Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Исфахандагы минакари искусствосу (фото)

Исфахандагы минакари искусствосу (фото)

Минакари Иран маданиятындагы көрүнүктүү жана баалуу кол өнөрчүлүктөрдүн бири болуп эсептелинет. Минакари жасоо борбору Исфахан шаары болуп эсептелинет.

Минакари – түстүү эмалдардын металлга же керамикага уникалдуу көркөм чагылдырылышы. Бул кол-өнөрчүлүк салты Иранда мындан 5000 жыл мурда пайда болгон. Эмалдар алтын, күмүш өзгөчө жезден  жасалган идиш-буюмдарга капталат. Ага кол менен оюлар түшүрүлүп, андан соң анын үстүнө үч кат эмаль капталып, отко какталат. Идиш даяр болгон соң анын үстүнө көгүш түстөрдөгү сүрөт, оюулар түшүрүлөт, андан кийин сырлар бекемделиши үчүн кайрадан отко какталат. Минакари даярдоо өтө татаал болуп, бир нече этапка бөлүнөт жана бир эле учурда бир нече устанын иштөөсү талап кылынат.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс