• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

А. Атамбаевди мактаган ФБдагы фейк ким?

Автор:ruh_admin

Фев 27, 2018

«Фейсбукта» Аман Асанович деген фейк бар. Аны көбүңөр эле көрүп жүрөсүңөр. Атамбаевди эле мактап жаза берет. Мактаганда дагы өтө ашыра мактайт, байдын кара кызындай кылып. Ошол Аман Асанович деген фейк Мелис Мырзакматовду жамандаптыр. «Мелисиңер корруппционер, уурдаган акчасына жашап жүрөт» деп. Ошол Аман Асанович деген фейкте «Де Факто» гезитинин редактору, Атамбаев кетеринде алтын саат берген журналист Амантур Мусагулов деген отурат. Аман Асанович — Амантур Мусагулов.
Ошон үчүн Атамбаев ошондо саат берип жатып, «Амантур, АМАН ТУР!» деп кайра кайра айткан. Амантур атын кыскартып Аман деп алган.
Амантур эми гезитиң менен кошомат жаза берип даарат кагазга айланып калганың деле жетиштүү. Фейкиң менен эми Мырзакматовдун балакетин албай, асылбай эле койчу. Билбей кала тургансып улам жазасың. Аман Асанович сен экениңди өтө жакшы билебиз. Чөөлөр ансыз деле бычакка сап уулдардын барын чаап бүттүңөр. Ал дагы өз элинин азамат уулу. Сен коррупционер деп жазсаң эле эл ишенип калбайт. Жазганың деле өтпөйт, өзүң жек көрүнөсүң. Жугунду ичип алыш үчүн жазып жатсаң, анда абийир алдында уялчы.

Аскат Тейит, Москва.
эркин журналист, фейсбукчу.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс