Понедельник , 6-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Криминал менен күрөшүүгө кудурет жетеби?

Криминал менен күрөшүүгө кудурет жетеби?

Иш али көп

Сооронбай Жээнбеков сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат дегенде, коомчулук көптөгөн өзгөрүүлөрдү күтүп калды эле. Бирок, “Буларга дагы бир шанс берели”, — ​дегенде, эл дагы эле ишенип, бирок ишеним бир аз “солк” дей түшкөнүн эч жашыра албайбыз.

Муруңку президентАлмазбек Атамбаевдин ишеничтүү адамдары, “ишенген кожолору”, дагы эле бийликте. Эл такыр ишенбей калган органдарды толугу менен коррупцияга матыргандар, элдин убалынан дагы эле калып турган кез…

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК башчысы Абдил Сегизбаев, Башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны жумушунан ала алабы? — ​деген суроолорду Ак-үй, Көк-үй эмес, жарандарыбыздын үйлөрүнүн жана батирлеринин кухняларында да берилип турганын эч жашыруу болбой да калды.

“Бирок, коррупцияга матырылган органдарынын жетекчилерин жумуштан алуунун көп жагдайлары болсо керек. Анткени, Сооронбай Жээнбеков президенттике аттанганда, бул жетекчилер, Атамбаевдин буйругун аткарып, Сооронбай Жээнбековго чоң жардам беришкен. Дагы эле, бирок, деген нерсе бар — ​Андай кийлигишүүнүн кажети бар беле? Ушул жагдайды эске алсак, анда, аталган аткаминерлер, ордунан козголбойт”, — ​дейт белгилүү адвокат укук коргоочу Акин Токталиев.

Саясат деген саясат, демекчибиз. Ошондуктан саясый чечимдерди президент кабыл алса, анда Атамбаевдин мезгилинен бери жетектеп келе жаткан Жогорку соттун төрайымы, Башпрокурор, күч органдарынын жетекчилери жумушсуз калып, оппозицияга кетүүнүн аракетин жасайт.

Оппозицияга аларды кабыл алабы? Бу да бир чоң суроо. Аталган жетекчилерди кызматтан алса, Сооронбай Жээнбеков, оппозициянын да бир аз аброюн түшүргөнгө, жана Атамбаевдин үстөмдүгүн чаап таштайт деген пикирлер ачык эле айтылып туру.

Эми, Атамбаевдин учурунда боштондукка чыгарылган, бирок, Жогорку соттун Өкүмдөрү Сооронбай Жээнбеков толук кандуу Президент болгондо күчүнө кирген иштер эмне болот? Бул иштер прокуратура, сот, атайын кызмат жана күч структуралары тарабынан аткарылып, аны Ак үйдүн жетинчи кабаты көзөмөлгө алып турган да деген кептерди айтып жүргөн элдин оозун ким тыят? Мурунку президенттин тушунда көп криминалдык авторитеттердин камактан чыгарылганы калппы?

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди кызыл килем төшөтүп, самолетко чейин узаттырып койгон ким? Ак үйдүн уруксаты жок бул иш болот беле? Анткени, “мыйзамдагы ууруну”, жалгыз Адистештирилген прокуратуранын прокурору жана район-шаардык соту чыгара албайт. Ал үчүн, жогор жак макулдугун берип, Баш прокурор, ГСИНдин Адистештирилген прокуратуранын прокуроруна тапшырма берет. Адистештирилген прокуратуранын прокурору тийиштүү кагаздарын даярдап, Генпрокурордун уруксаты менен сотко өткөрөт. Сот Адистештирилген прокурордун сунушун карачу күндү, жана саатын тактап, андан кийин карайт. Өкүм чыгат. Он күндө Башпрокуратура өз сөзүн айтыш керек. Андан кийин аппелляция, Надзор деп убакыт өтөт.

Бирок, мындай иш чаралар, Ак үй кийлигишпеген иштерге гана таандык болот. Таасири күчтүү “шеф” кийлигишсе, “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин ишин карагандай эле бир күндө болгон процедураларынын баары бүтөт. Айтканы айткандай аткарылган адамдын көзөмөлүндөгү иштерге Жогорку сот “точкесин” балч этип коюп, бир сааттын ичинде эле бүтүрүп коёт.

Эми Батукаев, муруңку бийликтин “Кудайдын тумшугунан түшкөн инсан” катары кабыл алынса, мейли… Эми ошол эле Батукаевге көз каранды болуп жүргөн кримавторитеттерди бошоткондорду ким жазалайт?

Мисалы, “Дөө” деп аталып жүргөн Жумагулов Чыңгызды шайлоонун алдында бошотуп, Атамбаевдин жакындары аны пайдаланганын эл билет. Бирок, сөз көп болуп кеткенде, “Жогорку сот өзүнүн Өкүмүн чыгарган эмес деген шылтоо таап, Жумагулов Канат Исаевди каматкан соң, бир аз калган мөөнөтүн өтөйм деген демилге менен Баш прокуратурага өзү келип, кайра түрмөгө олтурат.

26-декабрда бул кримавторитеттин документтерин амнистияга даярдап, Адистештирилген прокуратуранын прокурору кагаздарын сотко берип, сот 30-декабрда күчкө кирген Өкүмдү кримавторитеттин колуна карматат. Жаңы жылды үйүнөн тосуп, бирок, дагы мөөнөтүнүн бир азы калган экен деп кайра камакка алышып, эми “Дөө” толугу менен боштондукка чыгуунун алдында турган кези. Криминалдын сөзүндө авторитеттин боштондукка ушундай жол менен чыкканы, “эсептелинбейт” жана кримавторитеттин аброюна аброй кошпойт. Бирок, мыйзам иштебеген, Башкы прокуратура, Жогорку сот жана укук коргоо органдары коррупцияга матырылып калган өлкөдө бул өзүнчө бир тема. Мындай шартта кримавторитет, жазылбаган “түшүнүк мыйзамдарын” бузса да одоно бузбайт. “Мыйзамдагы уурудан башкасы арыз жаза берет…

Дөөнүн ишин да таасирлүү адамдын буйругу менен баягы эле Башпрокурор, Жогорку сот, күч жана укук органдарынын жетекчилери жасашты деп айтканга мүмкүн экенин эч ким жашыра албаса керек. Ошондуктан “Аларды эмне кылуу керек?”— ​деген суроо кайра эле оркойуп чыгып калып жатпайбы…

Азыркы кезде бийликтин кадр саясатын сындагандар көбөйдү. Президент күч структураларындагы, Башпрокуратурадагы, Кыргыз сотторундагы көйгөйлүү маселелерин чечүүгө аракет кылбаса, бийлик бутактарындагы орун алган кадр саясатынын терс жактарын чече албайт деп эл өкүм чыгарса, элдин толкуну “сел жүрүп кеткендей” болуп калышы мүмкүн.

Азыркы кезде, кээ бирөөлөр кызматка келип, бир шылтоо менен, бир-эки айда эле айдалып жатышат, коррупцияга баткан, мурункунун адамдары 5-6 жылдан бери олтурушат, креслолорун кучактап.

Жээнбековдун «Коррупция менен күрөшүү — ​өзгөчө маанилүү маселе. Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш — ​мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете. Бүгүн сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралат. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупцияга каршы күрөшө турган мамлекеттик органдар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат», — ​деп айтканын эл дагы эле талкулап туру. Бирок, күткөн иштер болобу же мурункунун кадрларынан кутула албай эле жүрө береби президент? — ​деген суроону эл көп жерден берип жатканын мамлекет башчы өзү деле билсе керек…

«Уюшулган кылмыштык топтор (УКТ) менен күрөшкөнгө, биринчи ирет саясый эрк керек. ИИМ аны мойнуна ала албаса, мен айтып коёюн, УКТтордун мүчөлөрү кармалса, менин кээ бир кесиптештерим, барып туруп, аларды (криминалдарды) куткарып чыгарып кетишет. Анткени аларды депутаттар өзүнүн бизнесинде пайдаланышат. Чындыгында УКТ менен ИИМди алмаштырып калган жагдайлар өтө көбөйдү. Кылмышкерлерге жөнөкөй жарандар гана эмес, саясатчылар да көп кайрылышат”, — ​дейт депутат Сурабалдиева…

Бирок, мамлекет башчысы ачуу чындыкты Коопсуздук Кеңешине ачык чыгарганына караганда, жакын арада мамлекетибиз жана коомубуз тазалануу иштерин баштайт деген үмүт дагы эле бар.

Ырысбек ӨМҮРЗАКОВ

«Жаңы Ордо» гезити. №4 (577), 16-февраль 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс