• Чт. Дек 1st, 2022

Популярные метки

Эл ишенимин актаган депутат

Автор:ruh_admin

Мар 9, 2018

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңешке депутат болуу анчейин кыйын деле болбой калды, башың жетеби жетпейби ал маанилүү эмес, эң негизгиси калтаң калың болсо эле болду. Аныгында андай болбошу керек, тескерисинче кандай депутат болосуң ошол жагы маанилүү. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште активдүү эли-жерин ойлогон депутаттар саналуу гана, калгандары лом жутуп алгансып ооз ачканга жарабай балык болуп олтурушат.

Алардан айрымаланган “Кыргызстан” фракциясынан депутат Тынчтыкбек Конушбаев ар-дайым парламент жыйынында орчундуу маселелелерди көтөрүп, аларды чечип эл камы менен алек. Тынчтыкбек Конушбаев ЖКда куру-кыйкырык салып, популисттик кадамдар менен алектенбейт. Баштаган ишинин аягына чейин чыгып, өзүнүн принципиалдуу инсан экенин далилдеп келет. Тынчтыкбек Конушбаев алыскы Суусамыр өрөөнүнөн чыккан кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири. Айрым саясатчылар шайлоо жакындаганда гана элге жакын болуп, ар-кандай куру убадаларды берип, элдин башын айлантып калп эле элге жагынуу аракеттерин көрүп калат эмеспи. Ал эми Тынчтыкбек мырза бизнес тармагында чоң-чоң ийгиликтерди багынтып, аны менен тим болбостон, Суусамыр өрөөнүндөгү бир-нече айыл-аймакка бир топ жылдан бери өз көмөгүн берип келет. Бир гана мисалды айтсак, «билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» демекчи, Тынчтыкбек Кадырбекович билим тармагына көбүрөөк көңүл буруп, бул өрөөндөгү жакшы окуган окуучуларга жыл сайын стипендияларды жана мыкты мугалим сынагын уюштуруп мыкты мугалимдерге өзүнүн атынан айлык маяналарды ыйгарып келе жатканын угуп чын эле абдан кубандым. Бул кадамдары мугалимдерге билимдүү окуучуларды тарбиялоого чоң стимул берет. Руханий жактан бай экенин дагы көрсөтүп, спортчуларга, кыргыз маданиятына кошкон салымы алкышка татыырлык. Муну менен гана чектелип калбай кайрымдуулук иш чараларын да уюштуруп жүрөт. Мынакей элин-жерин ойлогон инсан деп ушуну айт. Тынчтык мырзадай эл уулдары көп болгондо Кыргызстан эбак бутуна туруп, өнүккөн өлкөгө айланмак…

Кошумчалай кетсек, депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин колдоосу менен Суусамыр айыл аймагында жыл сайын “Жыл мугалими”, “Акыл Ордо”, “Парламент сүйлөйт” сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулуп, байге катары унаа, эс алууга жолдомо, тиричилик буюмдары жана акчалай белектер тапшырылып келет.

Т.Бейшенбеков

«Ачык сөз» гезити. №05 (106) 8-март, 2018-жыл.

 

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс