Вторник , 13-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / Нооруз майрамына Ислам тыюу салганбы?

Нооруз майрамына Ислам тыюу салганбы?

Категория: Аналитика — Published: 20/03 — 11:18

Бир канча мусулман өлкөлөрдө жыл сайын жаздын келиши менен Нооруз майрамы даңазалуу майрамдалып келет.

Нооруз же башкача айтканда жаздын жаңы жыл майрамын майрамдоого Ислам дини тыюу салганбы –деген суроого акыркы жылдары ар кандай пикирлер айтылып келет. Бул суроого ылайыктуу жооп табуу үчүн алгач Нооруздун кандай майрам экенин жана Куран менен хадистерде бул майрам тууралуу кандай айтылганын баяндап кетүү абзел.
Кыскача тарыхчасы: Нооруз бул перси тилинде “нау руз” —  жаңы күн дегенди туюндурат. Бул күнү күн менен түн теңелип, жаңы ай календары башталат. Белгилей кетсек, быйыл ай календары боюнча  1397-жыл башталат. Бул жаз майрамынын туулган мекени Иран экени бардыгына белгилүү. Анын  пайда болгон тарыхы боюнча так маалыматтар жок, бирок 648-330-б.э.ч. жылдары болгону аныкталган. Ал эми кийинчерээк Ахеменид империясында “зартушттардын”( зароастрийцы) диний майрамы катары расмий түрдө майрамдалып калган.
Исламда кандай майрамдарды майрамдаса болот? Куранда Орозо айт менен Курман айт майрамы боюнча табышталганы менен башка майрамдарды майрамдоого тыюу салган жерлер көрүнбөйт. Бирок шарыятка ылайык,  такыба мусулман ар бир майрамды ылгоосу зарыл. Ушуга байланыштуу арам нерселер аралашпаган, динден чыгып кетүү же Аллахка ширк келтирүү  коркунучу күтүлбөгөн майрамдарды гана майрамдоого уруксат берилет.
Исламдын Ноорузга болгон көз карашы: Нооруз майрамы Исламга чейин пайда болгону белгилүү. Ал эми Куран аяттарында зартуштардын дини тууралуу айтылганы менен Нооруз майрамын майрамдоого тыюу салынган аяттар жок. Ошондой эле зартуштардын эң маанилүү болгон Нооруз майрамына тыюу салган белгилүү бир да хадис же рибаят айтылган эмес. Андыктан “Усул” (ислам мыйзамдары) боюнча  аяттар менен хадистерде тыюу салынбаган нерселерге жогорудагы (арам нерселер аралашпаган, өз дининен чыгып кетүү коркунучу күтүлбөгөн) шарттарды сактоо менен уруксат берилгени аныкталат. Ал эми учурда Нооруз майрамы түрк жана перс мусулмандардын арасында диний эмес майрам катары майрамдалаары анык.

ИИР Ноорузга тыюу салган жок.

Иран Ислам Ынкылабынан кийин, мурдатан майрамдалып келген улуттун бул улуу майрамына тыюу салган жок. Бирок, шарыятка туура келбеген жоруктарды оңдоп түзөп, ширк келтирүүчу иштерге тыюу салды. Нооруз майрамына катар даярдалган хафт-шин дасторконунда мурда арак –шараптар турса, кийин Куран китеби жана адал азыктар коюлуп калган. Ошондой эле бул күнү тууган-уруктар чогулушуп, жайыл дасторкондун алдында жакшы каалоо-тилектерди айтышып, жакшы маанайда тосушат. Ал эми бири — бирине түрдүү түскө боёлгон жумурткаларды белек кылуу менен Жараткандан жакшы тилектерди тилешет.
Нооруз  майрамы шүгүрчүлүктүн майрамы: Бул күнү мусулман өлкөлөрүндө жаңы жаз жылын тосуп алуу менен жакшы жөрөлгөлөр жасалат. Ноорузга карата даярдыктар мисалга; үй-короо тазалоо, жаңы кийимдерди кийүү, курмандык чалуу, жамаат менен сүмөлөк жасап, жакшы тилектерди кылуу, Жаратканга шүгүрчүлүк кылып, жаңы жылда жакшылык, молчулук, тынчтык калоо бул Исламдагы табышталган сооптуу иштерге кирет.  Көптөгөн мусулмандардын маданиятын чагылдырган бул салттуу майрамдын терең маанисинде ынтымакты, тынчтыкты жана табиятты сактоого чакырык жасоо камтылат.
Ал эми Ислам  дини негизи адамзаттын үрп –адаттарын жок кылуу үчүн эмес, жамандарын  оңдоп түзөп, туура нукка салууга, ал эми жакшыларын  кеңейтүүгө келген. Ошол эле учурда  шарият элдин маданиятын, улуттук каада — салтттарынын душманы эмес, анын жол көрсөткөн жандоочусу.

Каныкей Жаманкулова.

http://www.ca-irnews.com/kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс