Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Көмүлгөн “иттин өлүгү” дагы кайдан чыгат?

Көмүлгөн “иттин өлүгү” дагы кайдан чыгат?

Жүлүндү сыздаткан коррупция жүгөндөлөбү?

Эгемендик алган чейрек кылымдан ашык убактан бери кыргыз өлкөсүндө коррупциянын тамыры тереңдеп кеткен. Ал тургай тунгуч президент Аскар Акаев, ошол кезде баш бакан болгон Турсунбек Чынгышевдер өздөрү -“Акмактар гана алдабайт жана жебейт”-деп элди козутушкан. Андан кийинкилер деле бул “илдетти” ооздуктай алышкан эмес. Болгону Алмазбек Атамбаев гана коррупциянын алкымына кылкан боло алганын төгүндөөгө болбостур? Айрыкча Кубанычбек Кулматовду бажылыкка башчы кылганда –“Бул деген Атамбаевдин көздөй кадры да, тапкан экен азыркылар таза кишини”-дешип араң тургандар мурдун чүйрүп, добулбас кагышкан.

Дайыма берекелүү тармактын кожоюну болуп жүргөн Кубанычбек Кулматовдун бажынын башчылыгына келүүсү көбүнүн тынчын кетиргенин билебиз. Көрсө канча ийсе да чексиз кете берген капчыкты колдон алдырып жиберишкендер ичи күйүп ушундай имиштерди басма сөз куралдары аркылуу чуулдатууга кызыктар болгону байкалып калды. Деги ким эле алдындагы куюлган ысык тамагын бөлөк бирөөгө алдыргысы келсин? Акчанын жыты жыттанган жерде сөзсүз ар кандай тирешүүлөр болорун неге көз жаздымда калтырмак элек? Негизи байлыктын этегине башын катууга маашырлангандар ал акырынан ажыраса өмүрү жалп өчө тургандай күйпөлөктөй беришерин кантип танабыз? Анткени ошол кызыл кекиртектин айынан нечендердин тагдыры талкаланбады беле?

Бажынын жетекчиси болуп экинчи ирет келген К. Кулматовдун алгачкы айдагы эле секириги мамлекеттин капчыгын кыйла семиртиптир. Маселен Ош бажы тармагына күнүнө 15 миллион сом түшүп жатканы эмнени каңкуулайт? Мурда мунун жарымын толтуралбай нары карап ыйлап жатып казынага эптеп эки миллион сомду араң төгүшкөнүн көбү билбесе керек? Баштагыдан түштүк бажысынын күнүмкү тапканы он эсеге көбөйгөнү чоң утук эмеспи? Ал эми бир жарым айдагы чогултулган каражат 2,8 миллиард сомду чапчыганы жетишкендик эмей эмне? Негизи келечекте өлкө бажысынын мурдагы кейпи оң жагына өзгөрөөрү ачык байкалып калды. Ар кандай түстө айтылган укмуш кептердин жүзү аныкталганынан коомчулукта жылуу илеп аралады.

Ишти ушуну менен токтотпой арбытуу керектигин баса белгилеген Сапар Исаков бажы тармагынын жетекчисине айбаттуу тапшырмаларды берди. Эмнеси болсо да алгачкы карлыгачтар асманга учуп чыкты. Эми ошол түшкөн каражатты өтө муктаж болгон тармактарга салуу кажет. Ал эми басылмаларды тескери тарапка айдактаган эргулдар эми кантишер экен? Чын эле Кубанычбек Кудайдын чүчкүрүгүнөн жаралган окшобойбу? Эми накта өзүнүн ордун тапкан шекилди. Жакын арада дагы кайсыл тармактардын былыгы чыгар экен? Акыйкатында көмүлгөн “иттин өлүгүн” табууга карата аракеттердин чечкиндүү көрүлө баштаганы кээ бир күркүлдөрдүн түн уйкусун бузуп жаткан жокпу?

Ж. Улукшер

«Ачык сөз» гезити. №03 (104), 8-февраль 2018-жыл

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс