Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Дүйнө / Иранда коомдук тартипти бузган 300 адам кармалды

Иранда коомдук тартипти бузган 300 адам кармалды

Категория: Башкы жаңылыктар — Published: 21/02 — 10:14

Пасдаран көчөсүндө 5 адамдын набыт кетүүсүнө себеп болгон башаламандык токтоду.

SNN агенттигинин маалыматына ылайык, “Даравиштер” баштаган башаламандык дүйшөмбүдө түндө башталып,  бир автобустун айдоочусу полиция кызматкерлери тарапка сүзө айдап, үчөөсүн тебелеп кеткен. Бул боюнча башчы Саид Мунтазарульмахди мындай деген: Бир канча адамдар тартипсиздикти жаратуу максатында Пасдаран көчөсүнө чогулушуп, өрт чыгарышып, бирөөлөрдүн унааларын сындырып башташкан. Ошол эле түнү аларды токтотууга чуркап чыгышкан коопсуздук сактоо кучтөрүнө карай каттуу айдаган автобус 3 полиция кызматкерин өлтүрө сүзүп кеткен. Ал ошондой эле  тартип бузгандар менен башкалардын өлүмүнө себеп болгондор тез арада кармалышканын жана учурда аларга сурактар жүргүзүлүп жатканын тактап кеткен.

Белгилей кетсек, февралдын 19унан 20сына караган түнү Тегерандын түндүк районундагы Пасдаран чоң көчөсүндө “Дарафиш Гунабади” аталган суфийлердин радикалдуу топторунун мүчөлөрү чогулушуп, башаламандык жаратууга аракеттенишкен. Алар ызы-чуу жаратуу менен аймактын уктап жаткан  тургундардын уйкуларын бузушкан. Ошондой эле айрым дүкөндөрдү сындырып, өрттөшүп, унааларды талкалашкан.  Ал эми  түнкү окуядан башаламандыкты токтотууга келишкен күчтөрдүн экөөсү шейит кетип, дагы 2 ыктыярдуу күчтүн мүчөсү курман болгон. Мындан тышкары чагымчылдардын бири набыт кеткен. Учурда башаламандыкка катышкан 300дөй адам кармалды.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс