрсө, дал ошол күнү кечинде өлкө башчысы А. Акаев чет элге жасаган иш сапарынан кайтып келатыптыр. Ал жердеги жооптуу кызматкерлер, борбордон аргымактарын алкынтып кирип келишкен тийиштүү жетекчилер Ажону топурап тосуп чыгышты. Мен да Кыргыз керек-жарак союзунун башкармасынын жетекчиси болгон соң өзүмдү четке кармап, акмалап карап турбай, тосуп чыккандарга аралаша бастым. Аңгыча жайдаңдай ылдам баскан Ажо атайын жасалгаланган бөлмөгө кирип келди.

Аскар Акаич, жол жүрүп чарчап-чаалыгып келдиңиз, биртике — тыным алып, даам сызып, бир азга эс алууңузду суранабыз!-дешип калды колу-бутуна «илешип», көзүнүн агы менен тең айланып, тегерегинде топурап жүргөндөр.

Ал кезде Ажобуз кошоматчылар жайган торго анчалык чырмала элек, алда канча жөнөкөй, илбериңки, айтылган сунуштун бардыгына «мейли, мейли» деп башын токтоосуз ийкегилей берчү мезгили болчу. Дароо өлкө башчысынын жемиштүү иш сапары, анын бекем ден соолугу, алдыда кирип келаткан жаңы жылдагы жаңы ийгиликтери үчүн делинип тосттор айтылып, жүрөктү элжиретчү ширин сөздөр сүйлөндү, чөйчөктөр катар-катар шыңгырады. Аңгыча эле ал бийик мансабынан, айтылган каалоолордон, ичкери кирген ичимдиктин күчүнөн улам анардай албырып турган жүзүн мен тарапка буруп:

Мамат Орозбаевич, сиз да бул жердесизби?-деп сурап калды. —

Ооба, Аскар Акаич, мен капилеттен эле… — деп токтоло — калып, анан бүгүнкү мартабалуу бул чөйрөгө күтүүсүздөн эле келип аралашып калганымдын жөн-жайын кыскача айтып бердим.

Ээ-э, жакшы эске салбадыңызбы, Матен Сыдыкович мени да — өзүнүн 70 жылдык тоюна чакырган эле, мен минтип сыртта болуп калбадымбы! Ал киши Союз мезгилинде биздин республикабыздын гүлдөп-өсүшүнө чоң салым кошкон кадырлуу агабыз эмеспи!-деп тынымга москоол тарта ойлоно калган соң мени колдон алып, — ​Мамат Орозбаевич, эми сиздин маселени чукулунан чечели, азыр мен келген атайын учак менен токтоосуз Ошко учуңуз! Менден ал кадырлуу аксакалга ысык-ысык салам айтасыз, чын ыкласымдан чыккан куттуктоомду жеткиресиз! Кана эмесе, учакты Ошко учууга ылдам даярдагыла!-деп тийиштүү адамдарга көрсөтмө берип салса болобу!

Урматтуу Аскар Акаич, мүмкүн мен… көпчүлүктү убара — тарттырбай, барбай эле койсом кантет?.. Ал киши абалды түшүнөр дейм?..

Мен алгач анын сөзүнө ишенип-ишене албай, ара жолдо чайнала калдым, Ажо айтканымды укпагандай түр көрсөтүп, көлөкөдөй болуп коштоп жүргөндөрү менен даяр унааларга олтурушуп, борборго карай зуулдап жүрүп кетишти. Көп узабай эле учакка керек делген май да куюлуп, мени учкучтар трапка чакырып калышты. Учак асманга көтөрүлгөндөн кийин гана бул окуялардын түшүмдө эмес өңүмдө болуп жатканына ишендим. Мен катуу толкунданып, ээн салондогу бош олтургучтардын бирде мунусуна, бирде тигинисине өтүп олтуруп жатып кантип Ош калаасына келип калганымды да билбей калдым. Ачкабыз деген учкучтарды тамактандырып, шаардагы мейманканага жайгаштырдым.

Эртең кайра Бишкекке саат канчада кетебиз?-деп алар менин — оозумду карашат.

Камырабай эс ала бергиле, мен келгенде — кетебиз, — ​дедим, — ​саат 10дорго келишке аракет кылам!

Андан соң Шералы иниме телефон чалдым:

Шекен, мен Ошко келип калдым, жөн-жайын барганда айтамын, — той бүтө элекпи?-деп сурадым.

Ой Мамат аке, кантип келип калдыңыз? Тойдун ресторандагы — бөлүгү соңуна чыгып калды, сиз эми түз эле үйгө келе бериңиз!-Шералы адатынча бапыраңдап жооп берди.

Ошентип, белек-бечкегимди көтөрүп алып Матен Сыдыковичтин Ак-Буура дарыясынын жэгиндеги той шааниси уланып жаткан үйүнө салам айтып кирип келдим. Тоюнун өз оюндагыдай өткөнүнө курсант болгону маареке ээсинин тамылжыган жүзүнөн баамдалып, калдайган алкактуу көз айнегинин алдындагы кыраакы көздөрү күлмүңдөгөн агам тээ төрдө олтурган экен, кучак жайыша учурашкан соң алдындагы коньяк куюлган чөйчөктү дароо колума карматып:

Жол басып келдиң, Мамат үкөм, муну токтолбой, тост айтпай — туруп алып жиберишиңди суранам!-деди.

Маңдайында бетме-бет олтурушкан жакын адамдары да ошол мерчемде дымый калгандай болду. Менде өтүнүчтү аткаруудан башка айла калбай калды.

Эми, — ​деди бош чөйчөктү дасторкондун четине койгонумдан — кийин, — ​кантип тойго үлгүрүп келгениң туурасында айтып берчи! Шекен сени акыркы каттамдагы учакка жетпей калыптыр дебеди беле?

Мен мага кулак салып олтургандарга башымдан кечирген окуянын чыпчыргасын коротпой айтып бердим. Ажонун маареке ээсине жолдогон саламын, куттуктоосун да айттым. Ошондо Матен аке ичи сары коньякка толтурулган бөйрөктүү чөйчөктү кайрадан колуна алып туруп:

Анда эмесе, урматуу меймандар, Ажонун жиберген дубай — саламы үчүн көтөрөлү ушул чөйчөктөрдү!-деп сөөлөттүү боюн заматта түзөй калды.

Маарекеге Бишкектен келишкен коноктордун көпчүлүгү бул окуя туурасында кабарды угуп калышкан экен, эртеси Оштун аэропортуна келсем алардын көпчүлүгү алган билеттерин ошол жердеги кассага кайра тапшырышып, биз «Ажонун атайын учагы менен кетебиз!» дешип күтүп олтурушуптур. Алардын бардыгын бир күн илгери өзүм учуп келген учакка бейакы олтургузуп, күлкү-шат менен борборубузга аман-эсен жетип алдык.

Матен абабыздын көзү тирүү болгондо быйыл туптуура 95 — жашка чыкмак. Демек, жогорку окуядан бери чейрек кылым убакыт өтүптүр, маареке ээсинин, ал тойдун ошол кечте үйүндө уланган бөлүгүнө катышкандардын да дээрлик бардыгынын көзү өтүп кетиптир. Юбилярдын уулдары Шералы, Эсеналы агаларыбыз да биринин артынан бири актыкка моюн сунушкан… — дедим мен Мамат аганы астыртан карап.

Айткандарымдын өтүрүк эмес экендигин бекемдөөчү адам жок — деп турасың го? Жаратканга шүгүр, ошол маалда майрамдык столдун четинде Матен акенин жакын инилери: кийин Аксы районунун акими болуп, дагы башка бир катар жооптуу кызматтарда иштеген Кеңеш Ибраимовдун, Ош облустук аткомунун төрагасынын биринчи орун басарлык кызматына чейин көтөрүлгөн, азыр «Сафед-Булан, Шах-Фазил» тарыхый-мемориалдык комплексин кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси Эркин ажы Бегимкулов арабызда аман-эсен жүрүшөт. — ​деди менин сөзүмдүн түпкүрүндөгү маанини түшүнгөн Мамат агабыз.

Мына ошондо «Ат көрбөгөн минип өлтүрөт…» демекчи, ушундай алаңгазар, алешем кадамдарын Ажо ошол алгачкы жылдары эле ар кайсыл маселелерде жасай баштаган экен да деген кыжыл ой көңүлгө чүргөлүп келди…

Алымжан МОЛОРБАЕВ,

журналист, Ош шаары.

“Ачык сөз” гезити. №06 (107) 21-март, 2018-жыл

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс