Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Жалал-абаддыктар жаңыланууну жана жаңы Президентти колдошот!

Жалал-абаддыктар жаңыланууну жана жаңы Президентти колдошот!

Эки элдик революциянын талаптары жана сабактары: бизге кандай коом керек? Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин жаштар канатынын жана Жалал-Абаддын жигердүү жаштарынын демилеси менен 2005-жылдын 24-март күнү болуп өткөн биринчи Элдик революциянын 13 жылдыгына карата Жалал –Абад шаарынын борбордук аянтында уюштурулуп жаткан эскерүү жыйынынын ураан – чакырыктары:

  1. Жаңылануу — ар бир адамдын өзүнөн башталат!
  2. Президент С. Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү, кооррупция жана кылмыштуулукту жоюу боюнча демилгесин колдойбуз!
  3. Жашасын, Кыргызстандын элинин ынтымак-биримдиги!
  4. Эл бийлиги элге! Эл байлыгы элге!
  5. Адилеттиктин кепилдиги катары Элдик Курултай орносун!
  6. Эл башына таза, билимдүү, адискөй адамдар келсин!
  7. Эл, Мекен, Мамлекет-ыйык!
  8. Мамлекеттик мүлктү талап-тоноо токтотулсун!
  9. Экономикага маани берилип, эл жумуш орундар менен камсыздалсын!
  10. Мамлекеттин ички жана сырткы коопсуздук маселелерине терең маани берилсин!
  11. Келечектин жолу — илим, билим, руханият!
  12. Жаштар- биздин келечегибиз!
  13. Тазалануу, жаңылануу, биригүү аркылуу өнүгүүгө!
  14. Башкаларды ээрчибей бабалардын жолун уланталы!

2005-жылы март айында Жалал Абад шаарынын борбордук аянтына чогулган 30 миңдей эл 20 күндөн ашык тикесинен тик туруп коомдогу жаңыланууну, адилеттикти, элдик бийликти талап кылган эле! Элдик эскерүү жыйын биринчи элдик революциянын рупору, мотору, деми болгон Жалал-Абад шаарында 2018-жылдын 24-март күнү, саат 11.00 дө башталат. Каалоочулар катышып, эркин көз карашын билдире алышат. Майрамдын урматына чакан концерт уюштурулат.

Жалал-Абад ш.

 20.03.18 Уюштуруу тобу.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс