Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Аналитика / А. Матисаковго эл аралык Түрксой уюмунун сыйлыгы ыйгарылды

А. Матисаковго эл аралык Түрксой уюмунун сыйлыгы ыйгарылды

Жалпы түрк маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналистика факультетинин ардактуу профессору Абдиламит Матисаковго эл аралык Түрксой уюмунун 2018-жылдагы сыйлыгы ыйгарылды.

Таланттуу жазуучу, публицист, көптөгөн көркөм чыгармалардын автору, Улуттук университетте “Улуттук журналистиканын” мектебин түзгөн, кыргыз адабиятына жана журналистика тармагына өмүрүн арнаган легендарлуу агайыбыз 16-20-февраль күндөрү Туркия жергесинде болуп, Анкарадагы Гази университетинде өткөн эл аралык илимий конференцияга катышып, “Түрк элинин уулу болуш зор сыймык” аттуу баяндама жасады.

Беш күнгө созулган сапардын жүрүшүндө түрк дүйнөсүнөн чогулган боордоштор ортосунда кеңири пикир алышуулар болуп, байланыштар түптөлүп, түрк мамлекеттеринин жогорку окуу жайлары менен тыгыз иштешүү максаттары да белгиленди.

Сыйлык өз ээсин тапты. Абдиламит агай дагы да болсо кыргыз журналистикасына өз эмгегин кошо берет деген ишеничтебиз. «Кыргыз журналистиканын өңү Матисаковдун өңүндөй» деп тайманбай айта алабыз. Бар болуңуз агай! Журналистика факультетинин жамааты агайды аталган сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Садык Алахан.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс