Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Ташкентте Каримовдун кеңешчиси камалды

Ташкентте Каримовдун кеңешчиси камалды

26-февралда өлкөнүн Башкы прокуратурасындагы булактар кабарлашкандай, ага каршы мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Ага ылайык, Файзиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган деп айыпталды.

Ал Ташкент облусунун прокурору кызматынан былтыр, президент Мирзиёев аны «башкы ууру» деп атагандан кийин бошотулган.

Файзиев 2013-жылы Ислам Каримовдун укук коргоо органдарын координациялоо боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Бул кызматта тогуз ай иштегенден кийин башкы прокурордун орун басары болгон. Мирзиёев бийликке келгенден кийин Ташкент облусунун прокурору кызматына дайындалган.

https://www.azattyk.org/a/29069952.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс