Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Урматтуу мекендештер, ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

Урматтуу мекендештер, ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

Кайдыгер карабай бир карапайым мекендешибизди белгисиз коркунучтан сактап калалы. Өзгөчө жардам Москва шаарында эмгектенген мекендештерден керек болот. Москва шаарында эмгектенген 1996 жылы туулган Акрамжан уулу Икрамжанды кечээ күнү саат 16:30 дар чамасында белгисиз бирөөлөр полициябыз -деп кармап алып, акча бересиң деген. Баланын Кыргызстандагы атасына да, туугандарына да чалуу кылып, 20-40 мүнөт убакытта 300,000 миң рубль таап бересиңер -деп коркутушкан. Атасы менен баласын башында бир аз гана сүйлөштүрүп, колунан телефонду жулуп алышкан да, тез акча тап балаң керек болсо дешкен бойдон, атасы баласынын үнүн кайра уга элек экен. Чогуу жашаган жакындарына кечки саат 20:00 дөр чамасында смс келип баштаган, 300,000 срочно табасыңар -деп. Кайсыл жакта экенин, эмне себептен акча бериштери керек экенин да айтышкан эмес. Томилино деген поселокко алып кел акчаны деген. Ал тууганы дароо Москвадагы полиция отделениясына барып арыз жазган. Ошол мезгилде тигилер дагы чалып, акчаны тездетип алып кел деп башташкан. Ошол үндүү чалуулардын баарын, полициялар жаздыртып алышкан. Анан арызды, записьти, смс скриншотторун каттап, тууганы менен кошо Люберцового алып барып, факты кылып беришкен. Табылат балаңар деп жооп беришкен. Бул кадамдардын баары түнкү саат 01:30 га чейин болгон. Эми азыркы учурда ал жактагы полициялар, жок ал бала силер менен өз телефонунан кабарлаша алмак эмес, акча да сураганга мүмкүн эмес, анткени силердин бала кечээ түшкө чейин эле кармалган, камакта -деп жооп беришиптир. Полиция аралашкан кылмыштуу топтун жеми болуп калганы көрүнүп турат. Ушул маселени мамлекеттик деңгээлде кийлигишип, дыкат кароого алуу керек. Орусча жакшы сүйлөй албайт эле -деп кайгырууда жакындары. Жаш жигиттин тагдырын сындыртпашыбыз керек. Дагы башка скриншоттор бар экен, акча талап кылган.
Уланбек Жээналиев

(материал ФБдан алынды)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс