Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Иран Меккеге барчу зыяратчылардын санын көбөйтүүнү суранды

Иран Меккеге барчу зыяратчылардын санын көбөйтүүнү суранды

Категория: Дин — Published: 01/03 — 18:16

Иран ажыга барчу зыяратчылардын санын 5 миң кишиге көбөйтүү үчүн Сауд Аравияга өтүнүч  жөнөттү.

Иран тарап 2018-жылы ажылыкка бара тургандардын санын 5 миң кишиге көбөйтүү үчүн Сауд Арастандан кошумча орун сурады. Ирандын ажылык уюмунун башчысы Хамид Мохаммади билдиргендей, эгер Сауд Аравия суроону жактырса, быйыл Ирандан Меккеге болжол менен 90 миңдей киши барат. Бул тууралуу Sputnik интернет-порталы билдирди. Иран ошондой эле ирандык зыяратчыларга Сауд Арабстандын медициналык кызматтарын пайдалануу укугун берүүнү талап кылды.

“Оорулардын санынын көбөйүшү жана ажылыктын жылдын жылуу мезгилинде өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу биздин зыяратчылар котормочу жана координаторлордун жардамы менен Сауд Арабстандын медициналык кызматтарын колдоно алмак”, — деди Хамид Мохаммади. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, 2018-жылдын август айында Меккеге 82,7 миң киши барат. Эгерде Сауд Аравия квотаны көбөйтүүгө макул болсо, зыяратчылардын саны 90 миң кишиге жакындайт.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс