• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КАМ КӨРГӨН ЖЕТЕКЧИ

Автор:ruh_admin

Мар 9, 2018

Мугалим мөмөлүү дарак

Жетекчи жөнүндө маалымат: Тургунбаева Нурзат Эргешалиевна. 1971-жылы, 20-июльда Аксы районунун Тегене кыштагында туулган. Мектепти Таш-Көмүр шаарындагы №4-кыргыз орто мектебинен билим алып,1988-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы мурдагы Ош педагогикалык институт, азыркы Ош мамлекеттик университетинин мектепке чейинки педагогика жана психология факультетине тапшырып аны 1993-жылы ийгиликтүү аяктаган. Агартуу тармагында 28 жылдан бери талыкпай иштеп келе жатат. 2011-жылдан тартып №?21- «Балаты» балдар бакчасынын директору кызматында үзүрлүү эмгектүүдө. Жолдошу Таалай инженер. Бекжан, Тыныбек, Тилек аттуу уулдардын сыймыктуу ата-энеси, 2 жаштагы Мөлтүр деген небереси бар.

Сыйлыктары: Бир нече жолу жергиликтүү администрациянын Ардак Громатасы, 2011-жылы КРнын «Элге билим берүүсүнүн мыктысы», төш белгиси менен сыйланган, 2014-жылы КРнын Аялдар конгресси, коомдук бирикмеси, 2015-жылы «Ош жаңырыгы» газетасы тарабынан жылдын мыкты балдар бакчасынын директору деп табылган. Ал эми 2016-жылы Ош шаарында мэрия тарабынан, Эң мыкты балдар бакчасы катары көрсөтүлгөн.Ушул эле жылы Ош шаардык эл депутаттар Кеңешинин Ардак Громатасы менен сыйланган.

Биз жашап жаткан доор, адам баласынын буту, айга жетип, билим-илим өнүгүп, бир секунда ааламга жаңылык жарыяланып, маалыматтын заманы болуп турат. Гүлдөгөн заманда адам баласы өз бейишин өзү талкалап, таза табигат булганып, бак-дарактар кыйылып, жер планетасы түтүнгө тумчугуп турганын карабайсызбы. Ал аз келгенсип, балдарыбыз тил укпай, ата кызын, бир-тууган бир тууганды тааныбаган, коомдо ач көздөр, текебер таш боорлор көбөйүп, мыйзамдар иштебей, паракордук күчөп, ырайымсыз муздак адамдар чөйрөнү булгаган оор учурда, үмүттүн ак шооласын чачыратып, пешене тери менен мамлекетке, элге- журтка кызмат кылган инсандар бар жана алардын ак эмгектери жүрөгүңдү жылытат.

Тургунбаева Нурзаттын эмгек чыйыры жөнүндө сөз кылганда анын аракетчил, кайраттуу, билимдүү алдыга карай умтулган адам экендигин баамдайсыз. Анткени Нурзат мектепти бүтүп эле, өзү жалгыз, тааныштары же туугандары жок чоң шаарга билим алганы келет. Анын максаты, айылдаштарына уят болбой, ата-энесин жер каратпай эңсегени, жогорку билим алуу эле. Мажүрүм-Тал көчөсүндөөзү теңдүү кыздар менен 10 сом төлөшүп, өзбектин кичинекей жер кепесинде жашап, сыноолорду тапшырып, анын ар биринен өткөндө чексиз кубанганын эстегенде азыр да толкунданып алат.

Тагдырындагы чоң бакыт алып келген бурулуш, анын 18 жарым жашында болгон. Биринчи курсту бүтүп-бүтө электе эле Нурзатты жолдошу Таалай ала кычып кеткен. Өзү бала болуп туруп, бала төрөп эне болгон. Нурзаттын желкесине түшкөн- окуу, күйөө, кайнене, кайната, кайинсиңдилерине мээнети аркылуу жагып, бала төрөп, аны өстүрүп, жубай болуп, алардын бардыгынын, кызматын кылып, пейлин көтөрүп, жашап кетүү сыноосун ийгиликтүү турмушка ашырды.

Нурзаттын үй-бүлөлүк бактысы, жумушу, окуусу, бир жерде токтоп калбай, чыйралып, жеке карьерасын улам өстүрүп, бир тепкичтен экинчи тепкичке жогорулап олтурганына кыйла жыл болуп калды. Окууну окуду, турмушка чыкты, бала төрөдү, иштеди, ошол эле учурда кайнененин да кызматын кылган. Мындай оор түйшүктү ар бир эле аял заты жөндөп кете албайт. Ички дүйнөсү терең, өжөр, принципиалдуу, энергиясы күчтүү тынбай изденген, аракетчил, акылдуу Нурзаттай гана аял заты бул ийгиликтерге жетише алат. КРнын элге билим берүүнүн мыктысы, кыргыз тил адабият мугалими, пенсияга чыкканга чейин «Тегене» орто мектебинде, мектеп директору болуп иштеген чоң атасы, Калы Тургунбаев аксакалдын тарбиясы, турмушка багыт бергени чоң таасир эткендигин, каарманыбыз сыймыктануу менен айтып берди.

Нурзат эмгек жолун, 1989-жылдан баштап катардагы жөнөкөй тарбиячылыктан баштаган. Шаардагы бакчаларда иштеп жумушка көзү каныгып, мол тажрыйба топтоп, өзү бүгүнкү күндө мүдүр болгон, «Балаты» бакчасында да, тарбиячы катары, бир нече жылдар бою иштеген. Ак ниеттен тынбай, көп жылдардан бери, баш көтөрбөй эмгек кылганы, пейилинин түздүгү, аракети, көп окуганы, жемиштүү болуп, акыры акыбети кайтты.

Мектепке чейинки балдар боюнча жогорку билими, мыкты адис экени, эмгек жамаатында чоң кадыр баркы бар, алдыңкы новатордук усулдарды колго алып, аны турмушта ийгиликтүү колдоно билгендиги баарын эске алуу менен, 2011-жылы, №?21-балдар бакчасынын директор кызматына шайланган.

Келечекте наристе- турмуштан бактылуу орун таап, өзү сүйгөн адистикке ээ болуп, мамлекеттин өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна, анын салымы болуш үчүн — бала өзү наристе кезинде сергек чөйрөдө бакубат жашап, жакшы шартта, туура багыт менен өсүп, ата-эненин, чөйрөнүн жылуу кучагында бой жетиши, жакшы билим алуусу, инсандын интеллектуалдык деңгээли бийик чынчыл, максаттарды туура коё билген, чечкиндүү бакытка умтулган, бай жашаганга аракет кылган адам болуп калыптанат.

Мына ушундай калыптанган адам, Ата Мекенге, мамлекетке, башка адамдарга жардам берген патриот болуп жетилет. Так ушундай идея үчүн Тургунбаева Нурзат Эргешалиевна наристелердин адамдык касиеттерин түптөө максатында, зарыл шарттарды түзүп жаткандыгына токтолду.

—«Өзүм катардагы тарбиячы болуп иштеген жумушчу катары, балдар бакчасындагы күңгөй-тескейин абдан терең билем. Балдар, бакча босогосун аттагандан тартып, жомоктор дүйнөсүнө кириш керек. Жылыга жогорку сапат менен ремонт жумуштарын жасайбыз. Бакчанын жасалгасы, бөбөктөрдүн ар бир бөлмөсү уктаган, ойногон жерлери наристелердин жомок дүйнөсүндөй жасалгаланып, ошого жараша жарык, таза кенен болуусу зарыл. Аруу тилектерим орундала баштады. Балдардын тамак-ашы сапаттуу. Ар дайыма алынган азык-түлүктөрдү жакшылап карайбыз. Тамактардын түрдүүлүгүнө көңүл бурабыз. Төшөнчүлөр, шейшептер аппак таптаза. Балдарга гигиена-тазалык, өзүн-өзү алып жүрүү, тамактануу, кийинүү эрежелерин үйрөтөбүз. Ар биринин жеке өзүнө жараша мүнөздөрү бар ошого ылайык мамиле жасайбыз. Мектепке балдар жакшы даярдык менен баруусуна чоң көңүл буруп, алардын бардык тамгаларды таанып, эсепти билип, окуп калуусуна жетишебиз. Окуу орус, кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана расмий тилди терең окутабыз. Ошондой эле бөбөктөр, жаш курагына жараша, аптада бир жолу 20–30 мүнөттөн, музыканын коштоосунда, көнүгүүлөрдү жасашат. Бул балдарга аябай жагат. Мен ойлойм, биз уюштурган дене тарбия сабагы, балдардын ден соолугуна, акыл-эстин өнүгүшүнө чоң жардам берет. Бакчабыз техникалык каражаттар менен камсыз болгон. Видео көзөмөлүбүз бар.

Бакчанын тарбиячылары менен өлкөбүздөгү, биздин мамлекетибизге тиешелүү, кызыл менен белгиленген, ар бир даталуу майрам күндөрдүн тарыхы менен балдарды тааныштырып, жана өзүбүзгө ылайык иш-чараларды өткөрүп турабыз. Өзүм кыялдаган максаттарды ийгиликтүү турмушка ашырдым»-деген сөзү менен кебин бүтүрдү бакчанын директору Тургунбаева Нурзат.

Назик жароокер, үйдүн куту, коломтонун оту, алтын апа, жолдошунун жеңилин жерден, орун колдон алган сулуу жубай, боорукер, небересине жүрөгү элжиреген чоң эне, жумушта салабаттуу, кадыр-барктуу жетекчи Нурзат айымга өз эмгеги, аракети, аруу тилеги менен курган -ооматы, бактысы ийгилиги өзүнө кут болсун. Аялзатына тийиштүү март майрамын көңүлдүүөткөрсүн.

Айгүл Надирова

«Ачык сөз» гезити. №05 (106) 8-март, 2018-жыл.

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс