Понедельник , 6-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Ою өзгөчө Бегиш Ааматов

Ою өзгөчө Бегиш Ааматов

Пикир

1990-жылы шайланган Жогорку Кеңештин курамын түзгөн 350 депутаттын арасында ар кандай деңгээлдеги билими бар, ар түрдүү кесипке ээ, мүнөздөрү жана сүйлөө ыкмалары да ар башка адамдар бар эле. Ошолордун ичинен өзгөчө ойлору, өзүнчө сүйлөө манерасы менен айырмаланган активдүү депутаттардын бири — ​Бегиш Аматов болчу. Ал Базар-Коргон районунда партиялык комитеттин экинчи катчысы болуп жүрүп курч атаандаштык күрөштө жергиликтүү талапкерлерди жеңип депутат болуп шайланган экен. Мурда таанычу эмесмин. Көрсө, ал мага жердеш, мен окуган Сопу-Коргондун жанындагы Көлдүк кыштагынан болуп чыкты. Айтайын, баса белгилейин дегеним — ​анын жердештиги жөнүндө эмес, таптакыр башка — ​өзгөчө ойлоно билгени, патриоттуулугу, Кыргызстан үчүн күйүп-бышканы.

1990–1991-жылдары Жогорку Кеңеште эгемендүүлүк, өз алдынчалык, жаңы түзүлө турган Союздук Келишим үчүн көп жолу кызуу талкуулар болду. Ошондо ордунан шак тура калып, микрофонго жулунуп жетип, бакылдап сүйлөгөндөрдүн бири — ​Б. Аматов эле. Ал дайыма сөзүн «эй» деп баштап, түштүк диалектисин аралаштырып: «биздин өзүбүздүн чек арабыз, армиябыз, атүгүл ядролук курамыбыз болуш керек», — ​деп тызылдап, күпүлдөп калчу. Көпчүлүк муну тамашага жоруп, же арсылдап күлүп кабыл алчу. Акыры баары, ядролук куралдан башкасы, Б. Аматов айткандай болду. Кыргызстандын эрктүүлүгү (суверенитет) жөнүндөгү Шардананы (Декларация), 1991-жылдын 31-августунда жарыяланган мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу Шардананы талкуулоодо белдүү депутат болду. Айрыкча акыркы эң маанилүү саясий-улуттук документти күн тартибине киргизип, кабыл алууну сунуштаган алгачкы демилгечи.

Ал өлкөбүздүн жаңы Конституциясын, саясий, экономикалык жана социалдык реформаларга байланышкан алгачкы мыйзамдарды талкуулоого жана кабыл алууга да белсемдүү салым кошту. Ошол эле мезгилде А. Акаевдин Жарлыгы менен улуттук ишкердикти колдоо Фонду түзүлүп, анын жетекчилигине көрүнүктүү акын жана депутат Ж. Садыков, орун басарлыгына Б. Аматов дайындалды. Ал бул кызматта аз эле иштеди, себеби фонд кайра жоюлуп кетти. Өкүнүчтүү нерсе — ​анын кийинки саясий жана кызматтык жолу анча ийгиликтүү болбогону: 1995-жылкы шайлоодо өз жердештери — ​алайлыктар жана чоң-алайлыктар аны колдобой, А. Акаевге ачык оппозицияда жүргөн Кара-Кулжалык Абыт Ибраимовду, 2000-жылы генерал И. Исаковду депутаттыкка шайлашты, 2005-жылкы шайлоодо ал мени колдоду, бирок депутаттык мандатты тополоңчуларга алдырып жибердик. Буга карабай Б. Аматов дале болсо айрым саясий иш-чараларга аралашып, үн катып, басма сөзгө маек куруп келатат. Анын аздектегени — ​өзү талкуулоого катышып, 1993-жылкы кабыл алынган Конституция. Аны калыбына келтириш үчүн атайын уюм-кыймыл да уюштуруп көрдү. Бирок мындан азырынча майнап чыга элек. Менин оюмча, чыкпайт дагы, анткени бүгүн шарт, мезгил, жагдай башка, дегеле өткөн нерсе өз калыбында кайра кайталанышы кыйын. Бул тарыхтын айныгыс мыйзамы. Башка кеп — ​ал Конституцияны негиз катары тутуп, тарыхый сабактарды эске алып, азыркы заманга жана келечекке ылайыктап оңдоп-түзөтүү, өзгөртүү.

Б. Аматовдун акыркы кездеги алектенгени, арзуусу — ​Чыңгыз-Ханды кыргыз деп таануу, көрсөтүү, жайылтуу. Ушул максатта ал кыргыз жана орус тилдеринде макалалар жарыялады, аларды топтоп өзүнчө китеп да чыгарды, анын тегерегинде талкуулар уюштурду. Мен бул маселе боюнча Б. Аматовдун өзүнө Илимдер Академиясында өткөн адистер жыйынында так, кесе айттым: тарыхка кызыгуу жакшы, бирок ал үйрөнчүк, ышкыбоздук жана нукура илимий негизде болот, ал эми Б. Аматовдун ою, версиясы — ​акыркы талапка, илимге төп келбейт.

Дегинкисинде Бегиш Аматов — ​ак дилдүү, билимдүү, өзгөчө ойлонгон, адамгерчиликтүү, бакылдап сүйлөгөн ачык-айрым адам. Аны эл сыйлайт, кадырлайт, эстеп жүрөт: «а Бегиш Аматовбу?» деп. Мен муну санаалаш, мамилелеш, жердеш иниси катары эл арасында болгондо угуп да, көрүп да жүрөм. Ушуга канааттанам, кубанам. Бар болуңуз, Бегиш аке!

Абдыганы Эркебаев

Булак: Жаңы Ордо» гезити. №05 (578), 23-февраль,  2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс