Понедельник , 6-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Улуу инсандар унутулбайт

Улуу инсандар унутулбайт

Тарыхтын жазылбаган бир мыйзамы ушундай экен – эртеби, кечпи эл үчүн эмгек кылган, чоң иш жасаган адамдын аты мезгил бороонуна туруштук берип, көпчүлүктүн эсинде калып, татыктуу ордун табып, ар качандан бир качан айтылып жүрөт экен. Ал эми улуу инсан биздин арабызда эле жашап, биз менен аралашып эле жүргөн болот. Убагында бааланбай, билинбей калышы мүмкүн. Бирок, акыры тарых калыс баасын берет. Кеп учугу Султан агайдан улам чыгып жатат.

Университетте окуп жүргөнүбүздө агай биздин курска сабак берген жок. Бирок, студенттерге калыс мамиле кылган, тартипти сүйгөн, талапты бекем кармаган мугалим экен деп угуп калчубуз. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде дагы бир мыкты агай иштеген- ал Мукай Сасыкулов эле. Кийин менин аялымдын аяш атасы чыгып калды. Ошол адамдын аркасында Султан агай менен жек-жаат болуп, ага-ини катары катташып калдык. Муну айтканым- Султан Мамбеткалиевди илгертен билчүмүн. Ошондуктан агайдын аты улуу инсандардын катарында аталат деп тартынбай айта алам.

Кыргыз университетинде көп жылдары профсоюз лидери катары кызмат кылып, чоң жамааттын жетекчилеринин арасында болду. Иштин көзүн таба билген, маселени адилет чечкен, чындыкты бетке айткан жетекчи атыкты. Жаңы доордо мезгил талабын илгиртпей түшүнүп, билим берүү тармагында өз ишин баштады. Натыйжада тил үйрөткөн чакан борбор өсүп- өнүп отуруп, аттуу баштуу университетке айланды. Чүй университети Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагында өз ордун таап, мамлекеттин керегине жарап, кадыр-барктуу окуу жайга айланды. Ушул жылдар ичинде ар кыл тармактагы сандаган адистерди даярдап, илим изилдөөлөрүн жүзөгө ашырып, республиканын маданиятына чоң салым кошту. Бул иштин башында турган, ар кандай тоскоолдуктарга туруштук кылып, кыйынчылыктарды жеңип, көгөрүп отуруп максатына жеткен адамды «улуу инсан» деп айтсак эмне үчүн жарашпасын.

Агай менен көп жылдык мамилемдин негизинде ал киши акылман адам эле деп айта алам. Жакын- алыс дебей чындыктан жазчу эмес, болгонун болгондой айтчу. Чоң- кичине дебей кеңешин аябай, жардамын берип, акыйкат ишти колдоп сүрөчү. Кайсы жагынан болбосун өзү татыктуу деп тапкан тааныштарына жакшылык кылышка абдан дилгир эле. Ар адамдын ийги жагын мактап, ийри жагын түздөп, колдон келген жардамын беришке даяр болчу. Ошон үчүн эл-журт тарабынан «Бакай ата» наамын алганы бекеринен эмес. Мындай иштер «улуу инсандын» гана колунан келет. Агай кеңпейил, айкөл болчу.

Эмне үчүн илимий даража коргобой койгонун айтып берген. Бу да болсо агайдын чындыктан тайбай, акты ак, караны кара деп тартынбай айтканына байланыштуу экен. Бирок, агайдын илим изилдөө жаатында жасаган иши кайсы профессордун эмгегинен кем? Бир барак кагазы болбогону менен агайга «илимдин доктору», «академик» деген даражалар сонун эле жарашчу. Эң негизгиси – агайдын мээнети буга татыктуу экенинде.

Кыргыздын каада-салты дегенде Султан агай ичкен ашын таштай чуркачу. Элдин жакшы касиетин калың калкка жеткирүүгө, улут мурасын жаш муунга кеңири жеткирүүгө эт-бетинен кетип аракет кылчу. Бирге иштегендерди, кесиптештерин, шакирттерин, студенттерин улуттук дөөлөттөрдү кастарлап, аздектөөгө үндөгөндөн тажачу эмес. Улуу инсан ушундай болот. Улуу нерсени көрөт, улуу максат көздөйт.

Кыргыздар «жакшы карыды» деп, таанымал, тандамал карыялар тууралуу сый-урмат менен кеп салат. «Жакшы карыйт» деген кандай, кайсы чен-өлчөмдөр аркасында бааланат деп талдап-тактай келсек, ар кыл пикир айтылышы ыктымал. Деген менен талашсыз жагдай ушул- кайсы бир туюм негизинде айрым улгайган адамдар тууралуу эл ушундай тыянак жасайт. Мындай баа чынында эле калыс чыгат. Бир топ жыл чогуу иштешип, агайдын чын эле «жакшы карыганын» көрдүм. Көптөгөн ийги ишине күбө болдум, көптөгөн акыл-насаатын уктум. «Жакшынын шарапаты» деген улуу осуятты укканда Султан агайды да эстеп кетем. Агай тууралуу айтар кебим көп. Анын да кезеги келер, убагы жетер, сааты чыгар…

Профессор Жамгырбек Бөкөшов

«Жаңы Ордо» гезити. №4 (577), 16-февраль 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс