Понедельник , 6-Июль 2020
Башкы бет / Аналитика / КООРУПЦИЯЛЫК СХЕМАЛАРДЫ ЖОК КЫЛМАЙЫНЧА, ПАРЛАМЕНТТИК СИСТЕМАГА БАРУУГА БОЛБОЙТ

КООРУПЦИЯЛЫК СХЕМАЛАРДЫ ЖОК КЫЛМАЙЫНЧА, ПАРЛАМЕНТТИК СИСТЕМАГА БАРУУГА БОЛБОЙТ

Учур саясаты

Коррупция жөнүндө биздин өлкөдө биринчи ирет мындай катуу коомдук талкууга айланган жок. Эске сала турган болсок, тээ акаевдик доордон бери эле, коррупция эң актуалдуу маселелердин бири болуп калууда. Туура, ал “оору” тууралуу кез-кезде гана эске салып, улам жаңы “коррупция менен күрөшүү” кампаниясы жарыяланганына карабастан, бул социалдык оору эбак эле өнөкөт деңгээлден өтүп кетип, тукум куучулук деңгээлге (наследственный) чейин өсүп жетти!

Демек, биз ооруну убактылуу дарылоо, анын күчөп кетишин (обострение болушун!) алдын алуу сыяктуу иш-чаралар менен гана чектелбей, радикалдуу кадамдарга барууга аргасыз болуп калган чекке жеткенбиз. Ал эми мындай чечкиндүү чараларга бара албай, тек гана косметикалык “сылап-сыйпоо” менен эч нерсе чечилбейт. Мунун дагы кыйыр жана өтө жүйөөлүү бир себеби бар — ​мамлекеттик аппараттын бардык тармактары толук коррупциялашкандыгынын бирден-бир белгиси — ​кадрдык саясаттагы эзелтен калыптанган “былыкчылыктар” экендиги айкын…

“Сен мага тийбе, мен сага тийбейм, мен сенин уулуңду кызматка алдым, сен менин кызымды чоңойткун, мен сенин тигил ишиңди бүтүрүп бердим, эми сен менин бул ишимди бүтүрүп бергин, мен сага баланча ишиңдин былыгын жапканга жардам бергенмин, эми сен менин кылмышка айланып кетчү ишимди жап!” — ​деген сыяктуу мамилелер кыйшайгыс аткарыла турган тартиптей, биротоло орноп калган. Муну кээде “кыргызчылдык-тууганчылдык” деп да коюшат, арийне, кайдагы кыргызчылдык?! Кыргыз эли эзелтен бери элдин эсебинен, уурулук менен жан баккан, арам тамак адамдарды жек көрүп, тазалыкты, абийирди, чынчылдыкты баарынан жогору коюп келген!..

Асыресе, ошол “туугандык-кыргызчыл” мамилелер да кээде бузулуп, алардын бири-биринин жашырган былыктары ачыкка чыгып кеткен учурлар да болот. Бул кырдаал алар өз ара таарынышып, же мамилелери убактылуу бузула калганда гана… Мисалы, мурдагы генпрокурор Азимбек Бекназаров Осмонакун Ибраимов (акаевдик идеологиянын жасоолу) өзүнүн дарегине кандайдыр бир жакпаган сын айтып койгондон кийин гана “эсине келип”, өкүнүү менен: к-аап! — ​баягында Осмонакун мага 14 миң долларды алып келип бергенде, аны жөн эле коё берип жибербей, камап салып, кылмыш ишин ачсам туура болмок экен! — ​дегендей мааниде, бармагын тиштеп жатпайбы! Арадан беш-алты жыл өтүп кеткенден кийин гана!..

Албетте, экс-генпрокурор мыйзамды баарынан жогору баалап, баарын так аткарган адам болсо, ал кылмыш ишин ачышы зарыл болчу (анткени, Осмонакундун жогорудагы акчаны алып келиши, юридикалык тил менен айтканда, “явка с повинной” деген сымал эле болуп жатпайбы?!), а балким, ошондон кийин коомчулука али белгисиз болгон дагы далай былыктардын жиби чубалып чыкмак…

Ансыз деле, “Коррупция 7-кабатка чейин жетти. Токтоткула! Силерди Манастын арбагы урат!” — ​деп кез-кезде чын дилинен күйгөндөй түр көрсөтүп, чыйылдап жүргөн экс-президент, кээде анын айланасы ушинтип жашырып жүргөн чындыкты да байкабай айтып салчу. Ошентип, ал 7-кабаттагы коррупция акаевдик бийлик эл тарабынан куулуп кетип, эки бийлик алмашкандан кийин гана — ​атамбаевдик доордо гана ачыкка чыкты. Болгондо да, президенттик администрация жетекчиси Данияр Нарынбаев парламент мүчөсү Коркмазов экөө чогуу кармалышты.

Соңку жыйынтыгында, бул жерде деле баягы (жада калса кылмышкерлерге карата дагы!) “өзүбүздүкүлөр” деген сыяктуу мамиле жасалгандай болуп калды. Себеби, өтө оор коррупция статьясы боюнча айыпталышканына карабастан, алардын иш-аракеттерин айыптоо жеңилдетилген статья менен алмашылып, кызмат абалынан пайдаланышкан дегендей болуп, бир-жарым, эки жылда экөө тең боштондукка чыгып кетишти. Башкача айтканда, ачууланган атасы, ашыкча тентектик кылып жиберген балдарын тек гана какыс-кукус кылып коюу менен чектелгендей таасир калтырды.

Ким билет, а балким, бул жерде кандайдыр бир деңгээлде бул бийликке каршы колдонулган провокация элементи да эске алынгандыр? Белгилүү болгондой, андан бир аз мурдараак эле коррупционер катары соттолгон Нариман Тулеев, тор артынан туруп алып, акыркы сүйлөгөн сөзүндө өзүн түрмөгө олтургузгандардын баарын «түрмөгө олтургузамын» — ​деп убада бергендиги маалым.

Азырынча, бул убада жарым-жартылай гана ишке ашкандай. Демек, алдыда дагы далай драмалуу спектаклдер болушу ыктымал. Андай “оюнга” аралашкан каарман болбош үчүн, эч кандай азгырыктуу провокацияларга алдырбаган, таза адам болуу керектиги түшүнүктүү. А бул эң жөнөкөй талап, азыркы бийликтегилер үчүн — ​өтө оор жана дээрлик аткарылгыс талап!

Кайрадан акаевдик доорго кайрылсак. Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова кызматтан кетирилгенде: “эже, сиз кейс менен тиешелүү адамдарга кирсеңиз болмок” — ​деген маанидеги “баалуу-кеңеш-сунуштар” да дал ошол 7-кабаттан айтылгандыгы, учурунда массалык-маалымат каражаттарында ачыкка чыккан. Башкача айтканда, бийлик системасы эң жогортон тартып, эң төмөнкү деңгээлге чейин, толук коррупциялаша баштаган болчу. Ал тургай, эркин басма сөздө “аким, губернатор, министр” ж. б. “майлуу” кызматтык орундардын “таксасы” дагы ачык жарыялана баштаган…

Демек, азыркы коррупциянын тамыры өтө тереңдеп кеткендиги талашсыз. Аны менен чечкиндүү күрөшүү үчүн ошого тете болгон иш-чаралардын тактикалык-стратегиялык программасы иштелип чыгышы керек. Ансыз, азыркы кампания деле катардагы, кезектеги бир дежурная кампанияга айланат да калат. Бир аз мезгилден соң унутулуп, ошол бойдон, мурдагы калыбында кала берет!

Баарынан өкүнүчтүүсү, коррупциялашкан адамдар өз чөйрөсүндө гана “былгып-сасып” жата беришпей, өздөрү менен кошо, коомдук аң-сезимди да ууландырышууда. Анткени, жумушсуздук, паракордук тоталдуу түргө жетип, жогоруда сөз болгондой, президенттик администрациядан, эң эле алыскы, тоолуу айыл өкмөтүнө чейин чулгап калган. Ошол эле учурда, билимдүү, дили таза, мекенчил далай жаш улан-кыздарыбыз базарларда жана чет өлкөлүк эмгек миграциясында тентип жүрүүгө мажбур болушууда… Мамлекеттик органдарда же кыргыз тилин, же орус тилин жарытып билбеген сабатсыздык, элементардык терминдерди дагы сабаттуу жаза албаган компетентсиздик четтен табылат. Бул да мыйзамченемдүү. Себеби, “кой, тим эле койгула, бул баланчанын баласы, же күйөө баласы, тигинин кызы, же келини” дешип, же бери эле боло калганда, өздөрүнүн ысык-тыгыз “алыш-бериш” мамилелерин эстешип, бири-бирине тийише да алышпайт. Ошондуктан, алардын арасына кокусунан гана кирип калган, же мажбур боло калышканда кызматка алышкан “рабочая лошадкалар” гана таза иштешип, ишти эптеп тартып бара жатышат…

Дагы бир парадоксалдуу жагдай — ​коррупция менен күрөшүү жөнүндө саясий кырдаал жедеп курчуп, ар кандай саясий топтордун карама-каршылыктары биротоло ачыкка чыкканда дагы эстешет. Бул багыттагы эң эле соңкү фактыларга кайрыла турган болсок, — ​былтыркы президенттик шайлоодо эң башкы талапкерлердин бири болуп, шайлоо кампаниясын бир топ жигердүү өткөргөн Өмүрбек Бабановду айтпай кетүүгө болбойт.

Анын аягы эмне менен аяктагандыгы жалпыга белгилүү. Өтө перспективалуу, жаш саясатчы, ийгиликтүү бизнесмен — ​саясаттан биротоло кеткендиги тууралуу билдирүү жасады. Ушунун өзү эле, баягы “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген кыргызбайчылык саясаттын саркындысы жыттанып турат. Ал эң жогорку бийликтеги кимдир бирөөлөр менен саясий “сделкага” баргандыгы түшүнүктүү. Болбосо, логика боюнча алганда, ага козголгон кылмыш иштери биротоло аягына чыгарылып, ак болсо актап, айыптуу болсо тиешелүү жыйынтык чыгарылыш керек болчу.

Окуялар мындай багытта өнүгө турган болсо, чет жакка “дарыланууга” чыгып кеткен Бабанов, “айыгып алган соң”, башка өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылып, саясий ишмерлигин уланта бермек!.. Бабановго тиешелүү мүлктөрдүн (мисалга НТС телеканалы) оперативдүү түрдө текшериле баштаганы эле, мамлекеттик укук-коргоо органдары керек учурда ар кандай деңгээлдеги операцияларды тездик менен жасай алышарын көрсөтүп турат.

Кыскасы, “өзүм дегенде — ​өгүздөй кара күчүм бар” дегендей мамилени, эбак эле жалпы элдик, мамлекеттик кызыкчылыктарга карай бура турган мезгил келген.

Коррупция жөнүндө сөз кылып жатып, дагы бир символикалуу окуя жөнүндө эске салбай коюуга мүмкүн эмес. 2010-жылкы “апрель революциясында” Бишкектеги Башкы прокуратуранын имараты аёосуз чабуулга туш болуп, талкаланып, өрттөлгөндүгү маалым. Байкаңыз: супермаркет, соода борбору же банк эмес, дал Башкы прокуратуранын имараты!

Буга эмне себеп болду? Коомчулукка (эгерде, “апрелчилерди” коомчулуктун бир бөлүгү деп эсептей турган болсок) мынчалык жек көрүндү болгон деңгээлге жетиш үчүн кандай гана абалга баруу керек?! “Апрельчилер” аны тим Бастилияны алгандай, Рейхстагды өрттөп-талкалагандай кылышты го?!

Кийинчерээк гана көптөгөн кылмыш иштери дагы өрттөлгөндүгү, муну криминалдык күчтөр атайылап уюштуруу менен жасашкандыгы жөнүндө расмий эмес маалыматтар таркатылды. Кандай болгон күндө да, бир нерсе айкын: акаевдик доордон бери, эң соңку атамбаевдик бийликке чейин бул мамлекеттик маанилүү орган өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарбай, же аткара албай келген. Дал ошондуктан улам, кылмыш деңгээли мурда болуп көрбөгөндөй чекке жете өсүп, криминалдык авторитеттер, “вор в законе” дегендер коомчулукта “абройлуу” фигураларга айлана баштаган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүнү дал ушул укук коргоо органдарындагы тазалануудан баштап жатканы абдан туура. Таза эмес, оңой эле сатылып кетчү органдар чабал экендиги талашсыз чындык.

КМШ аймагында коррупцияга каршы күрөшүүнүн тажрыйбасы Россия Федерациясында, Грузияда чоң резонанска ээ болду. Мына, жакында эле Дагестанда премьер-министри баш болгон бир топ жетекчилер кымбат баалуу саат ордуна колдоруна кишен салынышып, камакка алынышты. Андан мурдараак, 700 (!) коллекциялык кымбат баалуу сааты, эбегейсиз байлыктары бар Сахалин губернатору Хорошавин баш болгон кызмат адамдары кармалышкан.

Бизде ушундай фактыларды эстөө кыйын. Ал тургай, орто звенодогу жетекчилерден деле кармалгандары абдан сейрек. Бизде андай кылмыштар жоктугунан эмес, жогоруда белгиленгендей, туташ кылмышка айланып, бирин-бири калкалай башташкандан улам гана!

Дагестандык бир депутат (сыягы бир аз “билимдүү” коррупционерлерден эмес, сабатсыз-базарчылардан болсо керек!) “бул депутаттык мандатың 2 миллион рубль эле турат экен, мен болсом 5 миллион берген болчумун, ашыкчасын кайтаргыла!” — ​деп парламент трибунасынан ачык талап кылып жаткан комикалуу жагдай, бизде андан эки-үч жылча мурда эле орун алгандыгы белгилүү. Партиялык тизмеге кирүү үчүн “мен баланча акча берген болчумун!” деген сыяктуу “разборкалардын” аягы али до соңуна чыга элек. Ал эми Текебаевге каршы “бизден акча алып туруп, алдап кетти” (Арслан Малиев) деген сыяктуу билдирүүлөр дээрлик бардык партияларда болгондугу маалым.

Бая күнчөрөөк өкмөт чиновниктери, парламент жана укук коргоо органдары катышкан талкууда өкмөттүк эмес уюмдардын атынан катышкан бирөө минтип, Американы ачып жатат: “Райондук деңгээлдеги соттордун айлыктары бар болгону (!) эки-үч миң доллардын тегерегинде эле экен, бул цифраны 20–30 миң долларга чейин жеткирүү керек. Болбосо сотторду сатып алуу кылмышкерлерге оңой болот да, паракорчулук токтобойт!” — ​деп…

Эмне демекчибиз, же бул сунушту айтып жаткан адам өлкө бюджетинин реалдуу абалын билбейт (этектен тартсаң башыңа, башыңа тартсаң бутуңа жетпеген), же асмандан түшүп келсе керек…

Акыркы кездерде коомчулукта “парламенттик жана саясий коррупция” жөнүндө көп сөз боло баштады. Бул кашкайган чындык экендигин танууга болбойт. Анан кайсыл арыбызга парламенттик системага өтөбүз деп жатабыз, — ​бул абсурд!

Эл өкүлү деген адам, бул бийик наамдын баркын биротоло кетирген фигурага айланышына аз эле калды. Ошол артка кайткыс чекке жете электе, эсиң барда этегиңди жый демекчи, коррупцияны биротоло ооздуктап, кылмыштуулукту мүмкүн болушунча азайтууга тийишпиз.

Мыйзам баарынан жогору болуп, “саясий жаныбар” (“человек — ​политическое животное” — ​Аристотель) саналган адам, мыйзам бузар алдында, анын артынан сөзсүз жооп берерин билип, сестенип, коркуп турушу керек. Алкымы бузук, дили арам адамдарды башкача жол менен тартипке салууга да болбойт.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: Жаңы Ордо» гезити. №05 (578), 23-февраль,  2018-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс