Среда , 28-Июль 2021
Башкы бет / Дүйнө / Ирандын кара икрасы дүйнөдөгү өтө суроо талап жогору азыкка айланды (фото)

Ирандын кара икрасы дүйнөдөгү өтө суроо талап жогору азыкка айланды (фото)

Категория: Иран — Published: 13/03 — 10:40

Иран икрасынын Европага экспорту өсүүдө.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, дүйнөнүн эң чоң  деңизи болгон Каспий деңизинде сейрек кездешкен беш түрлүү икралуу балык өсөт.  Бул балыктардын саны азайып бараткандыгынан улам аларды уулоого көп жылдан бери тыюу салынып келет. Ал эми быйыл 5 өлкөнүн (Иран, Азербайжан, Орусия, Түркмөнстан, Казакстан) өкүлдөрүнүн “Каспий деңизинин тирүү булактарын сактоо” деп аталган 37-отурумунда икралуу балыктарды уулоого тыюу салуу келишими дагы 2018-жылдын аягына чейин узартылган.

Белгилей кетсек, жогорудагы тыюу салуулардан улам бул балыктар Иранда атайын шарттарда өстүрүлүүдө. Мындай балыктарды өстүрүү кыйынга турганына карабастан Иран икра базарындагы өзүнүн күчтүү атаандашы болгон Кытайдан да озуу менен Европага болгон экспортторун жыл сайын ийгиликтүү жогорулатууда.  Ал эми Мазендаран  Каспий дарыясынын эң узун (338 км.) жээги катары бул багытта жакшы иш-аракеттерди баштаган. Учурда Мазендаран икралуу балыктарды өстүрүүдө өлкөнүн эң алдыңкы орунда жана Жакынкы Чыгыштагы эң ири жайы болуп саналат.

Мазендаранда икралуу балык өстүрүүгө 61 миң кв.метр жай бөлүнгөн жана анда 290 миңге чукул балык багылып, жылына 400 тонна эт менен 31,7 тонна икра өндүрүлөт.

Эске салсак, экспорттолуучу кара икранын 1 килограммы 3 миң долларга бааланат. Ирандын кара бермети көбүнчө Америка, Швейцария, Германия, Франция, Голландия, Испания жана БАЭге экспорттолот.

http://www.ca-irnews.com/kg/iran-kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс