Вторник , 13-Апрель 2021
Башкы бет / Дайджест / БАР БОЛ-БАЗАРБАЙ!

БАР БОЛ-БАЗАРБАЙ!

Жаз – “Дарак ыры” менен башталды

Учурда Кыргызстандын борбордук кинотеатрларында “Дарак ыры” кино-дастаны жаздын келиши менен кошо жаралган жагымдуу маанайды жаратууда. Жаш кинорежиссер Айбек Дайырбеков менен продюсер Толкун Дайырбекованын бул эмгеги кыргыз керемети аталган 1970-жылдардагы даңазалуу учукту улап чыккандай, жүрөктөрдөн жүрөккө жеткен чыгармага айланды. Баш каармандары баштап, эпизоддук каармандарга чейин, дегеле чыгармачылык жана техникалык топтун ар бири кесипкөй жигери менен иштегендиги таанылды. Белгилей кетүүчү нерсе мюзикл жанрында мурунку жылдары театр искусствосунда бар болчу, ал эми кино өнөрүндө Орто Азияда биринчи жолу тартылган кино тасма болуп калды. Булактай шыңгыраган музыкалуулугу менен өзгөчөлүү мюзикл көрбөгөн адамды арманда калтырчудай дареметте.

Тасманын баш каармандарынын бири Базарбайдын ролун чебер аткарган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков тууралуу азыноолак сөз. Базарбай-сараң бай. Сараңдыгынан элине кесири тийип, мазардын каргышына калып, элден куулат. Окуя Базарбайдын жаштарга кылган кыянаттыгы менен курчуйт. Андан соң кудаларын тоскон кечте эт бышырууга отун түгөнүп, айласы кеткен жигиттерин суук тили менен отун тапканга буйруйт. Жигит башы Өгүз ата-бабалардан келе жаткан салт боюнча кылымдар бою эл келип зыярат кылчу касиеттүү мазар болгон даракты чаап келип этти бышыртат…Кийин элдин малы кырылып, адамдарда өлүм болот. Мазардын каргышына калышат. Окуянын негизги маанисинде жаратылыштын мыйзамын бузуу эл ичин, журтту бузууну түшүндүрөт. Андайда куру намыска алдырып, элдин пейили кетери, пейил кетсе ишеним кетери, келечек жоголору эскертилет. Бул окуя чындыктан алынып, 18-кылымда өтсө дагы, актуалдуулугу азыркы учурда да жоголбогон бойдон, адамзатты ойго сала турган деңгээлде.

Бир гана бул аймакты мен башкарам, бир гана менде болсун деп пейли кеткен Базарбайды акыры эл күнөөлөп, журтунан кетүүгө аргасыз кылышат. Өз элинен четтеген Базарбай жашоонун эмне экенин башка жерден көргөн ызасынан кийин терең түшүнөт… Бирок кеч болуп калган эле…

Өткөнү өмүр-кеткен күн,

Кайрылмак беле чакырсаң.

Өлгөндөн кийин угулбас,

Көрүңдө жатып бакырсаң.

Аккан суу артка агылбайт,

Аз өмүр чексиз табылбайт.

Түбөлүк эмес адамзат,

Түшүңдүн баары кабылбайт.

 

Өзөгүм дартка туш болду,

Жүрөккө келип муз тоңду.

Өзүмдүн кылган иштерим.

Өзүмө кайра муш болду.

 

Ала-Тоо башын кар чалды,

Алаары өлүм байкалды.

Аз өмүрдү кор кылып,

Армандуу карайм аркамды.

 

Карылык кантип көнмөкчү,

Камчысын кайдан бермекчи.

Жашчылык деген кургуруң.

Жалынсаң кайдан келмекчи.

 

Кеткенден кийин келмек жок,

Кеп айтышар эрмек жок.

Энеден кайра туулуп,

Экинчи ирет өлмөк жок.

Мына ушундай чиеленишкен окуялардын ичинде Базарбайдын ички дүйнөсүн көрөрмандарга ишенимдүү, таасирдүү образ кылып жаратуу кесипкөй таланттын гана колунан келери анык. Т. Сманбековдо келбет-көрк, бой, керемет ой, үн, дегеле бардык жактан жарашып, Базарбайдын бейнесин жеткиликтүү алып чыккан.

Тасмадагы окуяны тартууга учурдагы заманбап инфраструктуралар көрүнбөй турган, табигый таза жерлер дыкат изделип жүрүп, Нарын облусунун Кочкор районундагы өзгөчө жер, башкача айтканда бир эле күндө жылдын төрт мезгилин көрүүгө боло турган Сарала-Саз жайлоосу менен Ысык-Көлдүн Каджисай аймагы тандалган. “Централ Азия фильм” студиясы жана Россиянын Cinetrain компаниясы менен биргелешип тартылган “Дарак ыры” сүйүү дастаны десе да болот. Ак менен кара, акыйкат менен зулумдук, караөзгөйлүк менен ыйман, мазар менен кесир таамай берилип, жүрөккө сүртүлүп турат. Бул айткан сөздөр жетишсиз… Тасманы көрүү гана керек. Базарбайды көрүү көп нерсени ойлонтот..

Буга чейин кыргыз киносунда көптөгөн тасмаларга ийгиликтүү тартылды. Атай келсек Б. Кадыркановдун ”Ак чардагында” Адыл, Н. Тураповдун “Аял” тасмасында Эркек, Б. Карагуловдун “Найман эненин көз жашында” Жуан-жуандардын башчысы, К. Касеновдун “Кууш жолдорунда” Милициянын полковниги, Ж. Кулманбетовдун “Чыңгыз менен Бүбүсайрасында” Чыңгыз Айтматов, “Кыз-Жигитинде” Сейитбек, “Мен сага ишениминде” Сабыр, “Жараланган турналарында” депутат Кыргызбай Мамбетов, А. Сулаймановдун “Президент жана бомжунда” Спикер, Садык Шердин “Курманжан даткасында Кокон ханынын эң ишенимдүү адамынын ж. б. бир нече каармандарды кино сүйүүчүлөргө жогорку чебердикте тартуулады.

Ал эми театр сахнасында бир топ каармандардын образын жаратып, репертуары бай. Айрымдарын атап айтканда Шекспирдин чыгармаларынан “Гамлетте” Клавдий,”Антоний менен Клеопатрада” Антоний, Бомаршенин «Фигаронун үйлөнүшүндө» Граф Альмамвива, Уильям Шекспирдин “Ромео менен Жульеттасында” Капулетти, “Гамлетинде” Клавдий, “Антоний менен Клеопатрасында” Антоний, М. Байжиевдин “Эркектер намысында” мугалим, К. Жантөшевдин “Курманбегинде” Корун, Т. Абдумомуновдун “Абийир кечирбейтинде” (“Сүйүү жана достук” деген ат менен коюлган) Нурдин, М. Тойбаевдин “Жаңы келининде” Эргеш, А. Вампиловдун “Элеттик анекдотторунда” Анчугин, Ж. Кулмамбетовдун “Бумерангында” Аскар, режиссер, “Кош жылдызында” Мирон, “Чыңгыз менен Бүбүсайрасында” Чыңгыз Айтматов, Азиз Несиндин “Жүрү берисинде” Эффер-Мырза, Гоголдун “Текшерүүчүсүндө” Шаар башчысы, Ч. Айтматовдун “Кыяматында” Бостон, С. Раевдин “Аял” спектаклинде Эркек, Т. Абдумомуновдун “Машырбек үйлөнөтүндө” Машырбек, Ж. Садыковдун “Манастын уулу — ​Семетейинде” Ысмайыл, Ч. Айтматов менен М. Шахановдун “Сократты эскерүүсүндө” Чагатай, Т. Касымбеков менен К. Сактановдун “Курманжан-даткасында” Мусулманкул-аталык сыяктуу жаркын образдары менен чеберчилигин арттырып келди.

Чыгармачылыктагы ийгиликтери бааланып республикалык Муратбек Рыскулов атындагы жана Болот Бейшеналиев атындагы сыйлыктардын ошондой эле Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты.

Учурда Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрын жетектөөдө. Жеке чыгармачылык менен жетекчилик кызматты эриш-аркак бирдей алып келет. Учурдун талабына ылайык театрдын келечек пландары алдыда чоң иш-чараларды жүзөгө ашырып, репертуарын жаңылоодо чоң максаттарга багытталган.

Бактыгүл ЧОТУРОВА

“Ачык сөз” гезити. №06 (107) 21-март, 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс