Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / 7-апрель кыймылы саясий миссиясын аткарып бүткөн!

7-апрель кыймылы саясий миссиясын аткарып бүткөн!

7-апрелчилердин анабашымын деген Мээрбек Мискенбаевге жалпы ыңкылапчылардын атынан сүйлөө укугун ким берди? Бакиев бийлигин жалпы эл, бүт облустар түп көтөрүлө чыгып жатып кетирген. Ошол күнү аянтта болгондор 7-апрель кыймылы баш болуп, ич ара 3-4 уюмга чачырап, ит-мышык болуп жүрүшөт.

7-апрель кыймылы өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүткөн. Эми бу жигиттер энергияларын өлкө өнүгүүсүнө, тынч эмгекке, жок эле дегенде өздөрүнүн интеллектуалдык өнүгүүсүнө жумшасын. Жогорку Кеңешке СДКП аркылуу депутат кылган лидери Мээрбек Мискенбаевдин деле дараметин көрдүк.

Кайсы бир саясий күчтүн колунда союл боло бербей, тынч тирилик кылгыла, 7-апрелчилер. Кой-Таш жактагы бир-эки кишиден башка силердин кызматка суусап турган деле адам жок.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс