Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / С. Жээнбеков элге кошулабы же АШАнын ашмалтай эски гвардиясы менен калабы?

С. Жээнбеков элге кошулабы же АШАнын ашмалтай эски гвардиясы менен калабы?

 

Өткөндөгү коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен күрөшүүнү чечкиндүү баштайм,тазалайм деп элдин өчкөн отун жандыргандай болдуңуз.
Урматтуу президент !
27-жылдан бери Кыргыз өлкөсүн талкалаган,тоногон коррупционерлердин урпагы болгон кадрлар менен,Кыргыз мамлекетин коррупциалык мамлекетке алып келген,мыйзамсыздыка жол ачкан, элди жети жылдан бери какшаткан,байлыка тойбогон,элдин бир да кызыкчылыгын ойлобогон,көзү сокур торпедо, буйрук гана аткаргандан башканы билбеген,кылмышкер кадрлар менен сиз коррупцияны жоём,элимди жыргал жашоого алып келем деп ойлойсузбу? Сиз издеген, сиз күрөшөм деген коррупционерлер,уурулар,саткындар жб жаныңызда жүргөнүн билесизби?
Урматттуу Сооронбай Шарипович!
Жети жыл элдин каргышында калган кадрлар менен ойлогон максатыңыз ишке ашаары караңгы жана элдин сизге болгон үмүтүн актоо кыйын. Коррупциянын тамыры ак үйдө,сотто,прокуратура,ИИМде,сиз башка жактан издебеңиз. Ак үй таза болсо башка жактагы коррупция өзүнөн-өзү токтойт.

Шүкүрбек Эркебаев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс