Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Дүйнө / Иранда ажырашуу жок жана тамеки тартпаган өзгөчө айыл бар

Иранда ажырашуу жок жана тамеки тартпаган өзгөчө айыл бар

Категория: Иран — Published: 28/02 — 15:30

Ирандын Ардебиль провинциясында жубайлардын ажырашуусу, тамеки менен маңзат тартуусу жок өзгөчө Аг-Гале деген айыл бар.

Бул айылда болжол менен 420дай киши жашайт. Айылдын тургундары жазында жана жайында айыл чарбачылыгы менен, ал эми күз жана кышкысын  мал чарбачылыгы  менен алектенишет. Тургундар өздөрүн бардык керектүү болгон нерселер менен камсыз кылышат, атүгүл чоң шаарларда жашоо кандай экендигинен түшүнүктөрү да жок. Бул тууралуу Jamejam Online агенттиги жазды. Айылдын 90 жаштагы аксакалдарынын бири  Сеид Абдоллахинин айтымында, бул айылда эч ким эч качан тамеки тарткан эмес, маңзат колдоногон эмес. Аг-Гале айылында ушундай “көңүл ачуулар” пайда болбошу үчүн дүкөндөрдү жана чайканаларды ачууга тыюу салынган.

Тургундар зарыл болгон бардык нерселерди жергиликтүү базардан сатып алышат. Аг-Гале үлгүлүү айыл болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө чейин жубайлардын бир дагы ажырашуусу катталган эмес. Сеид Абдоллахи жубайлардын никеде көп жашагандыгына сабырдуулук себепчи деп эсептейт.  Айылда бири-бирин таанышкандыктан улам урушуулар аз болот. Никеге туруудагы орточо жаш курак – 25 жаш, ал эми махрдын (колуктуга белек) суммасы адатта 1300-2600 доллардын ортосунда.

Башка сөз менен айтканда, колукту менен никеге туруу 3 алтын тыйын турат. Айылда жумушсуздар жок. Аг-Галеде жагымдуу экономикалык жагдай байкалып, бул айылдагы иштер жакшы жүрүп жаткандыгынын негизги себептеринин бири болуп саналат.  Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, алардын бир гана маселеси – бул курулуп бүтпөгөн канализация. Аг-Гале айылынын ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүгү өтө жогору, бирок анын кооздуктарын эч ким билбейт.

http://www.ca-irnews.com/kg/iran-kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс