Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Чакан саясий “жер титирөө”…

Чакан саясий “жер титирөө”…

26-февралдан 27-февралга караган түнү Кыргызстанда чакан саясий жер титирөө болуп өттү. Жер титирөө чоң саясий зилзала алып келбейби деп коомчулук бүшүркөп да калды.

Сөз Атамбаевдин эң ишенимдүү жана сөзүн эки кылбаган, ошон үчүн Сооронбай Жээнбековдун ар бир кадамын көзөмөлдө кармоо үчүн президенттик аппарат башчылыгына алып келинген Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазуусу жана аны Сооронбай Жээнбековдун кабыл албоосунда болуп жатат.

Сооронбай Жээнбеков башынан эле аппарат башчылыкка Ниязовдон башка адамды көргөн. Ошондуктан ал адегенде 1-декабрда  Фарид Ниязовду  кеңешчилик кызматка дайындаган. Бирок 11-декабрда президенттик аппараттын башчылыгына дайындоо жардыгын чыгарган. Мындай жардыкты Жээнбеков Атамбаевдин кийлигишүүсү менен чыгарганы айтылган. Окуялардын өнүгүүсү анын чындыкка жакын экенин айгинелейт.

Албетте, Сооронбай Жээнбеков ар-намыстуу адам катары өз алдынча президенттик жүргүзгүсү келет.  Ошондуктан ал таңууланган Фарид Ниязовго көп ишене бербей, айрым учурларда маанилүү иштерден четтетип коюшу да мыйзамдуу ченемдүү көрүнүш.

Анын натыйжасы 8-февралда Коопсуздук Кеңештин жыйынында Атамбаевдин мурастарын толугу менен талкалоо болду. Ал жыйында Жээнбеков Атамбаев мезгилинде коррупция болуп көрбөгөндөй  жайылып, мамлекеттик органдар ага бүтүндөй малынып калганын айтууга аргасыз болду. Буларды айтып чыгууга Жээнбековго бир жагынан өлкөдөгү чыныгы оор абал таасир этсе, экинчи жагынан андан өз алдынчалыкты күтүп жаткан жарандык коом, калктын басымы да таасир этпей койбоду.

“3% электораты бар эле,аны көтөрдүк” деген Атамбаев үчүн, ага берилген Ниязов үчүн да бул албетте жагымсыз көрүнүш болду. Экөө тең “Соке достон” мындай опурулууну күтпөсө керек эле…

Коопсуздук Кеңештин жыйынынан кийин Сооронбай Жээнбековго маалыматтык согуш уюштурула баштады. Анын артында Атамбаев жана Ниязов турганын боолголоого болот. Вотсапп аркылуу таратылган маалыматтарда жана интернет булактарда Жээнбеков Бакиев сыяктуу үй-бүлөлүк, кландык бийлик тургузууга киришти деген сыяктуу жөнсүз айыптоолор айтылды.

Таарынычы ашкан Ниязов президенттик аппараттын башчысы катары мамлекеттик иштен партиялык ишти артык көрүп, 15-февралда КСДПнын делегациясын Москвага баштап барып, “Единая Россия” партиясы менен кызматташуу келишимине кол коюп келди… Ниязов муну менен Жээнбековго караганда Атамбаевди жакын тутарын жана кимге артыкчылык берерин дагы бир жолу тастыктады.

Сооронбай Жээнбеков муну кандай кабыл алууга тийиш эле?… Көз көрүнөө эле көзгө чөп салгандай болсо керек.

Мына ушул окуялардан кийин Жээнбеков менен Ниязовдун арасы ого бетер алыстап, Ниязов соңунда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандай. Бирок Ниязовдун кызматтан бошотуу арызы Жээнбеков канчалык алыска бара алат, байкап көрөлү деген Атамбаев менен Ниязовдун оюну болушу да мүмкүн.

Оюндун жыйынтыгы азырынча Жээнбековдун чегинүүсү менен аяктап  олтурат. Ал Ниязовдун кызматтан бошотуу арызын кабыл алган жок. Бир жумага эс алуу берип, баарын бекем ойлонуштурууну сунуштады. Мүмкүн саясий зилзаладан чочулап, шантажга баш ийип берди.

Ошондуктан Ниязовдун кызматтан бошотуу арызын кабыл албоону  Атамбаев жана Ниязовдун жеңиши, ал эми Жээнбековдун алардын шартында “ойноого” аргасыз болушу катары баалоого болот…

Чакан саясий “жер титирөө”…

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс