Вторник , 13-Апрель 2021
Башкы бет / Дайджест / Бала бакчадагы жакшы жышаан

Бала бакчадагы жакшы жышаан

Келечек муундарына камкордук

Эң ириде баланын тарбиясына жана ата-энеге көмөктөш болгон бул — ​бала бакча. Баланын дүйнө таанымынын калыптанышы, өз алдынча болуусу, мектепке даярдыгы, коомго аралашуусу өтө маанилүү. Шаардан айырмаланып айыл жеринде шаардагыдай эле муктаждыгына карабай бул маселе бир топ көйгөйлүү. Бирок айрым жерлерде бул маселеге кайдигер карабай жоктон бар кылып, биргелешип балдардын келечегине кам көргөн Айыл Өкмөттөрү, айыл активдери жана айыл эли бар экени кубандырат.

Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз айылында № 23- «Баластан» атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму 2014-жылдын сентябрынан баштап иштеп келатат. Аталган бала бакча 2011-жылы курулуп баштап 2014-жылы ишке кирген. Буга кеткен жалпы чыгаша — ​6602716 сом, мунун ичинен түрткү берүүчү грант- 2700000сом, Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик “Процесс» долбоорунан — ​1000 000 сом, элдик салым — ​450 000 сом, жергиликтүү бюджеттен — ​2452716сом бөлүнгөн. Көп түкүрсө көл болот дегендей биргелешип туруп эң маанилүү иш жасап коюшуптур. Бул бала бакча 90 орундуу, 3 группага ылайыкташтырылган, 3 уктоочу бөлмө, 3 ойноочу бөлмө, 3 балдарды кабыл алуучу бөлмө, 2 бөлмөдөн турган ашкана, мээрбан айымдар бөлмөсү, директордун бөлмөсү, усулкана бар. Бакчанын ичине канализация киргизилип, ысык жана муздак суу чыгат.

Бакчада 15 адам эмгектенет, аянты 50 сотик, сыртта балдар ойноочу жайкы 3 беседка, 6 тонналык кудук, 5 сотиктен турган күнөскана, жайкы ашкана жана отункана бар. Бул бала бакчанын башчысы Сейдиева Гүлзат өзү жетектеген эмгек жамааты менен биргеликте бир топ жакшы иштерди алып барышууда. Балдардын тамак-ашынын сапатын жана каллориялуулугун көзөмөлгө алып турушат. Мекеменин жана балдардын тазалыгы, мындан сырткары эң маанилүүсү балдардын дүйнө таанымын өстүрүүгө багытталган ар кандай сабактар, оюндар, кол өнөрчүлүк, сүрөт жана башкалардын жаңы метод менен заман талабына ылайык болушу үчүн тарбиячылардын билимин өркүндөтүп туруу жагы да колго алынып, ар кандай иш-чараларга, окууларга жөнөтүлүп турат.

Жогоруда белгилегендей бул бала бакча ата-энелердин сунушу менен айыл өкмөтүнүн жана жардамчы грант, спонсорлордун жардамы менен курулду. Эң чоң 600 кожолук жашаган айылда бала бакчанын жоктугу буга чейинки чоң көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Бул бала-бакчанын курулушу элге, айрыкча жаш үй-бүлөлөргө чоң жардам болду. Бакчанын жетекчилиги өзүнүн чакан жамааты менен балдарга заман талабына ылайык тарбия берүү максатында талыкпай эмгектенип жатышат.

З. Ажыматова

«Ачык сөз» гезити. №05 (106) 8-март, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс