Понедельник , 6-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / А. Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери: «Дүйшөмбү Шаяхметович улут үчүн зор эмгек кыла турган киши»

А. Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери: «Дүйшөмбү Шаяхметович улут үчүн зор эмгек кыла турган киши»

Кутман куракты утурлай

 

— Адахан Кимсанбаевич, сиз менен чогуу партиянын жүгүн көтөрүп келген Дүйшөмбү Шаяхметович быйыл 70 жашка толуп жатат. Ал киши менен качан таанышкансыз?

— Кыргыздын “Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” деген жакшы сөзү бар. Бул деген жакшы кишилер менен чогуу жүрсөң, жакшыларга жанашасың деген сөз. Мен абдан урматтап-сыйлаган, биздин адамдык баалуулуктарыбыз дал келген, сезимдерибиз бир туугандай эле болуп калган, мыкты жардамчым бар эле. Мааданбек Мамытов деген. Мен ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты элем. Ал университеттин юридикалык факультетин бүтүрүп, жумуш издеп жүргөн жигит экен. Мага дасыккан кесиптешим Кубатбек Байболов “Абдан зирек бир жигит бар, жардамчы катары карап көрбөйсүңбү” деп сунуш кылып калды. Келсин дедим. Келгенде эле баскан-турганы, менин суроолорума берген жооптору көңүлүмө жакты. 3 мүнөттүн ичинде эле кагаздарыңды алып кел, мага жардамчы болуп бүгүнкү күндөн баштап жумушка чык деп кабыл алдым. Кишиге кишинин жагышы кыйын эмеспи. Ал жигит эшикти “Ас-салому алейкум” деп ачып киргенде эле жакшы пикир калтырды. Тилекке каршы өмүрү кыска экен, жакшы кишилердин өмүрү аз болобу, мени менен 3–4 жыл чогуу иштешкенден кийин кырсыкка кабылып, каза болуп калды. Өзү Нарын облусунун Нарын районунан, Дөбөлү деген айылынан болчу. Ал жигиттин таятасын, тайэнесин көрдүм. Керемет инсандар экен. Бирок, ошол мезгилге чейин Мааданбектин ата-энесин көрбөптүрмүн. Атасы да университетти абдан жакшы бүтүргөн чыгаан жаштардан болуп, облустук сотто, облустук юстиция бөлүмүндө иштеп келген Бекибай Мамытов деген керемет киши экен. Ал киши менен кийин тааныштым. Бир күнү кабинетте олтурсам Бекибай Мамытович бою кичирээк, сары түспөл, чачтарын ак баскан, абдан шашпай сүйлөгөн, беш суроо берсең жарым сааттан кийин бир сөз менен жооп берген бир кишини ээрчитип келди. Ал кез 2010-жыл эле. Төңкөрүш болуп, өлкөдө ызы-чуу токтобой, Жогорку Кеңешке мына-мына шайлоо болот деп олку-солку болуп турган мезгил. Мага “Бул киши партиянын негиздөөчүсү” деп тааныштырды. Эмне болгон партия экен?– десем, “АТА жолу” деген партия деди. Ошол учурда “АТА” деген сөздү коюп дүкөндөрдү, ишканаларды ачмай мода болуп атпады беле. Чынын айтайын, ошондой партиялардын бири го деп ойлогом. Көрсө, “АТА жолу” деген “Авто, темир, аба жолу” деп, унаачылардын башын бириктирген партия экен. Бекибай Мамытович алып келген киши “Биз көптөгөн партиялардын Уставдарын, программаларын карап чыгып, биздин пикирибизге жакын болгону сиздин партияңыз болду. Биз сиз менен бириксек” деди. Аты-жөнү Дүйшөмбү Шаяхметович Сооронбаев экен. Союз мезгилинде аткаруу комитети тарабында, транспорт тармагында Нарын облусунда иштеп жүрүптүр. Дүйшөмбү Шаяхметович экөөбүз ошентип таанышканбыз. Сүйлөшүп олтургандан кийин пикирибиз дал келип, бир жерден чыккан соң заматта чечим кабыл алдык. Саясий кеңешти чакырып, анын чечими менен “АТА жолу” партиясын толугу менен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына кабыл алып, бир партия болуп калдык. Дүйшөмбү Шаяхметович менин биринчи орун басарым болуп калды. Ошол мезгилден баштап 8 жылдан бери эриш-аркак болуп иштеп келатабыз. Кийин үй-бүлөсү менен тааныштым. Үй-бүлөсү да өзүнүн адал эмгеги менен оокат тапкан, чарбага жакын экен. Дүйшөмбү Шаяхметовичти азыр деле көргөн адам 70 жашта деп ойлобойт. Мага да жакын кишилери телефон чалып, 70 жашка толуп жатат десе таң калдым. Тамашалашып күлүп жүргөн адамыңды өзүңдүн курдашың катары көрөсүң да. Пикириң дал келген үчүн тамашалашасың. Кеп жашта эмес, кеп адамдын жүрүш-турушунда, аң-сезиминде, тарбиясында.

— Экөөңүздөр 8 жылдан бери чогуу экенсиздер. Бул аралыкта сиз менен бирге болобуз деп келген бир топ саясатчылардын арасында тескери кеткендери болду. Дүйшөмбү Шаяхметович жаңы келип таанышып, кол алышкан убадасына бек тура алдыбы?

— Мындан ары жолубуз бирге болсун деген азаматтар эч качан шарт койбойт. Дүйшөмбү Шаяхметович эч кандай шарт койгон жок. Мен эки жылга жакын чет жакта иштеп калдым. Ошол мезгилде бул киши партия төрагасынын милдетин аткарып жүрдү. Бир да маселеде пикир келишпестик жаралган жок. Себеби, биздин баалуулуктарыбыз, көз караштарыбыз бир экендигинен. Бир сөз айтпай, көз караштан түшүнүп жаткан деңгээлге жеткенден кийин адамдардын жүрөктөрүнүн да согушу бир болуп калат. Ошондуктан бул киши келген күндөн баштап ушул күнгө чейин экөөбүздүн пикирибиз ача чыккан жок. Калган кишилер эсеп менен келген. Алар биздин партиянын программасын да окуган жок, эсеби гана болду. Күчүбүздү бириктирип парламентке келсек деген максатта келишкен. Бул киши болсо чогуу ушул пландарды ишке ашырсак деген максат менен келген. Андыктан башка кишилер менен бул кишини салыштуруу таптакыр мүмкүн эмес.

— Жашы улуу киши өзүнөн кичүүлөргө акыл айтып, жол көрсөтүп турат. Дүйшөмбү Шаяхметович сизге ага катары кеңешчи боло алдыбы?

— Дүйшөмбү Шаяхметовичте ушундай кылсак болот эле, жападан жалгыз ушул жол деген сыяктуу сөздөр жок. Жөнү жок сөздөрдү сүйлөй бере турган киши эмес. Адамга акыл айтканда сөзсүз түрдө сөз менен айтпайт. Өзүнүн жүргөн-турганы, мүнөздөрү менен көрсөтүп коёт. “Акылдуу инсан айтылбаган сөздү угат, акмак айтылган сөздөн өзү каалаган сөзүн угат” деген керемет сөз бар. Бул киши менин айтпай калган сөзүмдү уга алат, ал кишинин айтпаган сөздөрүн мен уга алам го деген деңгээлге жеткенбиз деп ойлойм. Дүйшөмбү Шаяхметович улут үчүн зор эмгек кыла турган киши. Унчукпай жүргөнү менен ичи толо идея. Мен Конституция, мыйзам боюнча пикир айткан болсом, бул киши чарбанын көзүн билген инсан.

— Жаш саясатчылар сизден саясий чөйрөдө кандай жүрүүнү үйрөнсөк деп аракет кылышат. Ал эми Дүйшөмбү Шаяхметовичтен эмнени үйрөнүшүбүз керек деп ойлойсуз?

— Сабырдуулукту. Момун мусулмандыктын эң керемет касиеттеринин бири сабырдуулук. Ал кишиде сабырдуулук бар. Эч качан оюндагысын ошол замат айта салбайт. Бул кишинин оюндагысын билүү үчүн чоң кызмат кылыш керек. Шашпай, ыңгайы келген учурда гана айтат. Мен деле чарба менен чоңойгом, бирок бул кишидей болуп чарба тарабынан чоң жетишкендиктерге жетише алган жокмун. Дүйшөмбү Шаяхметович аралашкан ишинде ийгиликке жетип, ошого да ыраазы болбой, улам-улам бийиктиктерге жетүүнү максат кылат. Кээде балдарынан бул баскычы бүттү, кийинки баскычка минтип жетиш керек деп жатат деген сөздөрдү угам. Биз Кыргызстанды чогуу көп кыдырдык. Баткенге барсак, ал жактагы өзгөчөлүктөрдү көрүп “Бул тарапта мындай жасашат экен. Эмне үчүн бизде мындай жасалбайт?” деп келет. Эки айдан кийин карасаң көргөнүндөй жасайт. Кайсыл жерге барбасын сөзсүз жакшы нерселерди алып келет экен. Бул киши өзүнүн жашын деле билбейт. Жаш баладай болуп эле жакшы иштерди жасап жүрө берет. Көптөгөн кишилер, менин курагымдагылар көрөрүн көрдүк деп ишти таштап коюшса, Дүйшөмбү Шаяхметович үйрөнгөндү, окуганды токтотпойт. Ошондуктан ал кишиден жаңылык ачканды үйрөнүш керек. Жаштар да анын жасаган иштеринен тарбия алса жакшы болот. Эгерде кимдир бирөө баласы чарбаны мыкты алып кетсин десе, ушул кишиге кошуп бериши керек. Ал сөз менен үйрөтпөйт, колу менен үйрөтөт.

— Сиз дагы кээ бир учурларда чыдабай эмоцияга берилип кетесиз. Дүйшөмбү Шаяхметович менен 8 жылдан бери чогуу жүрүп сабырдуулукту үйрөнө алдыңызбы?

— Сабырдуулукту сөзсүз үйрөнүш керек. Адам жашоонун ачуу-таттуусун, оош-кыйышын канчалык көп көргөн сайын сабырдуу боло баштайт. Табиятынан оор-басырыктуу, сабырдуу болуп жаралагандар бар. Дүйшөмбү Шаяхметович табиятынан оор-басырыктуу, бир нерсени жети өлчөп эмес, 70 өлчөп кескен киши. Элдин баары Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Самара Токтакунова, Дүйшөмбү Сооронбаев боло албайт. Ошондуктан ар бир кишинин өзүнүн керемет жаратылыштан берген касиеттерине таазим этүү керек. Турмуштан алган тажрыйбасы башка. Кээде бул кишидей сабырдуу болуп унчукпай олтурам дейсиң. Бирок, чыдабай кетесиң. Заматта жарылып кеткен учурларың болот. Кээде сабырдуу болом деп сөз учурунда айтылбай калды деген учурлар да болот. Баарына үйрөнүш керек.

— Ар бир кишинин өзгөчөлүгү болот эмеспи. Маселен, сиздин өзгөчөлүгүңүз өз мезгилинде сөздү айтып калуу. Бул кишинин өзгөчөлүгү кайсыл?

— Өзгөчөлүгү, кишинин көңүлун калтырбайт. Туура эмес сөз айтылып жатса да унчукпай олтура берет. Бүткөндөн кийин сиз аксакал катарында айтып койсоңуз болот эле десең, “Айткан менен түшүнбөсө не?” деп коёт. Биз парламентте жыйын учурунда маселе жаралганда, чыга калып чырылдай берсек, Абсамат Масалиевичке сиз ушуну көрүп-билип туруп, тажрыйбаңыз жетет, айтышыңыз керек эле десек, шашпай “Кимге айтыш керек” дейт эле. Аны угуп кайра түтөйсүң да. Зал турат, депутаттар олтурат, журналисттер бар айтыш керек да десең, “Эмне максатта айтыш керек? Эгерде сиздин айтып жатканыңызга түшүнбөй олтурушса аны эмнеге айтыш керек?” дейт. Бир сөз менен айтканда түшүнбөгөн кишиге кайра-кайра айткандан эмне пайда деген философия.

— Сиз ар дайым бизге ыйман, тартип жетишпей жатат деп айтып келесиз. Ыйманга, тартипке чакырчу көч башчыларыбыз да ошондой деңгээлдеги адамдар болууга тийиш. Азыркы иштеп жаткан жаш өкмөт Дүйшөмбү Шаяхметовичке окшогон аксакалдарыбызды кеңешчи кылып алса болот болчубу?

— Эң сонун болмок. Менин да максатым ушул. Азыр эч нерсени айырмалай албай, турмуштук тажрыйбасы жок жаш балдар Өкмөттү пионерлер үйүнө айландырып алды деп айтып жатпаймынбы. Булар китеп-журналды окуп алышкандар. Турмуш деген китеп менен журналда жазылгандай эмес. Автоунаа тармагында Дүйшөмбү Шаяхметовичтин тажрыйбасын колдонсо болот деп элестетип келем. Алыс кетпейли, Бишкек шаарынын ичиндеги салынып жаткан жолдорду же болбосо Балыкчы-Корумду, Нарын-Торугарт жолдорун берип койсо бул киши 24 саат уктабай иш алып барып, ал жерден тыйын өөнөп калайын деген ойдон алыс болуп, керек болсо ал жерге өзүнүн чарбасынын тыйынын салат эле. Мен 2014-жылы биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрөбүз деп катуу чапкылап жүргөн кезде, Чолпон-Атадагы ат майдандын куруучулары “Кээ бир учурларда жакшы тамак берилбей жатат” деген сыяктуу сөздү айтып калышты. Дүйшөмбү Шаяхметовичке телефон чалсам заматта, мыкты багылган буканы машинага салып жөнөтүп, “Саат үчтө ошол жерде болот. Куруучуларга союп бериңиз” деди. Өзүңүз келбейсизби?-десем, “Жок, өзүм көрүнбөй эле коёюн” деп болбой койду. Мына жөнөкөйлүк. 20–30 бөтөлкө муздак суу алып барып берип, КТР менен ЭлТРден түшпөй жаткан кээ бирөөлөр болду. Бул киши көмөктөрдү көрсөткөнү менен анысын мактанбайт. Жыл сайын Нарындан жаш балдарды алып келип, аларга мелдештерди уюштурат. Аксакал ушул тууралуу эки ооз сөз айтып койбойсузбу? –десең, ага да макул болбойт. Жаш пионер балдар билбейби, уялбай-этпей сурашса неге болбосун?! “Сураган киши аалым, сурабаган киши заалым” дейт. Сурай турган аксакал кишилерибиз Кудайга шүгүр бар.

— Дүйшөмбү Шаяхметовичтин жан дүйнөсү айылга эле тартып турат. Бул ал кишинин айылына болгон күчтүү сүйүүсүбү же тазалыкты айылдан тапкысы келгениби?

— Айылда төрөлүп, айылда торолгон кишинин жан дүйнөсү дайыма айылга тартат. Айылдын керемети башка. Айылда адамгерчилик, тазалык, жылуулук, керемет жыт бар. Ал жытты Парижге, Нью-Йоркго барып да таба албайсың. Туура, адам тазалыкты издегенде айылды эңсейт, айылга кеткиси келет. Бул киши айылды эңсеп, ошол жакты көздөп калгандан кийин эч кандай чынжыр токтото албайт. Себеби, адам тазалыкка умтулуу менен балалыкка умтулат. Таза киши гана айылды эңсейт.

Маектешкен

Наралы Асанбаев

«Жаңы Ордо» гезити. №4 (577), 16-февраль 2018-жыл

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс