Вторник , 13-Апрель 2021
Башкы бет / Дайджест / КЕЛИН ЖАКШЫСЫ—КУТ

КЕЛИН ЖАКШЫСЫ—КУТ

Жакшы келин—сыйдын кенчи

«Келинге тарткан көшөгө,

Көгөрө бербейт өзү эле.

Алкышын алса элинин,

Ал көгөрөт тез эле»

Райкан Шүкүрбеков

Келин — ​бул колуктудан өткөн кез. Кыргыз элине кеңири тараган «Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын», — ​деп айтылган макал жаңы келген келинге арналыптыр. «Келини жакшынын керегеси алтын», — ​деген сыңары, адатта, кыз баланы бирөөнүн бүлөсү дешет. Анткен менен ата-эне үчүн балдарынын баары бирдей. Кыз бала бойго жетип, Жараткандын буйругу менен башкалардын бүлөсүнө кошулат. Кайнене менен келиндин жашоо тиричиликтерин бирге улантат. Эми, кыз бала келин болгону өз энесинин колунан кайненесинин колуна, тескөөсүнө өтөт. Кеп мына ушул тескөөдөн «какыс-кукустуктан» чыгат. Ага айрымдары чыдаса, кээ бирөөлөрү чыдай албайт.

Негизи кайнене тескери деле эч нерсе айтпайт: «эрте тур, төшөктү мындай сал, тигиндей сал, уйду мындай саа, оттуу андай жак, улууларга тигиндей мамиле жаса, жүгүн, үйгө алдың менен кир, артың менен чык, чайды мындай куй, чамасын төк, корулдатып уурттаба…» ушул сыяктуу өз үй бүлөсүнүн жазылбаган мыйзамдарын таңуулайт. Айтор, төркүнүндө кичине кезинде үйрөнө албай калган кемчиликтерин үйрөткүсү келет. Албетте, «азоо чалыштарга» мындай мамиле жаман угулат, каяша айта баштайт, мурдун чүйүрөт, улууларга тик карайт, сыйлагысы келбейт. Мына ушунун баардыгы анан, кайненеге бычактай тиет.

Бала бойго жетип, өзүнчө турмуш курганга чейин ата-эненини колундагы аманат болсо, андан кийин ата-эне да баланын колундагы аманат деп билүү керек. Ошон үчүн эки тарапта тең ынак мамиле болушу милдет.

Кайнене билгендерге үйдүн куту. Андан келин акыл үйрөнгөн, жашоонун, мамиленин жол-жоболорду билген. Кайнененин үйрөткөн акыл-кеңештерин жаман тарапка бурбай, түбөлүктүү эне болоорун унутпасак. Себеби, сөөктөрү дагы бир жерден чыгып, бир мүрзөгө да коюлат эмеспи.

«Келиндин боюна бүтсө, кемпирдин мойнуна бүтөт», — ​дегендей келинди кайненеси төрөтөт, баласын багат, кээ бирлери өз келининен кызганат.

Келиндер улуу адамдардын, айрыкча аксакалдардын лдыларынан кыя өтпөй, ийменип, аялдап, алар өтүп кеткенден кийин гана өз жолун улаган. Аларга менен күнүгө жүгүнүп учурашып, сый мамилесин көрсөтүп турган. Жүгүнүү биринчиден улууларга учурашуу болсо, экинчиден алардан бата алуу болуп эсептелет. Илгертеден айтылган жакшы накыл кептер бар эмеспи «Келин жаман эмес, келген жери жаман», «кайнененин камырынан», «керегем сага айтам, келиним сен ук. Уугум сага айтам, уулум сен ук», — ​дегенде жаңы келген келинди тарбиялоо бүлө алган жердин милдети болуп эсептелет. Себеби, ушундай кичинекей бизге майда барат көрүнгөн нерселерден эле келин менен кайнененин ортосунда түшүнбөстүктөр орун албай койбойт. Эгер келин эч нерсе жасаганды билбесе эң биринчи энесине сөз тиет. Энеси эч нерсе үйрөткөн эмес да деген сөздөр айтылат. Ошондуктан жакшы келин болуш үчүн кыздын энесинин ролу өтө чоң.

Эндик, упа каркыра,

Кыз балага жарашар.

Бетке сыйпап албыртып,

Беш көкүлүн тарашар,

Бейжай болсо энеси,

Беш убак тиер жемеси

(Токтогул)

Кыз кишиге тиешелүү кандай үй оокаты болбосун баарын үйрөтүүгө эне милдеттүү деп ойлойм. Кандай учур болбосун баардык нерсеге даяр болуш керек. Себеби, азыр жаш өзгөчөлүгү деле турмуш курганга маанилүү болбой бараткандай. Жашоодо казан аяк кагышпаган үй бүлөө болбой койбойт, мына ушундай кырдаалга келгенде сабырдуусу, чыдамдуусу гана чыныгы бүлөнү кура алышат. Ал эми сабырсыздарыбыз турмушту же кайындарын күнөөлөп, эки жолго түшүшөт. Мына ошонун натыйжасында ким жаман? келин жаман болуп эле жатып калышат.

Анда бабалардан калган сөз, жөнөкөй эмес балбан сөз, «кулагыбызга күмүш сырга» даанышман Сарт акенин асыл сөздөрүнө көңүлүңүздөрдү бургум келет.

Келин жакшысы — ​кенч: ал алган жарынын теңдешсиз кенчи, айрыкча бала-бакырасына тарбия берүүнүн кенчи; не дегенде бала атага караганда энеден көбүрөөк тарбия алат, анткени атага караганда эне баланын жанында көбүрөөк болот, үй-бүлөөнү көркүнө келтирип турган асылзат жароокер, жакшы келинчек; анда акыл мол, өмүрүндө таба элек акылды асыл келинчекке туш болгондо табасың, жакшы келин ар убакта, жаманчылыкта да, жакшылыкта да тоодой арка, ал — ​көңүл өстүрүүнүн, көңүл, дил, табуунун кенчи, ошон үчүн жакшы келиндин шартына көнүү абзел; жакшы келин абийирдин кенчи, ошондуктан ал чөйрөсүнө мыкты тарбиянын үлгүсү болот, мындай келинди корсунтууга эч кимдин акысы жок, аны корсунткан адам күнөөкөр, кем акыл, келин жакшысы мээнеткеч, түйшүкчүл, ошондуктан ал турмуштун капилет кыйынчылыгына моюн сунбайт, жакшы келин — ​сыйдын кенчи, ал кайын ата, кайын энесин, улуу-кичүүлөрдү тегиз сыйлап, бата алат, акыры ал батанын үзүрүн көрөт, жакшы келин баарын оңдуу тескеп, начар күйөөнү да жакшыларга жанаштырат, атынан айтпай, байым деп бапестеп турат, өзү нарк насилдүү, эл-журтка барктуу келет. Мына, кенч деген ушул. Мындай кенчти урматтоо гана керек.

Келин жаманы — ​кесел: этегин эптеп бүрө албайт; ушактын кулу болуп, эл ичинде тынч жүрө албайт, этегин үзө басып, шордуу аягына күч келтирип, аяк бошотоор айылчы болот, казан-аягы жуулбайт, мындайдан оңдуу перзент туулбайт, үй ичи кир болот, жүргөн жери чыр болот, акыры баарынан мүлдө ажырап, кордукка маталат, салпаяк аталат, азапка такалат, ошондо да аны ооздуктай албайсың, арга жок, келинчек жаман болсо, келген-кеткендердин алдында үн ката албай, жер карайсың, колдо жок нерсени самайсың. Мына, мындан ашкан кесел болобу, мындай кеселдин ылаажысы болобу. Шордун шору деген — ​ушул.

Албетте, биз пендебиз жаңылабыз, түзөлөбүз, кайра турабыз бирок, баардыгын сабыр, токтоолук менен ойлонуп чечим чыгарсак аягы жакшы болоор деп ойлойм. Мисалы: илгерки биздин апаларыбыздын убагына салыштырмалуу, азыркы келиндердин баардыгына жетиштүү шарттар түзүлгөн десек да болот. Айылдагы жашоо менен шаардагы жашоонун айырмасы деле жоктой. Себеби, ар бир экинчи үйдө суу, кир жуучу машина ж. б.у.с. шарттар түзүлгөн. Ошондуктан «жети өлчөп бир кесип» бактылуу жашаганга аракет кылсак баардыгыбыздын колубуздан келет.

Келин бүлөө — ​келин сенин таалайың, келин — ​эне, келин сенин аярың, келин сенин апакеңдин күңү эмес, келин — ​сенин сүйүп алган аялың, келин бир кыз атасынын эркеси, келин сулуу, башкадан жок теңдеши, келинди кирип-кирбей жатып какмалап, келин душман дегендери эмнеси? Келин сүйгөн кызың эле өзүңдүн, жүрөк ээси, кубантаары сезимдин. Келин сенин сезимиңдин малайы, туугандардын малайы эмес! Кечиргин! Келин сенин жан дүйнөңдүн азыгы, келин — ​деген бир тагдырга баш уруу. Жакшы-жаман ушактарга чыдайт ал, анын жалгыз сени сүйгөн жазыгы. Келин сенин үндөбөгөн жолдошуң, жакшы келин, демек жакшы колдосуң. Апаң сени аялыңдан кызганса, сен аларды калыс караар жолдосуң. Сен жигитсиң — ​себеп болгон сүйүүгө, сен бар үчүн келин кирди үйүңө. Эки аялдын бирин койсоң жогору, жетээриң чын бирөөсүнүн түбүнө. Апаң — ​ал ааламдагы бейишиң, кемең — ​аял сенин жашооң, деңизиң. Таразадай тактыгыңды унутпа, сен — ​баласың! Сен бирөөнүн теңисиң! — ​белгилеп кеткендей бүлөнүн бекемделишин бир эле келинге шылтап койбой, теңи дагы, кайын тарап, беш журту болгон аракеттерин жумшашы керек. Ажырашкандардын, бактысыздардын санын көбөйтпөй, намысты бийик, үй бүлөөнү ыйык тутуп жашайлы.

Жыйынтыктап айтканда, «келиндин жаман болгону — ​кереге тийбес ташка тең, Уулдун жаман болгону — ​апийим ичкен сартка тең», — ​деген илгертен келе жаткан сөз бар эмеспи, анынсыңарындай ар бир адам эң алгач өзүн тарбиялап, ар бир адам өз максатына жетип бактылуу жашоону көздөп, ар бир кадамын бактылуулукка карай кадам таштаса, ар бирибиздин кичинекей мамилекетибизде бактылуу адамдардын саны көбөйөт беле деген ой келет. Ар бирибиздин кичинекей мамлекетибиз өз алдынча бактылуу болсо, тынчтык орносо, мына ошондо бактылуу үй бүлөлөр көбөйөт.

Гүлкайыр Ишенбек кызы

«Ачык сөз» гезити. №05 (106) 8-март, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс