Вторник , 13-Апрель 2021
Башкы бет / Дайджест / ЖАМАЛЫҢДЫ САГЫНДЫМ, ЭНЕ!

ЖАМАЛЫҢДЫ САГЫНДЫМ, ЭНЕ!

Энесин жоготуу өкүнүчтүү

ЭНЕКЕБАЙ, мен азыр да сени эстеп отурам. Жаз келип жол ачылганда сага барып дидарыңа тойсом, сага болгон кумарымды жазып, мээримиңебөлөнсөм, көкүрөгүңө башымды коюп жаш балача эркелесем деп жүргөм. Тилекке каршы бир күнү таң сүрүлүп жатканда магасенин көзүңдүн өтүп кеткени жөнүндө суук кабар жетти. Бул кабар жүрөгүмдү эңшерип, мага асман кулап төбөмө түшүп кеткендей, жайкы ысыкта элдер түбүнө отурчу чооң түп саябандуу чынар күп эте жерге кулап түшкөндөй сезилди.

“Биз жакта кар оор. Тоолордон тынбай көчкү түшүп жатат, келбей тур”, деп эскертишти аваларым. Мен үчүн дүйнөдөгү эң кымбат заттын көзү өтүп кетсе кантип барбай коё алам, дароо жолго чыктым. Чындыгында да жол өтө оор экен, азап-түйшүк менен топурагы алтын Жаңы-Шаарыма төрт жарым күндө араң жеттим.

ЭНЕ, мен өзүм туулган, сен 14 жашыңда келин болуп келип 78 жыл жашаган коргонго киргенде ушунча жыл ошол коргончонун көркү, үйдүн сөөлөтү болгон сени таппай калдым. Адатта мени кучак жая босогодон өзүң тосуп алчу элең. Тажикстандагы жарандык согуштун айынан алыста жашап калып, көзүңдүн тирүүсүндө жетип бара албаганым, табытыңдын бир сабын кармай албай, бейитиңе бир ууч топурак сала албай калганым үчүн катуу өксүдүм. Көзүң жумулуп кетээрде да “ботолорумдун бири алыста калды” деп мени эстеген турбайсыңбы, аттиң!

Бейитиңе барганда сага алма бактын түбүнөн орун тийгенин көрдүм. Өзүң да жемиш багын жакшы көрчү эмес белең. Атам багбан болуп иштеп жүргөн жылдары бизге жемиштин ар бир түрү жөнүндө айтып берчүсүң. Эми да барып бактын түбүнө жатып калганыңды карачы.

“Эжебизге 93 жашта деп давра түшүрдүк”, -деп айтты айылдын имамы молдо Турдубек ава мага көңүл айтканы келгенде. Мурунку жылы кабар алып барганымда даарат алып, намаз окуганда отуруп-турууң оорураак болуп жатканын айтканыңда мен карылыктан улам дарманыңдын кете баштаганын туйгам. Жазында дагы кабар алып барууну чечкем. Ошондо кат-кат бырыш басса да мен үчүн күзгүдөй тунук көрүнгөн жүзүңдү акыркы жолу көрүп жатканымды билбептирмин, ЭНЕЖАНЫМ!

Ыраматылык атам: “Энеңерден мурда өлсөм арманым калбайт эле. Менин кемпирим куда кааласа көп жашайт. Себеби, ал молдо Ысак казынын кызы болот. Силердин таятаңар 1917-1919-жылдары тоо боору менен тиги Чоң-Кыргыз айылынан Жол-Терекке чейинки чоң арыкты каздырган. Андан бери алты кыштактын эли, жан-жаныбарлар ошол арыктан суу ичип, жемиш бактары өсүп, авлилер гүлдөп жатат”,деп айтчу. Тилеги кабыл болду го, атамдын сапары мурдараак карып, сен болсоң бир кылымдай жашадың.

ЭНЕКЕБАЙЫМ, мага тарых, санжыра жагына болгон ышкы атамдан, ал эми ыр-сыр чүргөйкоюуга, эне тилине болгон кызыгуум өзүңдөн жукса керек. Сенден жазып алган “Ак Мактым”, “Кулмырза менен Аксаткын”, “Токтожан”, “Апыл-тапыл кара таш” ж.б. дастандар, “Манастын” ичкилик кыргыздарда айтылчу шербеттей ширин үзүндүлөрү, жомок-кошоктор, макал-лакаптар, жарамазандын Кара-Тегин кыргыздарында айтылып келген вариантынын кол жазмаларын мен мен үчүн баарынан кымбат нерселер катары сары майдай сактап жүрөм. Жараткан буюрган болсо кайсы бир күнү китеп түрүндө чыгып калат деген үзүлбөгөн үмүтүмүм бар.

ЭНЕКЕБАЙЫМ! Бирде таятабыз жөнүндө мага айтып берген төмөнкү баяның эзели эстен чыкпайт.

-Кара-Тегинде (Тажикстандагы Жерге-Тал району жайгашкан өрөөн) кеңеш бийлиги жаңы орноп жатканда кызылдар Кашка-Терек айылына келип менин атам Молдо Исхак казыны издешет. Атамды таппай калгандан айылда жашаган Бухара амиринин жергиликтүү өкүлү Абдал уулу Дөөлөтмандын уулу Махмарасул токсобаны тутуп кетип Корумга алпарып атып салышат. Бул кабарды уккан атам беш бир тууган инисин үй-бүлөлөрү менен ээрчитип алып 1925-жылдын жайында Кытайды көздөй качат. Биздин оокат-аш, жамынчы-төшөнчүлөрүбүз жүктөлгөн ат-төөлөр жана мал-салыбыз менен убап-чубап Кытайды көздөй баратканыбыз менин эсимде сакталып калган.

“Жол азабы – көр азабы” дегендей түнөп-конуп жол жүрүп отуруп эки жарым ай дегенде Кашкар шаарына жеттик. Атамдын диний билими терең экенин билген уйгурлар көп узабай аны Кашкар шаарындагы бир мечиттин имамдыгына дайындашат. Биз башта уйгурлардын тилин жакшы түшүнчү эмеспиз. Бара-бара үйрөнүп, сүйлөй да баштадык. Кашкардын жака-белинде азыркы Кыргызстандан 1916-жылы Көл тараптан үркүп барган кыргыздар да бар экен. Биз алар менен тууган катары катташып турдук. Кийинчерээк ал жакка Кара-Тегин тынчыптыр, кызылдар атканын атып, камаганын камап эми эч кимге тийбейт экен, деген кабар угулат. Бул кабарды уккан атамдын үкөлөрү, алардын аялдары, балдары биз өз эл-жерибизди сагындык, кайра жерибизге кетели деп атамды катуу кыстоого алышат. Атам акыры ынап, биз сүйүнүп, кетүүгө камындык.

Ошентип колдо калган азганакай малыбызды айдап алып 1929-жылдын жайында Кара-Тегинди көздөй жолго чыктык. Мен анда жашым он бирге толуп эс токтотуп калгам. Менин энем Айымбүбү жолдо каза болуп, анын сөөгү Кытай жеринде калган. Атамдар анын сөөгүн бизден жашырып жерге беришкен. Көрсө ошондо энемдин боюнда бар болуп ай-күнү кирип калган экен. Жолдо бир жерде каракчылар чыгып жол тосушат. Атам башкаларга силер аттарыңарды чаап кете бергиле, деп айтат да өзү баш болуп Кашкардан уйгурлар кошуп берген эки күзөтчү жана инилери болуп каракчылар менен алышып калышат. Энем көпкө атын опоңдотуп чаап жүрүп отургандыктан боюндагысына күч келип каза болуп калган экен. Энем жерге берилгенден кийин биз жолубузду уладык. Чындыгында энемдин өтүп кеткенин биз билбей калыптырбыз. Көрүп калышса ыйлап амалыбызды кетиришет деп сиңдим Айымкан экөөбүздү башка балдарга кошуп бир жеңебиз оо нарыда алаксытып жүргөн экен. Качан гана атам атына минип Айымканды өңөрүп, мени учкаштырып алганда биз энебизди жоктоп ыйлай баштадык. Ошентип энебиздин сөөгү азыркы Кызыл-Суу кыргыз автоном улоятында калды.

Сары-Колго (Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы Мургаб району) келгенде атам түштөнүп алуу үчүн көчтү Панж дарыясынын жээгине токтотту. Түштөнүү учурунда өзүнүн эки жагына алып отурган Айымкан экөөбүздү улам көкүрөгүнө кысып, өөп-жыттап жатты. Анан эле биздин беттерибиз нымдаша баштады. Мен башымды өйдө көтөрүп карасам атамдын көздөрүнөн жаш агып жатыптыр. Мен: “Ата, сиз неге ыйлайсыз”, деп сурасам ал мага жылмая карап: “Күмүшайым, менин көздөрүм учунуп ооруп калыптыр”, -кызым деп кулагыма шыбырап койду.

Дасторконго дуба кылынгандан кийин атам ордунан турду да инилерине карап: “Үкаларим, мен ушул жерден Ооганстанга өтүп кетем. Кара-Тегинге барбайм. Ал жакка барганда орустар мени казы элең, молдо элең деп атып салышаары турган иш. Мен өз кара жанымдан коркпойм. Бирок, силер карап тура албай мага болуша кетип баарың кырылып калып аялдар, бала-чака карышкыр тийген койдой чачылып кароосуз калышы мүмкүн. Кой, менин кесирим силерге тийип калбасын. Орустарды кара таандай калың эл деп уккам. Бүгүн алардын ооматы келип турган чак, аларга тең келе албайбыз, куш калгыла, акыреттен дидарлашабыз”, -деп айтты да баарыбыз менен коштошуп атына минип камчылаган бойдон Панж дарыясын көздөй жүрүп кетти.Биз баа рыбыз жол башчыбыздан айрылып, боздоп ыйлап кала бердик. Жакында эле энеден ажыраган Айымкан экөөбүз атабыздан да ажырапкалганда жер тепкилеп ыйлап жаттык. Көрсө, Ооган тарапка өтүп кетүүнү муда эле ойлонуштуруп койгон атам жана ошону үчүн көз жашын көлдөтүп, Айымкан экөөбүздү тойбой өпкүлөп жаткан экен, аттиң!

Биз атамдын карааны көздөн кайым болгончо карап турдук. Атам менен коштошкон, Айымкан экөөбүз тирүү жетим калган ошол ирмем көз алдымда дагыле тартылып турат.

Кара-Тегинге келгенден кийин мурда молдо Исхак казы деген даңазалуу, оокаттуу инсандын кыздары Айымкан экөөбүз жетимчиликтин азабын аябай эле тарттык. Жашоо-турмуш оор болгондон курсагыбыз жарытып тойбойт. Киймдерибиз жыртык, өңү-башыбыз жүдөө.

Ошол азаптуу күндөрдүн биринде биз жашаган чоңавабыздын үйүнө бир бейтааныш киши  келип калды. Ал киши биздин таятабыз Сайым байдын бир тууганынын уулу Абдилмажит деген таякебиз экен, биздин Кытайдан келгенибизди, энебиздин жолдо каза болуп калганын угуп Баш-Пилдандан келиптир. Таякем Айымкан экөөбүздү кучактап алып көкүрөгүнө бек кысты да кулагыбызга: “Гүлдөрүм, мен силердин энеңердин авасы болом. Силер куп десеңер мен чоң аваларыңардан ураксат сурап силерди Баш-Пилданга өзүмдүн үйүмө алып кетейин, барасыңарбы? Силер каалаган күнү кайра өзүм биякка жеткирип коём” -деп шыбырады.

Курсагыбыз жарытып тойбой, түртүнчү болгон биздин кулагыбызга таякемдин бул сөзү жагымдуу угулду. Ал атамдын инилеринин уруксатын алып бизди атына мингизип өзүнүн үйүнө алып кетти. Таякемдин зайыбы ак элечектин алды болгон алтындай аял экен. Алардын үйүнө жетээрибиз менен башта курсагыбызды тойгузду да жуундуруп, кийиздей болуп кирип калган чачтарыбызды тарап-өрүп үстүбүзгө бизден жаңы көйнөк кийгизип койду. Ошондогу сүйүнгөнүбүзгө чек жок эле. Неге Баш-Пилданда тыт көп өсөт десе көрсө ал жерде элдер була курт багып, алдан алынган жибекти ийрип колдо эле токуп андан көйнөк-көнчөк тигип алышат тура.

Башкы-Пилдан тажик аралашкан, жемиштин көп түрлөрү өскөн кыштак экен. Кашкарда жашаганда уйгурчаны үйрөнүп алсак, бул жакка келгени тажик тилин өздөштүрө баштадык. Керээли-кечке өзүбүз теңдүү кыздар менен бак ичинде кууша ойноп, мөмө-чөмөнү каалаганча жеп Айымкан экөөбүз тез эле оңолуп калдык. Таятамдан эркек тана калбагандан бизде бир тууган таякебиз болбоптур. БиздиКашка-Теректен алып кеткен Абдилмажит таякем таятамдын бир тууган иниси экен. Таятамдын Жалил аттуу дагы би р иниси бар эле. Анын авлисинде (короо) чоңдугу тооктун жумурткасына жакын болгон беш түп карт жаңгак бар экен. Күз келип үлп эткен сыдырым жүрсө эле төбөдөн жаңгактар жерге жамгырдай төгүлүп калчу. Кабыгынын жукасынан кээ бирлери жерге түшкөндө эле чачырап кетчү. Биз жаңгактарды алаканыбызга катуу кысып эле сындырып маңызын жей берчүбүз.

Бир күнү таякемдикине атамдын инилеринин бири келип калды. Ал бизди Кашка-Терекке алып кеткени келиптир. Айымкан экөөбүз ал жакка кетүүгө ынабай койдук. Арадан күндөр, айлар өтүп жатты. Биз да чоңоюп жаттык.1934-жылы мен 14 жашка толгондо Балтабай-командир деген барып мени бир тууган жээни болгон силердин атаңарга алып берди. Мен ушул үйгө келин болуп келгенде Айымканды да ала келип кийин аны күйөөгө өз колум менен бердим.

Балтабайды силер бала кезде көрүп калдыңар. Ал өлөөр-өлгөнчө (1964-жылы өлгөн) тапанчасын таштабай, кылыч жана мылтыкты асынып, алкынта ат минип жүрдү. Ал биздин бай тобунан болгондон кез-кез Баш-Пилданга келип бизден кабар алып турган. Балтабай-командир Кара-Тегин өрөөнүндө совет бийлигин орнотуу учурунда ыктыярдуулар отрядын түзүп, жигиттери менен басмачыларга каршы күрөшкөн. Азам басмачынын башын кескен.

ЭНЕЖАНЫМ, сен дамамат менин атам тирүү деп айтчусуң. Тигине, ал Чоң-Арыктын боюнча жүрөт деп, молдо Исхак казы каздырып узундугу он алты чакырымды түзгөн Чоң-Арык тарапты сөөмөйүң менен көрсөтүп, көз жашыңды сүртүп койчусуң. Көрсө сенин көз жашың ата-энеңдин жытына тойбой калуунун, аларга болгон кумарыңдын канбай калуунун жашы тура. Чын эле сенин атаң өлгөн жок. Анткени, ал чыгарган Чоң-Арыктын суусу аймакты бир кылымдан бери бейиштей сусуулукка бөлөп, мөмө-жемиштинаймагына а йлантып келет.

ЭНЕКЕБАЙ, бүгүн сен Хабибула экөөбүзгө биз бала кезде көгөнгө козу байлатып кой сааган, бизге жыгач такчыга алма талкан кошуп айран куюп берген күндөр эсиме түшүп жүрөгүм мыкчылды. Сенин чебер колдоруңдан чыккан томогодой апапак кыргыз үйүбүз тээ алыстан көзгө бөлүнө көрүнчү. Сен жасаган кереге чалгыч, эндүү боо, уук тизгич, жел боо, ашкана, үйдүн астына төшөлгөн терме, чоймо, кийиз, көлдөлөң сыяктуу жасалгалар үй ичин ажайып сулуулап турчу. Хабибулла экөөбүз тоо боорунан арчанын куураган бутактарын терип өзүң эшип берген кыл жиптерге таңып ылдыйды көздөй тоголотуп жибергенибизде андан үрккөн музоо-торпоктор ноктолорун үзө качышчу. Биздин бул жоругубузду айтып коңшу-колоң аялдар арызданып келишчү. Кечки чай учурунда биздин жосунсуз жоругубузду айтып мени башкалардын алдында уят кылдыңар деп кейип калчусуң. Бүгүн ошондогу жоругубуз үчүн сени уялткан учурларды эстеп зээним кейип кетти.

Атам багбан болгондон жемиш бышкан кезде жайлоодон түшүп келип өрүктүн не бир жакшы түрлөрүн данектеринен ажыратып сөрүгө жайып кургатчусуң. Өрүк суусуна эзип берген курутуңдун даамы дале таңдайымдан кете элек.

Мээрбаным ЭНЕ! Ар бир ул-кыздын үйүндө сенин изиң калды. Сенин колуңдан чыккан кажарылар, чоймолор, кийиздер, тикмелер, какмалар, туш кийиздер, курак төшөктөр жана жууркан-жаздыктар, ийине келтире өңдөлүп тигилген тери тондор сенин изиң эмей эмне? Бармактарыңдын бардыгынын “Г” тамгасына окшоп кыйшайып калганы ошол уздугуңа күбөсү эмей эмне?

ЭНЕКЕБАЙ, артыңда 66 неберең, 200дөн ашуун чебере-кеберелериң калды. Алар сенин мөмөлөрүң, арбагыңа багыштап куран окуп дуба кылып тураар урпактарың. Жаткан жериң жаннат болсун, САЯБАНЫМ ЭНЕ!

Уулуң: Абдил-Ахат КУРБАН уулу.

«Ачык сөз» гезити. №05 (106) 8-март, 2018-жыл.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс