Вторник , 13-Апрель 2021
Башкы бет / Дайджест / Деректирдин ийгиликтүү иштери

Деректирдин ийгиликтүү иштери

Натыйжа жетекчиге байланыштуу

Жыл өткөн сайын билим берүү багытында жакшы жышаандар болуп жатканы кубандырат. Балдарга сапаттуу билим берүү максатында Илим-билим министрлигиндеги иш чаралар айыл жерине чейин жетип, чогуу-чаран аракеттер жүрүп жатат. Совет мезгилинде билим берүү системасы жогорку деңгээлде болуп туруп, союз кулагандан кийин элдин социалдык абалынын начарлашынан улам, мугалимдердин эл катары иш издеп россиялап кетип калгандыгына байланыштуу айрыкча айылдардагы мектептердин мугалимдер катмарынын сапаты начарлаганы ачык эле байкалган. Анын кесепетинен бир муундун билимге болгон кызыгуусу төмөндөп кеткен эле. Эл арасында да мектепке, ал турсун жогорку окуу жайлардагы окутуунун сапатына ичи чыкпаган учурлар болуп келатат. Жакынкы жылдар аралыгынан бери ушул көйгөйлөр аз-аздап жолго коюлуп баратканы кубандырат. Мамлекет билим берүүнүн сапатын жогорулатууну катуу көзөмөлдөп баштагандан бери билим берүү системасында жакшы өсүш болуп жатканы байкалууда.

Иштин жөнгө салынышы жана анын ийгилиги сөзсүз ошол мекеменин жетекчисине көз каранды экени белгилүү. Сузак районундагы Каду деген чакан айылыбыз тоолуу аймакта жайгашкан. Мындагы № 67 — ​Таштан Кайыпов атындагы орто мектепте көп жылдык эмгек стажысы бар тажрыйбалуу мугалимдер, орто жана жаш кадрлар менен толукталган ынтымактуу мугалимдер коллективи эмгектенишет. Мектеп директору — ​Карымшакова Сүйүмкан. Жетекчи болуп келгенине аз убакыт болгонуна жана жаш экенине карабай кыска аралыктын ичинде көптөгөн көзгө көрүнүктүү жумуштарды жасай алды. Окуу-тарбия иштерин тыкыр көзөмөлдөп, районодон берилген көрсөтмөлөргө талапка ылайык жооп берерлик иш алып барылууда. Айыл чакан болгондуктан ар бир окуучунун ата-энелери менен иш алып барылып, окуу менен бирге тартип маселеси да көзөмөлгө алынып турат.

Тоолуу аймак болгондуктан бизде кыш катуу, кар калың болот, демек, жылытууну камсыздоо биринчи планда. Класстар жылуу болсо балдардын кабыл алуусу да жакшы болот эмеспи. Ушул жагын эске алып Сүйүмкан эжекебиз айыл өкмөтүнөн 250 миң сом бөлдүрүп, мектептин жылуулугун камсыз кылды. Мындан сырткары кенже класстардын тамактануусун жакшыртуу максатында дагы 250 миң сомду ушул багытка жумшаганы турат. Окуу-тарбия ишинде да мактанаарлык ийгиликтер бар. Райондук олимпиадада Жолдошбаева Таалайкан эжекебиз даярдаган Исраилова Айчүрөк деген окуучубуз тарых сабагы боюнча экинчи орунга ээ болуп келди. Бул ийгиликтер калган мугалимдерди да, окуучуларды да шыктандырып, атаандаштыкты жаратып окутуунун сапатын көтөрүүгө көмөк болду.

Директорубуз Карымшакова Сүйүмкандын жогорудагыдай жасаган эмгектери бааланып райондук, областык Ардак грамоталары жана “Жылдын мыкты жетекчиси” деген сертификаты менен сыйланды. Мына ушундай убагында берилген баалар жетекчинин мындан ары да талыкпай эмгектенип, ийгилик жаратаарына стимул болууда. Азыр баралына келип иштей турган убагы, мектептин жамаатынын колдоосунда биргелешип дагы көп-көп ийгиликтерди жаратаарына ишеним чоң.

Тахмина Орозбек кызы,

Сузак районунун Таштан Кайыпов атындагы № 67 орто мектебинин мугалими.

«Ачык сөз» гезити. №05 (106) 8-март, 2018-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс