• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Маршрутка менен жүргөн депутат

Автор:ruh_admin

Фев 1, 2018

Мухтар Айнакулов байке менен СДПКнын башкы штабында иштеп жүргөнүмдө таанышкам. Ал учурда Мукем СДПКнын Чүй облусу боюнча координатору эле. Чүйдүн тыңчыкмалары да бардык кыргыздардай эле ынтымагы жок. Бирин бири жамандап келе беришчү. Чүйлүктөр Чүйдүн күн чыгыш зонасы, күн батыш зонасы, анан уруу-уруу болуп ич ара такай тирешип турушат. Мен алардын айткандарын угуп отуруп, кимисине ишенеримди билбей башым катчу. Ошонун энесин урайын деп эле гүпүлдөшүп, ич ара ызы-чуу болуп жүрө беришчү. Чүйдүн орус мүнөз кыргыздарына таандык шарт этип бетке бир чапма мүнөз бардыгында бар.
Ошолордун башын кошуп, мушташчусу менен мушташып, чай иччүсү менен чай ичип, алдачусун алдап, сабачусун сабап кармап турган ушул Мухтар байке болчу. Мукем чыгармачыл инсан экен. Мен да анча-мынча чымыны бар киши. Эки апенди жакшы сүйлөшүп, жакындан сырдашчубуз.
“Атамбаевдин жанында 2000-жылдан бери жүрөм. Ысыгына күйдүм. Суугуна тоңдум. Менде чоң проблема бар. Нуке, бир душераздирающий кайрылуу жазып берчи. Сага кенен айтып берем бир күнү деп жүрдү. Бирок ал жан кейиткен кайрылууну айтып бергенге Мукемде убакыт, чама-чарк болбоду.
Беш жылдан бери көрө элек болчумун Мухтар байкени. Кечээ Ак Үйдүн алдынан жолуктук кокусунан. — Какие люди без охраны! Шаршеновичтин эң жакын досу дагы деле көчөдө жүрөбү деп тамашаласам, мына Ак Үйдөмүн деп Ак Үй жакка кол жаңсайт. Жогорку Кеңештин депутатымын дейт.
Көрсө, Мухтар байке 2015-жылкы парламенттик шайлоодо СДПК партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп келиптир.
“Бюждетти оптималдаштырабыз деп Жогорку Кеңеш депутаттары кызматтык унаадан баш тартканбыз. Үйдөн Ак Үйгө түптүз 225-маршрут келет. Ошону менен келе берем. Шашылыш болуп калса, таксиге чыга калам. 100 сом алат. Азыр да үйгө шашып баратам. Тиги жерден постоянный таксисттерим бар”, — деп шашып баратыптыр.
Мукем өзү Бүткүл Союздук Киноматографтар институтунда, анан ГИТИСте актерлук кесиби боюнча билим алган. Ысык-Көл театрында актер, режиссер катары эмгек жолун баштап, кийин ишкерлик менен чыгармачылыкты, андан соң саясий ишмердикти чогуу алып жүргөн.
Ичи-тышы бирдей, ак көңүл киши.
Аялы эки жыл катуу ооруп, быйыл каза болуптур. “Бойго жеткен уул-кызым калды. Бизде азыр эң оор күндөр. Жеңеңдин орду жоктолуп, үйүбүз жетимсиреп калды. Кызым фортепианодон муңдуу бир музыканы ойнойт. Апасын сагынат, ыйлайт. Апасынын кийимдерин жыттап, сылап, эч кимге бербейм дейт. Азыр терең депрессияда. Кызымдын жанында болоюн деп, колум бошосо эле үйгө шашам”, — дейт Мукем.
Мухтар байкеге көңүл айттым. Бул күндөр да өтөт, акырындап унутулат. Убакыт керек. Уул-кызыңыз жакшы ойлорду ойлонуп, жакшы адамдар менен чогуу болсун деп акылым жетишинче акыл-насаат айттым.
Бир күнү кел, сүйлөшөбүз деп алаканымды бек кыса, режиссер депутат такси токтотмо тарапка шашкан бойдон кетти.
Коомубуз бай-кедей болуп биротоло бөлүнүп, бийликте байлар гана болуусу керек деген стереотип калыптанып калды. Маршрутка менен жумушка каттаган Мухтар байке ошол стереотипти бузуптур. Бийликтен элге жакын болууну, жупунулукту талап кылып келебиз. Талап кылгандардын өзү деле канчалык элге жакындыгын бир кудай билет.

Жакында Жаратканга кеткен жан жолдошунун күйүтү көкүрөгүн өрттөп, анын жыты калган үйүнө шашкан, муңдуу музыка чалып, апасын жоктогон жалгыз кызына эш болмокко ашыгып бараткан жерге жакын, элге жакын депутат агага сый-урматым артып, жүрөгүм элжиреп кала бердим.

Нургазы Мусаев.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс