Понедельник , 6-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Т. Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Жээнбековдун билдирүүлөрү анын саясий эркинин күчтүүлүгүн, коррупция менен күрөшүүгө дайын экендигин так көрсөттү»

Т. Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Жээнбековдун билдирүүлөрү анын саясий эркинин күчтүүлүгүн, коррупция менен күрөшүүгө дайын экендигин так көрсөттү»

Саресеп

 

— Табылды мырза, президент С. Жээнбеков жакында өткөргөн коопсуздук кеңешинин жыйыны сизге кандай таасирлерди калтырды?

— Жакында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйыны жеке эле мага эмес, жалпы эле кыргызстандыктарды өзгөчө таасирге калтырды. С. Жээнбеков өзүнүн президенттигинин алгачкы күндөрүнөн бери эле коомчулуктун назарында. Шайлоодон кийин дароо Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы пикир келишпестиктерди өтө тездик менен чечти. 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап, ал демилге бардык региондордун колдоосуна арзыды. Анын ушул сыяктуу аракеттерин айтсак болот. Жакында эле болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин жана андагы президент С. Жээнбековдун өлкөдөгү коопсуздук маселелерине байланыштуу билдирүүлөрү анын саясий эркинин күчтүүлүгүн жана ал коррупция менен күрөшүүгө дайын экендигин так көрсөттү десем болот.

— Коопсуздук кеңешинин жыйыны эмнеси менен өзгөчө болду?

— Президент С. Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде коомубузду жаңы тарыхый чакырыктарга үндөдү. Ал өлкөдөгү болуп жаткан процесстердин күрөө тамырын кармап тургандыгын жана терс көрүнүштөрдөн толук маалыматы бар экиндигин жана аларды жоюунун жолдорун билээрин билдирди. Президент коомду коррупция менен бирге күрөшүүгө үндөдү жана чакырды. Учурунда И. Раззаков коррупция менен күрөшүү үчүн «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген учкул сөздөрүн кыргыз элине калтырды эле. Анын сөздөрү бүгүн да коомубузду алга сүрөөчү ураан катары жашап келет. Жакында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында С. Жээнбеков да «Таза бизнес элди багат, ал эми “калкалоосу” барлар коррупционерлерди багат» деп өлкөдөгү бүгүнкү абалды чагылдырган өтө учкул билдирүү жасады. Менимче, анын бул сөздөрү коррупция менен күрөшүүчү органдардын девизи болушу керек. Албетте, муну менен С. Жээнбеков коомубуздун өнүгүп-өсүшүнө коррупция болуп көрбөгөндөй кедергисин тийгизип жатканын билдирди. Бажы, салык жана өлкөнүн соода-сатыгында эле чоң резервдер болгондугуна карабай өлкөнүн казынасына ири кирешелер кирбей, анын көпчүлүк бөлүгү коррупционерлердин чөнтөгүнө кетип жатканын айтты. Ал көмүскө схемалар аркылуу миллиарддаган акчалар казынага түшпөй жатат. Ал эми көмүскө схемалар мамлекеттик структуралардын түздөн-түз катышуусунун негизинде болуп жатканын айтып, абал өтө кейиштүү экенине токтолду. «Бюджетке каражаттын түшпөй жатышына, биринчи кезекте фискалдык органдардагы коррупция себепкер. Бирок, укук коргоо органдары катышпаса, мындай көмүскө схемалар ишке ашпайт», — ​деп белгиледи С. Жээнбеков.

С. Жээнбеков таза бизнес жасап жаткан ишкерлерди колдоо иретинде укук коргоо органдары, сот, прокуратура, финпол ж. б. өз милдеттерин өлкөнүн конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткара албай, аларды одоно бузган аракеттерге барып жаткандыгын да айтты. Бул жаатта, өзгөчө сот, прокуратура жана УМКК кызматынын алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматын кескин сынга алды. Мамлекет башчы бул структуралар өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жаткандыгын белгиледи.

Президент С. Жээнбеков укук коргоо органдары көмүскө схемаларды өзүлөрү жаратып жаткандыгын, коррупциялык көмүскө схемаларга өзүлөрү аралашып жатканыдыгы жалпыга белгилүү экендигин айтты. «Укук коргоо органдарынын көмүскө схемаларга, экономикалык кылмыштарга тыгыз аралашканы белгилүү. Мисалы, ар кандай негиздер менен ишкерлерге карата көптөгөн кылмыш иштерин козгошот. Аларды иликтөө узакка созулат, бир канча убакыттан кийин ал иштердин көбү жабылып, сотко чейин жетпей калат».

С. Жээнбеков укук коргоо органдарындагы коррупцияны тыюу бүгүнкү күндүн талабы экенин эске салды. Укук коргоо органдары таза эмес бизнестин өкүлдөрүн жазалоонун ордуна, аларды калкалоого алып, таза жол менен бизнесин жүргүзүп, өлкө бюджетине салым кошуп жаткан бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн тынбай текшерип, алардын бизнесине жолтоо кылып жаткандыгына токтолду. Тынымсыз текшерүүлөрдүн кесепетинен бул бизнес структуралардын айрымдары банкроттук абалга жетип жатат. Мына ушул багытта С. Жээнбеков: «Биз өлкөдө саясий конкуренцияны түздүк. Эми мамлекет чынчыл бизнесмендерди колдоп, ишкер чөйрөдө адилет конкуренцияны орнотушу керек. Таза бизнес элди багат, ал эми “калкалоосу” барлар коррупционерлерди багат», — ​деген жыйынтык сөзүн айтты.

Президент С. Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коомубузда болуп жаткан коопсуздук маселелерине байланыштуу процесстер менен жакындан тааныш экендигин билдирди. С. Жээнбеков коррупция менен күрөшүүчү мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, тиги же бул тараптын кызыкчылыгында кылмыш иштерин ачып, бирөөнүн мүлкүн, бирөөгө тартып берүүгө катышып жактанын айтып, бул структуралардын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп, ачыктады. Буга чейин президенттин атына миңдеген адамдар кат менен кайрылып, алардын көпчүлүк бөлүгү жарандардын укуктарынын одоно бузулгандыгын чагылдырган мүнөздө экендигин белгиледи. Албетте, мунун баары УМКК, Прокуратура, сот системасы, финпол, салык, бажы кызматтары үчүн мындай мыйзам бузуучулук аракеттер көндүм болуп баратканын билдирди жана өлкө хаоско тушуга электе терс көрүнүштөрдү тез арада жоюуну талап кылды.

— Мыйзамсыз негизде кылмыш иштери кандайча ачылып жатат? Кыргызстандын мыйзамдары боюнча мекемелердин мүлк талашы граждандык процессуалдык иш катары таанылып жатканына карабай, финпол талашып жаткандардын бирин колдоп, экинчисине кылмыш ишин ачып, сотко өткөрүп жиберген учурлар бар экени коопсуздук кеңешинде да айтылды. Буга оюңуз кандай?

— Чынында эле экономикалык субьектилердин мүлк боюнча талаштары мыйзам боюнча жарандык иш катары каралган. Конституциянын 24-статьясынын 2-пунктунда да бул жөнүндө бакыйып жазылып турат. Анда, “эч бир адам өзүнүн жарандык милдетин аткара албай калгандыгы үчүн эркинен ажыратылбайт” деп жазылып турат. Башкача айтканда Конституция боюнча мүлк талаштар боюнча кылмыш ишин ачууга болбойт. Бирок, ар кандай жолдор менен кылмыш иши ачылып, жада калса иш сотко өткөрүлүп, соттун чечимдери чыгып жатат. Ошентип, бирөөнүн мүлкүн башка бирөөлөргө тартып берип жатышат. Ортодон өздөрү да пайда таап жатышат. Ошондуктан коопсуздук кеңешинин жыйынында финпол, сот жана башка мамлекеттик органдар бир тарапка, экинчи бир тараптын мүлкүн тартып бергенге катышып жаткан учурлар аз эмес болуп жатканы белгилүү болду. Президент С. Жээнбеков мындай мисалдар аз эмес экенин айтты.

— Президент С. Жээнбеков коррупцияга болуп көрбөгөндөй сокку урду. Укук коргоо органдарынын коррупцияга малынып калганын ачык айтты. Буга чейин эле коомчулукта, саясатчылардын оозунан ар кандай коррупциялык схемалардын бар экендиги айтылып келген. Укук коргоо жана фискалдык органдарды айрымдар заказдык негизде колдонуп, кылмыш иштерин ачтырып алышаарын айтышчу эле. Ал гана эмес ар бир иштин кызмат акысы бар дешет. Мисалы, 50 миң доллардан жогорку суммалар айтылып жатпайбы. Коррупция менен күрөшүү үчүн ал боюнча маалыматты коомчулукка алып чыгып, билдирип туруу шарт. Бул ММКлардын милдети. Сиз бул жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

— Ооба. Бирок, коррупциялык иштер бүгүн эле катталып жаткан жок да. Бул өңүттөгү терс көрүнүштөр А. Акаев, Бакиевдин заманынан бери эле келатат да. Арыраак барсак, И. Раззаковдун доорунда деле коррупция кайсы бир деңгээлде болгон. И. Раззаков да коррупция жана интриганын курмандыгы болгонун жакшы билесиз. Саясатчылардын жана бизнесмендердин арасында айтылган сөздөргө кулак салсак, анда, мисалы, тиги же бул бизнесмендин үстүнөн заказдык негиздеги кылмыш ишин ачуу 4–5 миң доллар турат дешет. Бул акчага кимге гана болбосун заказдык негиздеги кылмыш ишин ачтырса болот. Мейли прокуратура, мейли финпол, мейли башка мамлекеттик орган болсун ача берет дешет. Себеби, кылмыш ишин ачып алып, бизнесменди саай берсе болот. Ачылган кылмыш ишин жабуу үчүн 50 миң доллардан 200 миң долларга чейин талап кылышат. Бул акча бизнесиңиздин көлөмүнө жараша талап кылынат. Ири бизнес болсо чоң, орто болсо азыраак дегендей. Эгерде иш сотко өтүп кетсе, анда сотко да өзүнчө акча бериш керек болот, бизнесинин көлөмүнө жараша, 50 миңден жогору карай. Мамлекеттик чиновниктин, мисалы, кайсы бир стратегиялык (майлуу) башкармалыктын башчысынын отпускасы (үй-бүлөсү менен) 10 миң доллардан баштап бизнесиңизге жараша жогорулай берет. Жетекчи чиновник көпкө чейин бизнесмендин документтерине кол койбой жүрө берет. Анан отпускасына жакын калганда мен Малайзияга үй-бүлөм менен отпускага кетип жатам, бир 10 миң доллардай акча керек болуп жатат деп койсо, бизнесмендер айла жок, ал акчасын алып барып беришет. Бирок, ошондо да тиги документтерге кол коюуну өзүнүн орун басарына тапшырып коюп кетип калышы мүмкүн. Себеби, ал өзүн кудай сезген чиновник. Анын жогору жакта колдоочусу бар ж. б. у. с. Орун басар деле бизнесменден үмтөтүп, документтерге кол койбой жүрө берет. Бирок, жетекчиси ишке чыгарга аз калганда келип калса проблема болбосун деп, акыры кол коюп берет. Башкача айтканда Кыргызстанда бизнесмен болуш өтө татаал жана кооптуу. Укук коргоо органдары заказдык кылмыш иши менен бизнесменди каматып жибериши да мүмкүн.

— Абал өтө татаал көрүнөт. Президент С. Жээнбеков бекеринен укук коргоо органдарын, генпрокуратура, сот системасын кескин сынга алган эмес экен да? Бирок, бул структуралардын жетекчилери өзүнүн башкармалыктары, бөлүм башчылары, кызматкерлери эмне кылып жатканын билишпейби?

— Бул жерде ар бир эле учурда генпрокурорду же финполдун жетекчисин күнөөлөй бергенде болбой калат го. Бул жерде биз бир нерсени так билишибиз керек. Мындай коррупциялык көрүнүш башка өлкөлөрдө деле бар. Бирок, бизде кеңири жайылып кеткен. Бул байыркы доордогу бир терс көрүнүш менен өтө окшош. Мисалы, адам баласы темирди колдонгонду үйрөнгөндөн кийин курал-жарактын баары темирден болуп калган. Адам адамды өлтүргөндү, кырганды, мүлкүн тартып алганды үйрөнгөн. Темирдин колдонула башташы, согушту, баскынчылыкты жараткан. Согуш баюунун булагы болуп калган. Бүгүн Кыргызстанда адам адамды оңой менен өлтүрө албайт, мүлкүн тартып ала албайт. Себеби, мыйзамдар бар. Бирок, Кыргызстан рынок экономикасына өттү. Ар бир адам, баюунун жолун издеп жатат. Айрымдар таза жол менен байыса, айрымдар ыплас, арам жолдор менен байып жатат. Башкача айтканда айрым шылуундар үчүн заказ, коррупционер чиновник баюунун булагы болуп жатат. Ошого мамлекеттик структураларды, коррупцияга малынган чиновниктерди пайдаланып, бир бизнесмен, экинчи бир бизнесмендин мүлкүн тартып алып жаткан көрүнүштөр көбөйүп жаткандыгы белгилүү болуп жатат.

— Кыргызстанда заказ кылуу, бир адамды бир адам каматуу оңой эле болуп жатпайбы. Аны баарыбыз көрүп жатабыз. Бирок, бул кандай негизде жүрүп жатат?

— Ар бир ишке өзүнчө карашыбыз керек. Мисалы, бүгүнкү күндө акчалуу ишканаларда укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткендер, айрыкча УМКК, коррупцияга каршы кызматынан иштен айдалып кеткен кызматкерлер юрист же кеңешчи болуп олтурушат. Же жөн эле сырттан жардам берип турушат. Айрымдары 10–15% ке фирмаларга учредитель болуп кирип алышат. Себеби, булар кызматтарына байланыштуу чет элдиктер аркылуу «багылышат» же жан багышат. Бизнесмендер да укук коргоо, прокуратура, УМКК иштеп кеткен кызматкерлерди өздөрүнө ишке алууга кызыкдар болот. Аларды кызматка алып, булардын тажрыйбасын, мамлекеттик органдардагы байланыштарын өз кызыкчылыгына пайдаланышат. Себеби, бул кадрлардын мурда иштеген жеринде жана башка мамлекеттик органдарда толгон- токой тааныштары, байланыштары бар. Булар өлкөнүн мыйзамдарын өтө жакшы билишет. Арызды юридикалык негизде өтө жакшы жазышат. Ошентип мекеменин кожоюну ар кандай жолдор менен эски кадрларды пайдаланып, өзүнүн конкурентине кылмыш ишин ачтырып алат. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кылмыш ишин ачкандан кийин, аны жабуу өтө кыйын. Себеби, иш дароо прокуратуранын көзөмөлүнө өтөт. Иш акыры барып, сотко жетиши керек. Мына ошентип, таза иштеп жаткан бизнесмен өзүнөн өзү эле укук коргоо органдарынын укуругуна түшүп, саала баштайт.

— Коррупция менен Акаевден баштап эле күрөшкөндөй болуп келатышат. Бирок, натыйжа жок. Эмнеге мындай болуп жатат?

— Эң биринчи кезекте бийликтин ар бир аракетине эл ишенгендей саясат жүргүзүлүшү керек. Бийликтегилер ойлойт, эл эч нерсени байкабай жатат деп. Жок, тескерисинче эл баарын билип, акылы менен туюп турат. Кыргызстанда бекеринен эки жолу революция болдубу? Мунун баары элдин туюу сезиминин күчтүүлүгүндө. Эл эки жолу тең билип койду, бийликтин карасанатайлыгын. Элдик саясат жүргүзүлбөй жатканын. Ошого көтөрүлүп кетти, акыйкат издеп.

Ошондуктан бийлик эл ишенгидей, так иштеши абзел. Өтө сак, тыкан жана кынтыксыз иштеши ылаазым. Эсиңизде болсо, А. Акаевдин мезгилинде айрым бизнесмендер анын чет өлкөлөргө чыккан сапарларын финансылаган учурлар болгон. Кийин ошол бизнесмендер өтө бай болуп чыга келди. Себеби, алар мындай кызматы менен жашыл жарык статусуна ээ болуп алган. Бирок, орусча “дурной пример заразен” дегендей кийин башкармалыктын башчылары отпускасына бизнесмендерден миңдеген долларларды уялбай эле талап кылып алып жатпайбы. Ошентип, коррупция канат жайып жатат.

Акаевдин мезгилинде мыкты мамлекеттик ишкананын жетекчисин же акимди президентке жамандап олтуруп, өздөрү олтуруп алып, ал жерди талкалап, талап-тоноп кеткендер канча. Мына азыр да бизнесмен эптеп тырмалаңдап бизнесин бутуна тургузганда эле, акырындык менен аны кылтакка илүү пландаштырыла баштайт.

Акаев, Бакиевдин учурунда эле “разводящий” деген бар эле да. Ал бизнесмендердин кылмыш иштерин жаап берип же соттон утуп берип, чоң суммадагы долларларды алып турчу. Бакиев доорунан бери андай “разводящийлер” президенттин окружениесине кирген же үй-бүлө мүчөсү болгондугу коомчулукка белгилүү. Ошондуктан, ага эч ким тие алган эмес. Генпрокурор да ага сүйлөй алган эмес. Ал Бишкек прокуратурасынын, финполдун, УМКК жетекчисине заказ берип алып, каймак калпый берген. Мисалы, К. Бакиевдин убагында көпчүлүк саясатчылар, бизнесмендер ошондой “разводящийлердин” запкысынан банкрот болгон, же мүлктөрүн тарттырып жиберишкен.

Ошондуктан, С. Жээнбековдун биринчилерден болуп бийликтеги, мамлекеттик структуралардагы коррупциялык аракеттерди тыюуга талап койгону элдин колдоосуна ээ болуп жатат. Азыр элдин баары эле жакында болуп өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөрүлгөн маселелер боюнча талкуу кылып жатышат. Мамлекет башчынын бул саясий кадамы жамы журтка жагып жатат.

— Коррупцияны ооздуктоо үчүн эмне кылуу керек?

— Менимче, Кыргызстанда коррупцияны ооздуктоо, анын коомдун турмушуна таасирин азайтуу үчүн биринчи кезекте анын күрөө тамырын так, даана билишибиз керек. Биз бүгүн укук коргоо органдары, прокуратура, сот, милиция, фискалдык органдар, финпол, салык кызматы ж. б. коррупциянын негизинде багылып, байып жаткандагына күбө болуп жатабыз. Бул коомубуздун турмушунда нормага айланып калды. Муну прокуратурага, укук коргоо органдарына, УМКК ж. б. структураларга келип түшүп жаткан арыздардын мазмуну эле көрсөтүп турат. Көпчүлүк учурда арыздарды атайылап кылмыш ишин козгоого ылайыктап жалган маалыматтарды кошуп жазып коюшат. Тергөөчү арызды көрүп алып, андагы маалыматтардын чын-төгүнүн билбей туруп эле кылмыш ишин ача берет. Кылмыш иши ачылгандан кийин жөнөкөй адамдан деле, бизнесменден деле укук коргоо органдары акча каңкуулай беришет.

Демек, тийиштүү мыйзам-ченемдерге адегенде арыздагы фактылар талданып, такталгандан кийин гана кылмыш иши ачылсын деген норманы киргизүү керек. Мисалы, бизнесменге же саясатчыга кылмыш ишин ачуу үчүн арызда ал кызматтык абалдан пайдаланган, мени коркутуп-үркүтүп мүлкүмдү тартып алган, алдап кеткен деп жазыла берет. Тергөөчү териштирип келгенде бул фактылардын бири да аныкталбай калат. Бирок, прокуратура кылмыш ишин оңой менен жаптырбайт, иштин сотко жетилишин талап кылат. Ошентип, бизнесмен саала берет. Иш сотко жетсе, бизнесменди соттоп, камап да салышы мүмкүн. Мындай мисалдар өтө эле көп. Дагы бир мисал, арызда менин мүлкүмдү, машинамды, үйлөрүмдү тартып алды деп жаза беришет. Бул окуя 3-4 же андан көп жыл болгон болсо деле укук коргоо органдары кылмыш ишин ача беришет. Максат –бизнесменден пайда өндүрүш керек. Себеби, мисалы, тиги же бул тарап бири-бирине үйгө 3 жылдын ичинде, ал эми машинага 1 жылдын ичинде доо койсо болот. Бул фактылар ачыкталып, бул арыз боюнча кылмыш ишин ачууга болбой тургандыгы аныкталса деле, прокуратура оңой менен аны жойдура койбойт. Себеби, бизде прокуратура системасы “көзөмөл” деген сөздү таптаза башкача түшүнөт. Эгер жаба турган болсоң, анда эмне ачтың эле, ишти сотко жеткир деп талап кылып коюп олтура берет.

Ошондуктан, укук коргоо органдары кылмыш иши ачылаары менен бизнесмендерди эки айга камап салышат. Камап алып, сааган өтө ыңгайлуу. Себеби, мындай абалда бизнесмендин статусу өзгөрөт. Ал “кылмышкер” катары каралып калат. Анан аны саай бериш оңой. Башкача айтканда аны коомго жаманатты кылып алып, анын тагдырын каалагандай калчап, акча өндүрүүгө, мүлкүн тартып алууга шарт түзүлөт.

— Коррупцияны ооздуктоодо мындан башка да кандай өзгөрүүлөр талап кылынат?

— Менимче, парламенттин сапаттуу болушу ылаазым. Анан кадрлар мыкты тандалышы керек. Кадрларды, өзгөчө Бишкекте, Кыргызстандын криминогендик өзгөчөлүгүнө жараша бекитиш керек. Менимче, Бишкек прокуратурасынын жетекчиси менен финполдун жана Бишкек финполунун жетекчиси ар башка областтардан болушу шарт. Себеби, айрым учурларда “разводящийлер” буларды өздөрү бекитип алып жатышат. Өзүнүн кишисин коюп алгандан кийин, кимди гана болбосун каматууга мүмкүнчүлүк алат. Айрым учурларда бизнесмендер чоң акчага бул структураларга өз кишилерин жылдыртып да алып жатышат.

Маектешкен Т.ТОКТОБОЛОТОВ

«Жаңы Ордо» гезити. №4 (577), 16-февраль 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс