• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Жаздын эпкини тийгенби?

Автор:ruh_admin

Мар 9, 2018

Баягылар эле…

Буйруса, күн жылуулай баштады. Араванда эрте бышчу картөшкөлөрдү дыйкандар жерге салышты. Калган жашылчаларды да эгүүгө күн жакындап калды. Эми төрт түлүк мал көк чөп жеп көп кол карабай калат. Кыштын кууралын жон териси менен өткөргөн карапайым эл өзүнүн тилегин ашырууга умтулуп жатканы кубанарлык. Кыскасын айтканда өлбөгөн жанга жаз келди деп айтсак жарашат. Мээнеткеч адамдар эч качан саясатка көз артпайт жана баш оту менен кирип кетпейт.Алар ириде өлкөнүн бейпилдигин, элдин бакубаттуулугун каалайт.

Тилекке каршы мезгилдин жазын башкача маанайда тосуп алууга ниеттенгендер да жок эмес. Чыдамсыздык менен мартты зарыгып күткөндөр чака-дагарасын калдыратып, айлананы даңгыр-күңкүргө бөлөөгө кызыктар. Болгондо да ар качан бийликтин дарегине котур ташын ыргытып, түз бараткан кемеге ызылдатып “шамал” жиберүүгө ынтызарланышат. Бул бекер жерден эмес дегенге толук жүйөө бар. Шектүү иштери менен камактын төрүнө кирип калган “саясатчы сыяктууларды” эркиндикке чыгарууга жанталбас кылышканынын кандай илинчеги бар болду экен деген суроонун жообу жөнөкөй эле чечмеленет.

Мамлекеттин өнүгүүсүнө, улуттук дөөлөттөрдүн ааламга жайылышына карата тескери көз караштагы “азаматтар” оң нерсени сол кылып сыпаттоого куштарланат. Үч күн мурда оболу Жогорку Соттун, андан кийин ак үйдүн алдына келип митинг өткөргөндөр негедир Текебаевдин, Жапаровдун сүрөттөрүн көтөрүп алышканы айрымдарды таң калтырды. Көбүнчө ушул эки соттолгон кишинин тарапташтары чогулганы да айгине болду.Мындан сырткары “төңкөрүш” жасоону пландаштырып камалгандарды да адилетсиз соттошту деген пикирлери камтылган. Арийне, күч түзүмдөрү ашкеби эмес да жөн жерден эле тигилерди кесип жибергидей. Айныгыс далилдерин таап туруп соттошконун ким жокко чыгарууга кудурети жетет? Бул маселени ак үйдүн алдына чыга калып чечип салгыдай жеңил-желпи иш эмес.

Ооба, соттордун, башка күч түзүмдөрүнүн кемчиликтери толуп жатат. Санап отурсаң оозуң Пекинди карап калат. Бирок, шектүү кылмыштарга дуушар болгондорду кыйкырык аркылуу боштондукка чыгарып алсак анда мамлекет дегендин түбүнө жетип коёрубузду неге эсибизге албайбыз? Мындай жолду байырласак түрмө дегенди унутушубуз кажет. Ким күнөөгө батса ошол адам мойну менен жооп берүүсү мыйзамга бап келет. Эгерде мыйзамды тебелесек анда өлкөнү башаламандык каптап каларын да капарыбызга түйөлү.

Кызык жери-митингге чыккандардын билермандары биз азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун демилгесине макулбуз.

Коррупцияга каршы күрөштү колдойбуз дегени менен өзүлөрүнүн “кумири” болуп калган камактагыларга боор тартып митингге чыкканы оркойуп көрүнүп калып жатпайбы, катыгүн. А.Атамбаев деги кетти, балким ушинтсек ажобуз жумшарып кетер деген ойлору ачык эле байкалып турат. Тагырагын эле ойкутуп, кайкытпай билдирип кетели. Эч убакта шоп этип камактагылар чыгып кете албайт. А.Сегизбаевди, И.Жолдубаеваны, А.?Токбаеваны кемчилик кетирсе силерсиз эле президент иштен четтетип салары бышык.

Ал эми митингди козуткандар баягыл эле таанымал жүздөр. Өндүрүш Токтонасыров, Мавлян Аскарбеков, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Айбек Бусурманкулов, Гүлнара Журабаева, Адил Турдукулов, Каныбек Иманалиев сыяктуу күрөшкө тойбогондор алдыңкы катарда болушту. Бирде кошулуп, кайра булт этип көрүнбөй калган сакалчандар деле биротоло булардын тобуна байланып калат дештин өзү апыртмалуу дегенге негиз бар. Саясат дегениң ар кандай оюндарга аралаштырат. Албетте, бул жолку митинг алгачкы репетиция деп койсок туура келет. Себеби, дагы далай “идеялар” токулат “новаторлор” тарабынан. Эдил Байсалов, Равшан Жээнбеков аттуу демилгечилер турганда “уйлар кысыр” калбайт. Батышка, Малайзияга кошо эс алууга баргандар тим отуруп каларына ким кепилдик бере алат? Эч ким. Демек, жаз айларында булар эпкиндеп турууга муктаж. Антсе да мындай шоумендердин жетегине карапайым калк азгырылбайт. Шоуну өлө жактыргандар Соттун, ак үйдүн алдына жарамазанын айта берсин. Минтип жадырап-жайнап, жаркөптөй кайнап турушпаса келе турган каражаттын кранын “демөөрчүлөр” жаап койсо шору катпайбы, кургурлардын. Ошонун эсебинен оокатын кылгандар болсо “отчетун” катыра жазышып, он миң адамды аянтка алып чыгып, кызыл өңгөчү айрылгыча ызылдаттык деп өз кожоюндарына маалымат жөнөтүүгө аргасыз.

Ж.Улукшер

«Ачык сөз» гезити. №05 (106) 8-март, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс