• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ТВЕА’ компаниясы МАКАОдо 30 депутатты эс алдырып келген экен

Автор:ruh_admin

Фев 1, 2018

БАРЫП ЭС АЛЫП КЕЛГЕН 30 депуттын АТЫ трибунадан аталсын.

И.Масалиев:

Коомчулукта ЖЭБдеги шалаакылык боюнча айрым гана жетекчилерди эмес, Сапар Исаков баштаган өкмөттү толук кызматтан кетирүү жөнүндө сунуштар түшүп жатат. Анткен менен Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев өкмөт менен кошо парламенттин да жоопкерчилигин эске салат. Анын айтымында, ЖЭБди жаңылоо боюнча келишим каралаарда TBEA компаниясы 30 депутатты Кытайга эс алдырып келген
​- Келишим түзүп, долбоорду бекитип жатканда депутаттарды эки жолу экиге бөлүп Кытайга эс алдырып келишкен. Менин билишим боюнча, кытайлар «компаниянын иши менен тааныштырабыз» деп алып барган. Бирок депутаттар Макао деген эс алуучу жерге барышкан. Мен анда Салык кызматын жетектеп тургам. Мен ошондо айрым депутаттарды «Макаого баргыча компаниянын иши менен таанышсаңар болмок» деп урушкам. Алар болсо «эс алып келдик» дешкен.
#Система алмашмайын өзгөрүү болбойт…

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс