Вторник , 13-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / Бешбармак, чучук, Гиннес жана көралбастык

Бешбармак, чучук, Гиннес жана көралбастык

Рекорд

Алгач “Кыргыз тилектештиги“ коомдук уюмунун мүчөлөрү Элнура Кулуева, Дана Абдыбековалар 5-март — ​Ак калпак күнүнө карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында 1 тонна бешбармак, 100 метр чучук даярдай тургандыгы социалдык түйүндөр аркылуу айтылганда көпчүлүгүбүз ишенип-ишенбей калганбыз. Анткени каатчылык болбосо да, кымбатчылык заманда азыр мынча тамакты кой, үйүңө 4–5 кишини чакырып коноктоо эле оңой эмес каражат менен түйшүктү талап кылат эмеспи. Болгондо да бул иш чара бешбармак менен чучукту Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында жасалып жаткандыктан, бир топ санитардык жана эл аралык эрежелерди аткаруу зарыл.

Иштин башталгандыгынан башталышы кыйын

Баарынан да дүйнөгө кыргыз элин, каада-салтын тааныта турган бул иш чара шаар бийлиги борбордук аянтты бербей койгондуктан улам 11-март күнү “Аюу гранд” соода үйүнүн аянтында болору жарыяланганда коомчулуктун шектенүүсү ого бетер күч алган. Көрсө, расмий түрдө айтылбаса да мэрия антисанитарияга жол берилип кетип же бир балекет болорунан чочулаптыр. Ким билет, бийликтин жеке адамдардын ушундай алгылыктуу демилгесине кайдыгер мамиле жасагандыгы кайра намыстандырдыбы, айтор эл арасынан бири жылкысын, бири унун, башкасы отун-суусун көтөрүп, бизге окшогон журналисттер моралдык дух берип сүрөп турдук.

Гиннестин рекорддор китебине каттоочу тарап менен байланыш түзүлүп, аларга баардык аткарылган жумуштарды көргөзүү боюнча 700 АКШ доллары төлөнүп, арыз менен кайрылышкан. Ал жактан “арызыңар кабыл алынды, каттатуучу иш-чараны өткөрсөңөр болот” деген жооп келгенден кийин гана ишке шымалана кирише башташкан.

Демөөрчүлөр кимдер?

Эң алгач бешбармак эттен жасалгандыктан, 1 тонна жасаш үчүн 700 килограмм жылкынын эти керектелери эсептелип чыкты. “Ассалам” деген кайрымдуулук фонду 5 жылкыны берерин убада кылса, Узак Бактыбеков деген жеке адам 2 жылкыны союп берүүгө макулдук берди. Ал эми маркум М. Өмүракуновдун жубайы Ч. Шейшекеева да бир жылкы кошту. Ошентип 8 жылкы евро стандарттагы, халал индустрия боюнча сертификаттары бар “Торо” касапканасында бата менен союлду. Андан кийин “сегиз камыр сексен эт” демекчи бешбармактын камырын даярдоону “Алия” ун комбинаты моюнга алды. Ал эми 2 тонналык сыйымдуулуктагы чоң казанды атайын даярдоого буюртма берилип, 2 миң доллар акча жана үч күн убакыт талап кылынган.

Бешбармактан тышкары 100 метр чучукту да даярдоо оңой болгон жок. Адатта аш-тойлордо бир жылкынын чучугун жарбай, ичине эт, пияз жана башка азыктарды салып жасоо канча түйшүк экендигин эске алганда, анын чыгымынан да баардык шарт-талап менен бири-бирине улаштырып тузун ашык же кем кылбай жасоонун, бышыруунун оңой эместигин элестетип көрүңүз. Бул машакаттуу түйшүктү “Тойбос” этти кайра иштетүүчү компаниясы өзүнө алып, ишеничти актады.

Баардык санитардык эрежелер сакталды

Жогоруда белгиленгендей, Гиннестин рекорддор китебине катталган тамак-аштарды жасоодо санитардык нормалардын сакталышына да өзгөчө көңүл бурулат экен. Андыктан ашпозчулар ак халат, колуна мээлей кийип, өздөрүнүн да санитардык китепчеси болуш керек. Эгер бир аз гана калпыстыкка жол берилсе же жеген адамдар уулана турган болсо, анда буга чейинки түйшүк менен каражаттар жокко чыгып, дүйнө жүзүнө шерменде болуп калышыбыз мүмкүн эле. Себеби бешбармак да, чучук да бышырылып, видеого тартылып жана массалык маалымат каражаттарына көрсөтүлгөндөн кийин келген элге, жардамга муктаждарга таратылып берилери алдын-ала жарыяланган. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, бул талаптардын аткарылышына Өкмөттүн алдындагы фито-санитардык кызмат, Бишкек шаардык мэриясы, Октябрь райондук санитардык көзөмөл органдары көзөмөл салып турушкан. Ал эми эт көзөмөлчүлөрдүн көз алдында ондогон чакан казандарда отко бышырылып, мээлейлери спирт менен жуулган 70 ашпозчу тарабынан тууралды. Бул санитардык нормалардын аткарылышы күбө катары атайын каражаты төлөнүп Швеция жана Италиядан чакырылган эки ашпозчунун көз алдында жасалды.

Дүйнөлүк жаңы рекорд жасалды

“Баардык жолдор Римге алпарат” демекчи, 11-март күнү бишкектиктердин көпчүлүгү таң атпай эт менен камыр жыттанып, түтүн булаган Туңгуч кичи району тарапка агылып жөнөштү. Уюштуруучулардын маалыматында, беш миңге жакын эл келип, ийне ыргытсаң жерге түшпөй азан-казан болуп турушту. Ошентип эл менен ММКлардын көз алдында кыргыз тарыхындагы эң чоң казанга 650 килограмм тууралган эт түшүп, үстүнө 700 килограмм камыр кошулуп, чык куюлду. Атайын казан домкрат менен көтөрүлүп, электрондук таразага тартылып, салмагы алынып салганда таза бешбармак 1464 килограмм чыкты. Ал эми чучуктун узундугу күткөндөгүдөн да ашып, 117 метрге жетти. Гиннестин рекорддор китебине каттоо боюнча баардык талаптар аткарылган соң гана бешбармак менен чучук иш чарага күбө болуу үчүн келген элге жана жардамга муктаждарга бекер таратылып берилди.

Көралбастык жана бийликтин мамилеси

Тилекке каршы эртеси күнү айрым адамдар көралбастыктанбы же башка ой мененби, кыскасы социалдык тармактар аркылуу бул иш чараны сындаган ойлорун билдирип жатышты. Алардын айрымдары “ушундан көрө балдарга билим берүүгө акча жумшашса боло…” десе, дагы бирөө “элге жетпей калды, ушинтип уюштурбай эле коюшпайбы” дешип, анча-мынча сүрүлүшкөн элдин “маданиятсыздыгына” кейип жатышты. Дагы бирөөлөр союлган жылкыларга боору ооругандыгын билдиришти. Ошол эле учурда мындай “ура патриоттор” бир адам да жакалашып мушташпагандыгын, кыргыз элинин кең пейилдиги тууралуу сөз кылбай, өздөрүнүн “ичтен чыккан ийри жылан” сыяктуу душман экендигин көрсөтүп коюшту.

Баарынан да атайын чакыруу жиберилгенине карабастан, өлкө башчы, өкмөт башчы, шаар башчы же парламенттин төрагасы, жок дегенде бир депутат басып келип, сүйлөп койгонго жарашпады. Бул иш чара кимдир-бирөөнүн жеке үй-бүлөлүк тою болбогон соң, дүйнө жүзүнө кыргыз элинин аты чыгып, Кыргызстан деген мамлекет таанылып жаткан соң бир сом салым кошо албаса да ошо мамлекетти башкаргандар куру сөзүн айтып коюшса, өздөрүнүн эле аштай төгүлүп аткан абийири жабылмак эмес беле. Анткен менен Россиянын дүйнөлүк “Раша тудей” телеканалы, “Риа Новости” агенттиги, Түркиянын Анадолу, Ирандын Fars news агенттиктери Бишкектеги бешбармак жана чучук майрамын видео, текст, фоторепортаж түрүндө кеңири чагылдырышып, өздөрүнүн миллиондогон аудиториясына кыргыз элинин каада-салтын, улуулугун даңазалашты. Демек, эл менен мамлекеттин тиреги кайсы бир ууру партия же жеп ичер чиновниктер эмес, эл өзү жана анын кылымдардан бери унутулбай сакталып келаткан каада-салты турбайбы…

Эмилбек Момунов

«Жаңы Ордо» гезити. №08 (581),  16-март, 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс