Вторник , 13-Апрель 2021
Башкы бет / Дайджест / Чүй университетинин жабылышына ким кызыкдар?

Чүй университетинин жабылышына ким кызыкдар?

Агартуудагы рейдерлик

16-февралда Чүй университетинде белгилүү агартуучу, КР Эл мугалими Султан Мамбеткалиевдин 75 жылдыгына карата жыйын болуп өттү. Жыйынга профессорлор: Н. Кемелбаев, С. Кайыпов, О. Ибраимов, Ж. Бөкөшов, К. Осмоналиев, Т. Асанакунов, Жогорку Кеңештин депутаты К. Иманалиев, Конституциялык палатанын судьясы Ж. Саалаев, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Т. Жумабекова, жазуучу Ө. Караев, БШКнын аппарат жетекчиси Б. Жумагулов жана башкалар катышты. Жыйынды маркумдун жубайы Бурмакан Эгембердиева ачып, Султан Мамбеткалиевдин жасап кеткен эмгектерине токтолуу менен бирге азыркы учурдагы Чүй университетинин абалы жөнүндө айтып, Кыргызстанда ачылган алгачкы жеке менчик окуу жайынын жабылып калуу коркунучу бар экенине токтолду. Андан соң Эл мугалиминин өмүр таржымалын жана анын коомчулукта жасап кеткен эмгектерин кеңири чагылдырган баяндуу тасма көрсөтүлдү. Аталган окуу жайдын учурдагы абалы боюнча айтылган бир нече белгилүү адамдардын ой-пикирлерин жана сунуштарын жарыялоону туура көрдүк.

Нургазы КЕМЕЛБАЕВ, КР Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, Дипломатиялык академиянын ардактуу профессору:

«Султан табиятынан өтө жөнөкөй, бой көтөрбөгөн, элдин ичинде жүргөн киши эле»

— Султан кыргыз тилин үйрөтүүдө өзүнүн методикасын иштеп чыккан, абдан эмгекчил адам болчу. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев президенттикке койгондо андан кыргыз тилинен сынак алган.Өзү табиятынан өтө жөнөкөй, бой көтөрбөгөн, элдин ичинде жүргөн киши эле. Акылмандар элдин ичинде жүргөн гана адамдар элге кызмат кылат деп бекеринен айтышкан эмес. Азыркы учурда ал ачкан окуу жайды жаба коебуз, ала коёбуз дегендер бар экен. Жаап салуу оңой. А бирок окуу жайды ачуу кыйын. Бизде жеке менчиктин кол тийбестиги кайда кеткен. Анын эмгегин көзү өтүп кеткенден кийин жаап салабыз дегендин өзү туура эмес.Султан Мамбеткалиев чоң эмгек жасады. Колубуздан келишинче материалдык жактан болбосо да, моралдык жактан колдоо көрсөтөбүз. Анткени Кыргызстанда алгачкы пайда болгон өзүн өзү каржылаган окуу жай. Эгер ал агартуу, илим-билим тармагын өнүктүрүүгө салым кошпой, өзүнүн соода-сатык бизнесин ачып алса бир жөн эле.

Сулайман КАЙЫПОВ, тарых илимдеринин доктору, профессор:

«Университетти жаап жиберем дегендер бул окуу жайдан билим алган адистердин рейтингин карап көрүшсө болмок»

— Бул окуу жай Советтер союзуна кирген республикалардын ичинен биринчи болуп Кыргызстанда ачылган жеке менчик окуу жай. Билим берүү министрлигине келген жетекчилердин билимсиздигинен ушундай абалга туш болуп отурат. Мурда мен бул университетте ректор болуп турганда улам текшере берип тажатышкан. Кыргызстандагы мамлекеттик деген окуу жайлардын деле 14 пайызын гана мамлекет каржылайт. Калган 86 пайызын окуу жайлар өзүлөрү каржылайт. Булар эмне жеке менчик окуу жай эмеспи? Чүй университетинде илимдин докторлору, кандидаттары Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндей эле жогорку деңгээлдеги эмгек маяна алышчу. Бул окуу жайдан билим алып чыккандар аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлигинде эмгектенип келе жатышат. Мына алардын өкүлдөрү азыр арабызда отурат. Мындай көрсөткүч Чүй университетинин жетишкендиги деп ойлойм. Бул университетти жаап жиберем дегендер бул окуу жайдан билим алган адистердин рейтингин карап көрүшсө болмок экен…

Осмонакун ИБРАИМОВ, филология илимдеринин доктору, профессор:

«Кыргызстандын тарыхында эң биринчи ачылган жеке менчик окуу жайды жаап салуу осол иш»

— Мен сөзүмдүн башында эле айткым келип турат. Султан Мамбеткалиев ачкан университет өзүн өзү каржылаган жеке менчик окуу жай. Андыктан ал окуу жайды жаап жибергенге аны ачкан адамдын гана укугу бар. Ал эми ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, лицензиясын алып алгандардын кандайдыр бир кызыкчылыгы болсо керек. Университетти жабам дегендер кимдер экен? Окуу жайды жаап жиберем дегендерге ушул жыйындын катышуучулары бул университетти жапканга болбойт деген резолюция кабыл алып, кол коюп берели. Бул окуу жайдан билим алып чыккандар жогорку бийлик бутактарында жана өлкөбүздүн бардык тармактарында эмгектенип келе жатышат. Ушул эле окуу жайдан илимий эмгек жактап, илимдин докторлору, кандидаттары чыккан, канчалаган профессорлор бар. Кыргызстандын тарыхында эң биринчи ачылган жеке менчик окуу жайды жаап салуу осол иш деп ойлойм. Бул маселе кайсы бир агартуучунун кызыкчылыгы үчүн чечилбей, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуусу керек. Чүй университетине талапты эле кое бербей, жардам берүү керек. Жеке менчик окуу жайын жаап коюуга болбойт.

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, юридика илимдеринин доктору, профессор:

«Аталган окуу жайга мындай мамиле жасоо рейдерликтин эле бир түрү»

— Чүй университетинин негиздөөчүсү Султан агайдын көзү өтүп кеткенден кийин ал ачкан окуу жайга мындай мамиле жасоо рейдерликтин эле бир түрү деп айтсак болот. Чүй университетине карата кысымдан улам ушундай абалга туш болду. Чүй университети Кыргызстандын билим берүүсүнө өз салымын кошо берсе кимге зыян эле. Бул маселени резолюцияга киргизиш керек. Жаап салуу деген одоно факт болуп жатат. Чүй университетинин жабылышына кызыкдар адамдар бар. Университетти сактап калыш үчүн макамын кайра кайтарып берип, Мамбеткалиевдик окууну жогорку окуу жайлардын филология факультеттеринде өткөрүш керек.

Жамгырбек БӨКӨШОВ, философия илимдеринин доктору, профессор:

«Иштин көзүн таба билген новатор адам эле»

— Университетте окуп жүргөнүбүздө агай биздин курска сабак берген жок. Бирок, студенттерге калыс мамиле кылган, тартипти сүйгөн, талапты бекем кармаган мугалим экен деп угуп калчубуз. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде дагы бир мыкты агай иштеген – ал Мукай Сасыкулов эле. Ошол адамдын аркасында Султан агай менен жек-жаат болуп, ага-ини катары катташып калдык. Муну айтканым Султан Мамбеткалиевди илгертен билчүмүн. Ошондуктан агайдын аты улуу инсандардын катарында аталат деп тартынбай айта алам. Новатор адам эле. Иштин көзүн таба билген, маселени адилет чечкен, чындыкты бетке айткан жетекчи болчу. Жаңы доордо мезгил талабын илгиртпей түшүнүп, билим берүү тармагында өз ишин баштады. Натыйжада тил үйрөткөн чакан борбор өсүп- өнүп отуруп, университетке айланды. Чүй университети Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагында өз ордун таап, мамлекеттин керегине жарап, кадыр-барктуу окуу жайга айланып, ушул жылдар ичинде ар кыл тармактагы сандаган адистерди даярдап, илим изилдөөлөрүн жүзөгө ашырып, республиканын маданиятына, билим берүү, илим тармагына чоң салым кошкон.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты:

«Азыр адам коомчулугунда акыл-эс байлыгы 56 пайызды түзөт»

— Дүйнө эки учурда гана өнүгөт. Акылдын жана рыноктун конкуренциясы болгондо. Статистика боюнча Кыргызстан 50 жылдын аралыгында жок болуп кете турган өлкөлөргө кирет. Адамзатынын ааламдашуу мезгилинде биз билимибизди өнүктүрүү аркылуу гана өзүбүздү сактап кала алабыз. Анткени адам коомчулугунун акыл- эс байлыгы 56 пайызды түзөт. Ал эми Чүй университетинин Кыргызстандагы КГНУ, КМУ, БГУ, КГУСТА жана башка окуу жайлардан адистерди даярдоодо айырмасы кайсы? Ошол эле окуу жайлар сыяктуу бул университеттен билим алган адистер жогорку бийлик бутактарында жана дээрлик бардык тармактарда жогорку кызматтарда эмгектенишүүдө. Окуу жайдын имаратынын көрүнүшүнө карап баа бербей, андан билим алгандардын билим деңгээлине, кесипкөйлүгүнө, илимий эмгектерине жараша баа берсек жакшы болмок…

Жедигер СААЛАЕВ, Конституциялык палатанын судьясы, юридика илимдеринин кандидаты:

«Султан агайдын баскан-турганы эле реформа болчу»

— Мен бул окуу жайда иштеп жүргөндө Чүйүбүз биздин үйүбүз деп айтчу элек. Анткени Султан агай үйүнө барбастан ушул окуу жайда түнөп, күндүр-түндүр иштечү. Эртең менен эрте туруп алып кечигип келген окутуучуларды, студенттерди өзү жазып отурчу. Кечиккен окутуучунун эмгек маянасын кыскартып кесип салчу. Талапты катуу коё билген адам эле. Агайдын баскан-турганы эле реформа болчу. Бүгүн урушса, эртең кайра далыга таптап, “муйдуң дурайын” деп эркелетип, жумушка салчу. Студенттер жетишерлик сапаттуу билим алсын деп аттуу-баштуу илимдин докторлорун, профессорлорду ишке алчу. Султан агайдын адамды алдыга сүрөгөн сапаты бар эле, илимий эмгек жаздырып, көптөгөн илимдин кандидаттарын, докторлорун чыгарды. Көзү өтүп кеткенден кийин өз мээнети менен ачкан окуу жайды жаап салуу акылга сыйбаган көрүнүш деп ойлойм.

Вера БЕДЕЛБЕК кызы

“Жаңы Ордо” гезити. №06 (579), 2-март, 2018-жыл

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс