Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Досье / Мен жек көргөн куулук шумдуктар

Мен жек көргөн куулук шумдуктар

1. Пас адам өзүнө теңеш үчүн, бийик ак көңүл адамды шылдыңдай берет өзүнө ыңгайлуу маек жаратыш үчүн

2. Аялдарды жактырбайм атасына окшош деп, өмүр бою актана бергенин, өзү тууган баласын. Өзүм туугам өзүмө окшош деп айтууга куулугу тоскоол. Генетика терең илим, бири чоң энесине окшош, бири бир тууганына окшош. Эмне зарыл атасына жабыштырып. Атасынын акылы болсо өзү түшүнөт кимге окшосо. Атасына да энесине да окшош эмес туулган бала генетикалық жаңылык, билген адамга. Атасындай аңкайган, энесиндей каңкайган болуу сөзсүз эле шарт эмес. Урматтуу куулар.

3. Жолуккусу келбесе деле, көргүсү келбесе деле, жөн эле жолуккум келет деген куу адамдарды жек көрөм. Кандайдыр бир статус үчүн.

4. Куулардын терең кууларына жолукпас адам терең шумдуктуу, айланып качып өтүп алардан жан сактайт. Өлсө да жолобойт.

5. Эң жек көргөн куулук. Эркектердин аялдардан бийикмин деп ойлоп өмүр бою, бир аялга күчү жетпей, ал аял сассык эле дегени. Же болбосо бир жанына күйөр аял жок, айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат. Кыздар көп деп мактанат.

6. Эң дагы жек көргөн куулар. Кылган ишинин дайыны жок, балким жөн эле официант тамак ташыгыч, бирок чексиз кылтылдайт. Ийгилик жөнүндө сөз козгойт. Анча мынча министр жакпайт ал кууларга. Мен киммин өзү дештен баш тартып, өзүнөн өзү коркот.

7. Куулардын эң куулары гана көп аялдар менен дос боло алат. Анткени жер планетасында куулуктун санын толуктаган, көпчүлүк масса аялдар.

8. Кайын энесин жаман көрсө да мактап жүрүп, дос кылууга мажбур аялдар. Кайын эжеси кордосо, кайыны сиңдиси шылдыңдаса да куу аял дос болуп энергия курутат. Жок болчу ары деп өз тирилигин өз алдынча жасап кетүүгө жеткен куулугун, керек эмес куулукка жумшап.

9. Өзү деле өтө куулар эч кимге жакпайт шүдүңдөп, бирок дөөпарас дөө дөңкөчтөргө салыштырмалуу жакшы.? Акылдуу адам актанбай жашайт кууланып куру кыялга жеңдирбейт.

Эч кимге таңуулабайм жөнөкөй ой пикир, урматтуу жеңилген куулар. Куулугуңарды да туура пайдалана билгиле, өзүңөргө зыян келтирбей.
Коркоктуктан куулук кылба, өзүңү жеп тынасын.

Падишахан Султаналиева
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс